Рита Карасартова, укук коргоочу: “МЕНИН ООЗУМДУ ЖАБУУ МҮМКҮН ЭМЕС”

Каарманым укук коргоочу Рита Карасартова чуулгандуу Кемпир-Абад иши боюнча 8 ай абакта отуруп, жакында үй камагына чыгарылды. Биз маек алчу күнү укук коргоочуга тагылган айып боюнча кезектеги сот жыйыны өтүп жаткан, тыныгуу учурунда бизге маек берүүгө жетишти. “Бийликтин куугунтугун көп эле көрдүм. Атамбаевдин бийлиги бизди соттотуп, миллиондогон суммага айыпка жыкса, Жапаровдун бийлиги абакка камады. Бирок андан сынып же чөгүп кеткен жокмун”,- дейт маектешим.

– Рита айым, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 1-2 укук коргоочуга байланышканыбызда “бизди ооз ачпагыла дешти” деп чочулап, маек берүүдөн баш тартышты эле. Сиз макул болдуңуз, андай чочулоо жок сыягы?

– Чынын айтайын, мен негизи кичине “хулигандык” кылып жиберем. Чындыкты айта турган жерден айта албай калсам үйгө барганда өзүмдү абдан жемелейм. Камалганга чейин жогору жактагыларга жакпаган сындарды айтып, парламент, өкмөттө өткөн жыйындарда катуу сүйлөп койгом. Ошого аябай жинденишсе керек. Мен үчүн “өх, айтчумду айтып алдым, жарандык милдетимди аткардым” деп тынч уктоо маанилүү. Канчалык кысым, куугунтук көрбөйүн менин оозумду жабуу мүмкүн эмес.

– Кемпир-Абад иши боюнча кылмышка шектелген айымдардын баары быйыл апрелде үй камагына чыгарылып, сиз жалгыз абакта калдыңыз эле, ошондо ызаландыңызбы?

– Жок, ызаланган жокмун. Тескерисинче, ошол айымдардын камалганы үчүн өзүмдү күнөөкөр сезип жүрдүм. Анткени баарын Кемпир-Абад боюнча жыйынга мен чакырган элем. “Кемпир-Абад кетип жатат, келип бергиле. Келбей эле көргүлөчү” деп кекетип жатып келтиргем да аларды. Кылмыш ишинин алкагында кимдин канчалык ролу бар деп анализдейт да, биздин иште болсо жыйынга катышкандардын баарын четинен камап салышпадыбы. Ошондо “кайдан чакыра калдым эле” деп өзүмдү жей баштадым. Чыдабай президентке “бул айымдардын күнөөсү жок, кармасаңар мени кармагыла, тигилерди коё бергиле” деп кат да жаздым. Ошондон көп өтпөй бардык айымдар үй камагына чыгарылышты. Кадимкидей жеңилдей түштүм. 16 эркек менен абакта калдым (күлүп). Азыр баары билет “Бийликти басып алууга, башаламандык уюштурууга аракет кылган” деген берене азыр “дежурный” берене болуп калды. Азыркы бийликти сындагандардын баарын ушул берене менен камап жатканы жаңылык эмес. Биздин иш тарыхта калат, мезгили келгенде тарых туура баасын берет.

– Буга чейинки бийликтерге да сын айтып келгенсиз. Оппозицияда жүргөндөн тажаган жоксузбу?

– Тажасаң анда өлүшүң керек да. Бул өзүм тандаган жол, канчалык кыйын, татаал болбосун жүгүн көтөрүүгө даярмын. Бизде бейөкмөт уюмдарга карата “батышчыл”, “чыккынчы”, “бузуку” деген эски түшүнүктөрдү сиңирип коюшкан. Өлкө экологиясына пайдалуу долбоорлорду жазып, гендердик саясат боюнча жакшы иштерди кылып жаткан бейөкмөт уюмдар толтура. Ал эми биз адам укугуна байланышкан адилетсиздиктерди териштирүү үчүн прокурор, милиция, мыйзам чыгарган органдар менен салгылашып жатып эле саясатка аралашып калып жатпайбызбы. Мына, Жогорку Кеңеш “чет өлкөлүк тыңчы” тууралуу мыйзам даярдап жатат. Тыңчы экенин кантип аныктайбыз десе, “чет өлкөдөн акча алгандар, анан саясатка кийлигишкендер тыңчы болушат” деп жатышат. Бийлик органдарынын айынан адам укуктары тебеленип жатса кантип кийлигишпейсиң? Укук өзүнөн өзү корголбойт, сөзсүз күрөш керек. Кыргызстан акырындык менен жабык өлкөгө айланып баратат. Мурун бирөөнүн укугу бузулса пикет, митинг кылып коргоп алчу элек. Азыр “койчу, пикетке чыгып башыма балээ үйбөйүн” деген кайдыгер коомдун пайдубалы түптөлүп келе жатат. Минтип кете берсек, өз оюбузду эркин айтуудан корккон деңгээлге бат эле жетебиз.

– Абактагы 8 ай кантип өттү?

– Аянты 27 чарчы метрлик камерада 10 аял отурат экен, аябай тар. Күндө 1 саатка сейилдөөгө чыгасың, ал жери деле тар, асман эле көрүнүп турганы болбосо. Ошол төрт дубал эле жүрөгүңдү кыспаса, калган жашоо кадимкидей эле өтүп жатты. Жанымда 70 жаштагы укук коргоочу Асия Сасыкпаева отурду. “70теги аял отурганда мен эмнеге кыйналышым керек” деп чыйралдым, өзүмдү кармадым. Абийирибиз таза, “кылмыш кылып койдук” деген сезим жок, ошол үчүн да жеңил болду окшойт. Ал жерде отургандар кеңеш сурашып, абакта деле укук коргоочулук ишимди улантып жаттым. Ооба, кээде аялдык алсыздыкка алдырып ыйлаган учурларым болду. Негизи, мындайда деле ичтеги бугумду ыйлап чыгарып алмайым бар.

– Кандай ойлойсуз, биздин коом кээде эркиндикти аша чаап колдонуп жаткан жокпу? Мисалы, президентти баш кылып шылдыңдап, сөгүп, адамдын жекелигине асылып кемсинтүү канчалык туура?

– Эми эл адамы өйдө-ылдый айтылган кептерди көтөрө билиши керек. Эл адамы болууну тандадыңбы, анда ачуу сындарга даяр бол. Мени деле “лесбиянка”, “мунун 5 кабат үйү бар” деп жазышат фейктер. Мени кармаганы келгенде “чын эле ушул үйдө жашайбы” деп милиция кызматкерлери деле таң калган болуш керек.

– Популярдуу “даканса” деген терминди сиз кандай чечмелейт элеңиз?

– Өзүм Ысык-Көлдөн болом, туугандарымдын көбү “дакансалар”. “Жолдор оңдолуп жатат, карачы Каракол шаары кандай сонун болуп калды” деп мактанышат. Аларды деле түшүнөм. Президенттин ишмердүүлүгүн өздөрүнүн сызгычы менен ченеп жатышат да. “Эжеке, иштеп жатат го. Кичине коё турсаңар Асман шаары курулат, тынч отуруп турсаңар болбойбу” деп өзүнөн башканы уккулары жок. Алардын оюн өзгөртө албайсың, абалды талдаганга дарамети жетпейт. Жаш баладай ишенчээк, ашкере фанат адамдарды “дакансалар” деп түшүнөм.

– Аял катары бактылуусузбу? Балдарыңыз сиздин ишмердүүлүгүңүзгө кандай карашат?

– 3 балам бар. Улуу балам 28, кызым 24, кичүү уулум 16 жашта. Абакта отурганымда муңайбай, сыр бербей жашап жатышты. Апасынын күрөшчүл экенин билишет жана дайыма колдоп келишет. Жолдошум мындан 5 жыл мурун каза болуп калган. Балдарым абдан түшүнүктүү “апа, сиз жашсыз, жеке жашооңузду бууп салбаңыз” деп ачыгын эле айтышат. Жолдошум жарыктык мени аябай колдочу, саясатчы болбосо да “Кыргызстанга кошкон салымым - Карасартованы чектебей, алга деп сүрөп турганым” деп күлүп калчу. Биринчи сынчым эле. “Ай, Рита, ток этер жерин айт, сүйлөсөң чындыкты сүйлө, болбосо жөн эле телевизорго чыга берүүнүн кажети жок” дей берчү. Кээде жолдошумдун “бүгүн сонун сүйлөдүң” деген сөзүн угуш үчүн да ачык-айкын сүйлөйт элем. Балдарыма “атаңардай болуп “давай, Рита, сен кыйынсың, баары колуңдан келет деп колдоп турган бирөө көз кысса дароо алып качып келем” деп тамашалап калам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан