ГЕНДЕР ПАТИ – жыныска басым жасалган жорукпу?

Аш көп болсо, каада көп... Мурда кыргыздын түшүнө да кирбеген айрым жорук-жосундар азыр модада. Алардын бири – гендер пати. Курсактагы баланын жынысын укмуш шаан-шөкөт менен коомчулукка жарыялап, сюрприз учурунда уул же кыз экенин билген ата-эне ыйлаганга чейин барат... Муну кээ бири обу жоктук дешет. Айрымдар үчүн бул нормалдуу эле көрүнүш. Эсте каларлык эмоция тартуулаган позитивдүү окуянын эч зыяны жок дешет.

Качан пайда болгон?

Бул идеянын башаты америкалык Женна Карвунидис аттуу айымга таандык деп айтылат. Ал 2008-жылы атайын кече уюштуруп, кыз төрөй турганын жакындарына күлгүн түстүү креми бар торт кесип берүү аркылуу билдирген. Бул окуя кызыгуу жаратып, бара-бара жөнөкөй жарандар, жылдыздар да ушундай өңүттө кечелерди уюштурууну модага айлантышкан. Ал эми гендер пати термини 2010-жылы расмий түрдө каттоого алынып, 10 жыл ичинде бүтүндөй дүйнөгө тарады.

Максаты эмне?

Албетте, бул иш-чара жакшы ниетте өткөрүлөт. Ата-эне же алардын жакындары бул жөрөлгөнү маанилүү окуя катары өзгөчө кабыл алышат. Эң башкысы – ата-эне, ымыркай күткөн адамдар кубанычтуу, унутулгус көз ирмемдерди баштан өткөрүү үчүн чогулушат.

Кантип уюштурулат?

УЗИден ымыркайдын жынысын айтпай конвертке катып беришет, же болочок ата-эненин курбу-досторуна айтышат. Уюштуруучулар же ата-эне бир ыкманы тандайт: гендер пати торт-таттуулар, шар, фейерверк, тик учак же унаадан чыккан күлгүн же көк түстүү түтүн жана башкалар менен болушу мүмкүн. Мисалы, фейерверк аттырганда андан көк түстүү түтүн чыкса – демек, курсактагы бала уул деген сюрприз. Кече оюн-зооктор менен да коштолушу ыктымал. Бири-бирине атаандашып же өзгөчөлөнүү үчүн адамдар ар кандай ыкмаларды ойлоп таап, абдан көп акча короткон учурлар кездешет.

Жагымсыз окуялар

Бул жосунга байланышкан да жагымсыз окуялар бар. Мисалы, кыз же тескерисинче, уул күткөн ата гендер патиде ою оңунан чыкпай калганы үчүн чаң-тополоң салган окуялар кездешет. Атүгүл адам өлүмү менен аяктаган кырсыктар бар экени ЖМКларда айтылып, жазылып жүрөт. Мисалы, быйыл сентябрь айында Мексикада учак – ымыркайдын жынысын күтүп жаткан адамдарга жакындаганда күлгүн түтүндү чыгарып, бирок кайра абага көтөрүлө албай жерге кулап түшкөн. Бул кырсыктан 1 учкуч каза тапты. 2019-жылы да АКШнын Техас штатында талаага түстүү түтүн чачып кетмекчи болгон учак кыйраган. 2017-жылы АКШда фейерверк менен гендер пати уюштурууда талаа өрттөнүп кеткен. Токойдун, автоунаалардын өрттөнүп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Кыргызстанда андай окуялар катталган эмес.

“Жынысына басым жасалууда”

2019-жылы Женна Карвунидис бул майрамга карата мамилени өзгөртүү керектигин айтып чыккан. Ал баланын ден соолугу, таланты экинчи планда калып, жынысына басым жасалып жатканына кабатырлана турганын ачыктады. Бул андай кечелерди токтотуунун биринчи себеби болсо, экинчи себеби – кырсыктардын орун алышы эле. Учактын кулашы, токойдун өрттөнүшү сыяктуу окуяларда Карвунидис өзүн кайсы бир деңгээлде күнөөлүү сезген.

Ызаткан Айдарова, психолог: “Гендер пати өткөрбөй эле коюшса...”

– Баланы бойго бүткөнгө чейин уул же кыз болсо деп Жараткандан тилеп, бойго бүткөн соң Кудай берген баланы – жынысы кандай болбосун кабыл алам деген жакшы. Анткени ата-эне баланын жашоосуна түйүлдүк кезинен тартып эле себепкер болобуз. Атап айтсак, ата-эне кыз күтсө кыздын энергетикасы, уул күтсө уулдун энергетикасы түйүлдүккө өтөт. Уул же кызды күтүп, аягында ата-эненин күткөнүндөй чыкпай калганы – бул эң жаманы. Бала өзүнүн жынысын кабыл албай көпкө чайналат, келечегине, үй-бүлөлүк жашоосуна да тескери таасирин берет, өз максаттарына жете албай түйшүк тартат. Мисалы, кызды күтүп, ордуна уул төрөлсө ал бала назик, коркок болуп калат, жадакалса жыныстык ооруларга да туш болушу мүмкүн. Кыз же уул болуп калганын атасы же апасы кабыл албай жашаса бул мамилеге бала таарынат. Эгер атасына таарынып жашаса каржы булагы буулат. Мына ушундай көптөгөн көйгөйлөр бар. Ошондуктан гендер пати өткөрбөй эле коюшса дейт элем.

Абдыкерим Муратов, педагогика илимдеринин доктору: “Мындай жосун кыргыз салтына туура келбейт”

– Кыргыздар курсактагы баланын уул же кыз экенин алдын ала эле билишкен. Мисалы, аялдын талгагына, курсагынын оң жак, сол жак абалына, же аялдын жатканына карап эркек же кыз экенин болжолдошкон. Үйдөгү баланын ойногонуна карап да “уул же кыз чакырып жатат” деп ишенишкен. Муну ички туюм менен эле билишип, бирөөлөргө жарыялап айткан эмес, аман-эсен төрөлүшүн күткөн. Анткени бул балага төрөлө электе ат койбоо, кийим албай туруу деген сыяктуу ишенимдин бири болгон. Учурда жынысын УЗИден билип алышып, уул же кыз төрөлөт деп майрамдап, кече уюштурушканда чыр чыккан учурлар болот. Же баланын жынысы УЗИден көрсөткөндөй болбой калган окуялар кездешет, анан төрөт үйүнөн баланы алмаштырып коюшту дегенге чейин барышат. Айрыкча белгилүү жылдыздардын ушул сыяктуу батыштан келген жөрөлгөлөрдү жайылтып жатканы жакшы эмес. Аялы төрөгөндөн кийин унаасына “кызым үчүн рахмат”, “уулум үчүн рахмат” деп жазып алгандар бар, булар кыргыз салттарына, элдик педагогикасына такыр туура келбейт.

Актан Рыскелдиев, шоумен: “Гендер пати уюштуруу ар бир адамдын өзүнүн иши”

– Биз 2 уулубузду УЗИден эле билгенбиз, үчүнчүсүндө гендер пати өткөрүп, ал да уул экенин билип, уулга алдын ала даярдандык. Төртүнчүсү кыз болду, кыз болоруна анча даяр эмес элек, ошого аябай сүйүнгөнүбүз видеодо көрүнүп турат, эң сонун эмоция тартуулады. Жубайым экөөбүз буга чейин балдарыбыздын жынысына маани берген эмеспиз, эң башкысы дени сак болушун тиленгенбиз.

Ал эми гендер пати уюштуруу ар бир адамдын өзүнүн иши, тандоосу, каалоосу. Кээ бир жынысы күткөнүндөй чыкпай, кабыл албаган, эркектердин аялын сабаган учурлар бар. Мындайлар куру намыска алдыргандар. Баланын жынысы Кудайдан, анан түздөн-түз эркектерден көз каранды да, эркек кандай урук таштаса ошондой бала болот. Ушуну мээге сиңирсек ата кызга да, уулга да даяр болот. Кыз күтүп алып эркек төрөлсө эркек сымал болуп калат, же тескерисинче айтылган пикирлерге кошулбайм. Биринчиден, азыр УЗИлер жаңылышпайт, таптак айтат, түстүү видео-сүрөтүнөн бери чыгарып берет. Экинчиден, баланын келечеги үй-бүлөдөгү тарбиядан, ага берилген сүйүү, мээрим, ишенимден, атасы менен апасынын мамилесинен көз каранды.

Анан батыштан келген деп сындаардан мурун, байкап көрсөк, бардык нерсебиз батыштан келип жатпайбы – кийген кийим, колдонгон телефон, машина, көргөн кино, баары. Ушундай нерсеге келгенде эле батыштан келген нерсе, муну туурабай эле койсок деп баштайбыз. Батыштын пайдалуу жактарын сиңирсек эмнеге болбосун?

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан