Авазбек Аманбеков, спортчу: “СЕНДЕН КОЛО ЭМЕС, АЛТЫН МЕДАЛЬ КҮТТҮК ЭЛЕ ДЕГЕНДЕР БОЛУУДА”

Алтын, күмүш, коло... Медалдардын “авторитети” айырмаланып турганы менен, бул 3 медалдын тең артында бирдей эле мээнет, машыгуу жана үмүттөр жатат. XIX Азия оюндарында ушу-саньда боюнча Кыргыз тарыхында алгачкы жолу коло медаль уткан Авазбек Аманбековду, дагы бир коло байгени Кыргыз капчыгына салган балбан Темирлан Аманкуловду кепке тарттык.

– Авазбек мырза, жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Ушу-саньда боюнча Азия оюндарынан Кыргыз тарыхында алгачкы коло байгени капчыкка салдыңыз, сезимдер кандай болуп жатат?

– Рахмат, саламатсыздарбы? Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарынан ушу-саньда боюнча алгачкы медалды алуу буюрду. Бирок, тилекке каршы, алтын да, күмүш да болбой калды. Эми коло байге деле жаман дебейм, бул үчүн дагы Кудайга чексиз шүгүр келтирем. 2018-жылы алгач ирет ушу-саньда боюнча Азия оюндарына баргам. Бирок байгелүү орунга илешкен эмесмин, мен эле эмес, курама командадан да эч ким медалга илинбей, баарыбыз көңүлүбүз чөгүп келгенбиз. Бул ирет Кудайга шүгүр, бир эмес, 2 медаль менен кайттык.

– Тарыхый медаль деп баса белгиленип жатат. Өлкөдө ушу-саньда өнүгүп жатат деп айта аласызбы?

– Эки медаль тең коло болсо дагы, кыргыз ушу-саньдасы үчүн бул өтө чоң жетишкендик. Анткени Азия оюндарынан тарыхыбыздагы алгачкы медалды алып келип отурабыз. 2015-жылы дагы ушу-саньда боюнча Дүйнө чемпиондугунан тарыхый медалды Кубан Абдураимов экөөбүз алып келгенбиз. Негизи Кыргызстанда 1990-жылдардан тартып ушу-саньда менен машыгып келишет. Өзүмдүн жеке машыктыруучум Маралбек Давлеткулов агайым дагы ушу-саньда менен машыгып бир катар дүйнө, азиялык мелдештерге катышып келген. Бирок ошол убакыттардан бери чоң мелдештерде медаль болгон эмес. «Эмнеге коло? Сенден алтын күткөнбүз. Коло алганыңарга да кубанасыңарбы» дегендер да болуп жатат. Спорттогу негизги багытым кикбоксингден коло алсам, өзүм деле ага канааттанмак эмесмин. Бул ушу-саньда болгону үчүн жетишкендигибизге канааттанып жатабыз. Биз адатта ушу-саньда менен дайыма машыкпайбыз. Ушу-саньда Олимпиадалык оюндардын катарында жок да. Азия оюндары ушу-саньда үчүн чоң мелдеш десек болот.

– Коло медалдын артында да чоң эмгек жатат дегендей...

– Туура айтасыз, башка мелдештерге салыштырмалуу ушул жеңиш үчүн деле жол аябай кыйын болду. Салмак кууп өтө катаал диета кармап, катаал спорттук режимди сактап, өтө оор машыгууларды өткөрдүк. Жуманын бир күнү да эс албай, эки ай күчөтүлгөн тартипте ушундай бир жоопкерчилик менен машыктым. Адатта биз жуманын бир күнү толук түрдө эс алабыз, бул ирет бир жыйынтык көрсөтөйүн, медаль менен келейин деген изги каалоом мага эс алганга жол берген жок. Өтө оору салмак таштоо болду, адатта мен 60 килограмм салмак ченинде күрөшчүмүн, бул ирет 56 килограмм салмак ченинде чыктым. Мелдешке аз калганда дагы акыркы граммдарды түшүрүү кыйын болуп жатты. Өзү салмак таштаганда ошол салмакка кириш, аны менен жүрүш дагы кыйын, чоң эмгекти талап кылат. Тоё тамак жегенди айтпай эле коёюн, суусасаң суу иче албайсың.

– Чет өлкөгө мелдештерге чыгарда көп учурда каржылык абал маселе жаратат эмеспи. Бул ирет сиздерде кандай болду?

– Негизи каржы маселеси дайыма чоң көйгөй жаратат. Бул ирет команданын жарымынын барган-келген каражатын мамлекет каржылап берди. Жарымын өзүбүз издедик. Жол киреден башка дагы витамин, дары-дармек деген сыяктуу керектөөлөр бар да, ал жагын өзүбүз эптештиребиз. Мамлекеттин жол киребизди чыгарып бергенине да шүгүр деп барып келдик. Жетишкендиктер дагы да жакшы болсо көңүл бөлүү жакшырат деген ойдобуз.

– Ийгиликтериңиз көп болсун, анда сизге эркин микрофон.

– Баарына ыраазычылык билдирем.

Темирлан Аманкулов, спортчу: «БУТУМДУН ЖАРАКАТЫНА КАРАБАЙ МЕЛДЕШКЕ КАТЫШТЫМ»

Каарман тууралуу:

Аты-жөнү – Темирлан Аманкулов

Туулган жылы – 2003-жыл, 27-август

Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу району, Эркин айылы

Бою – 178 сантиметр

Салмагы – 75 килограмм

Машыктыруучусу – Тагайбек Өмүржанов, Рашит Аманкулов

Жетишкендиктери – Азия оюндарынын коло медалчысы, ушу-саньда боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, кикбоксинг жана ушу-саньда боюнча бир катар эл аралык мелдештин жеңүүчүсү

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Салам, Темирлан, жеңиш кут болсун! Азия оюндарынан коло байге алдың, мелдеш кандай кыйынчылыктар менен коштолду?

– Кыйынчылык алгач эле салмактан башталды. 25-августтан тартып Ысык-Көлдө Тамчыда сбор өткөрүп, салмактарды көзөмөлдөөнү баштадык. Диета кармап, режим сактап машыгып бир кыйла кыйналдым. Диетанын режимине араң түштүм. Эң оор жери Азия оюндарына жөнөөр алдында машыгуудан тиземди оорутуп алып, аксап калдым. Ооруканага барып көрсөтүп жүрдүм, үйдөгүлөр сарсанаа болбосун деп жакшы, ооруган жок деп коём. Ушул нерсе дагы мени кыжалат кылып мелдешке болгон маанайымды бузуп жиберди. Ушуга жеңилип отуруп калбайын деп тобокелдик кылып, мазь, дарылардын, укалоочулардын жардамы менен мелдешке катышып келдим.

– Жаракат менен килемге чыгуунун өзү чоң тобокелдик да...

– Негизи эле ар бир мелдеште алгачкы айлампадагы беттеш оор болот. Биринчи беттешиңди жакшы өткөрүп алсаң кадимкидей экинчи демиң ачылат. Алгач мен монголиялык спортчу менен уруштум. Мелдештин башында эле ал упайларды алып койду. Мен дагы аны кууп жетейин дедим, бирок, тескерисинче, утулуп жаттым.Ошол учурда көз алдыма көп нерсе тартылды. Агайдын аракет кыл, бир аз эле калды деген үнү да угулуп жатты. Бутум дагы оорутуп жатат. Ушинтип эле утулуп каламбы деп чымыркандым дагы, 2-бөлүктө атаандашымды утуп алдым. Эми баары Жараткандын колунда экен. Бирок бутум жакшы болгондо мындан дагы жакшы урушат белем деп ойлоп калдым. Эң оор салмак биздики болгондуктан атаандаштар азыраак болду. Биринчи айлампаны утуп эле жарым финалга чыктым. Негизи башынан эле мээнетимди кыла берейин, Жараткан ооматын берет деп ниет кылгам. Жакындарым, машыктыруучуларым, командалаштар, баары мага ишеним көрсөтүштү, сенин колуңдан келет, ийгилик жарата аласың деп дем берип турушту. Азия оюндарынын коло байгесине ээ болуу – бул мен үчүн азырынча чоң жетишкендик. Бул жерде өзүмдү дагы сынап көрдүм.

– Өзүмдү сынадым деп жатасың, канча убакыт болду бул спортко келгениңе?

– Бул спортко келгениме 2 жыл болду. 2021-жылдан бери алектенип келе жатам. Бул спорт мага жалпы байланышта ишке ашырылганы менен, жакты. Мында колуң, бутуң иштейт жана күрөшсөң дагы болот. Мен каалагандай спорт экен. Көңүлүмө жакканы үчүнбү дароо киришип, бат эле үйрөнүп кеттим. 2021-жылы Ачык Кыргызстан деген эл аралык чоң турнир болгон. Ошондо биринчи жолу ушу-саньда боюнча мелдешке чыгып биринчи беттешимди да, финалдык беттешти да накаут менен жеңгем. Ошол жерден агайдын көзүнө урундум, мени дароо улуттук курамга чакырды. Ошондон бери улуттук курамда мелдештерге катышып келе жатам.

– Ийгиликтүү мелдештер көп болсун анда!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан