Бакыт Сейталиев, ырчы, обончу: “АК ШООЛАНЫН ЫРЫН” САМАРА КАРИМОВАГА АКЫНДЫН КАДЫРЫ ҮЧҮН БЕРГЕМ”

Ырчы, обончу Бакыт Сейталиевди тааныштырабыз. “Ырларымды сурагандын баарына эле бере бербейм, анткени аткаруучулар ырды автор сезгенчелик сезе алышпайт”,- дейт ал.

Туулган жери Талас облусу, Айтматов району, Чоң Кара-Буура айылы

Туулган жылы – 1993-жыл, 20-октябрь

Билими –Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык өнөр бөлүмүн аяктаган

Ырлары – “Ак шооланын ыры”, “Эч качан өкүнбө”, “Таарынтпайм сени экинчи”, “Жашайлы сүйүү менен”, “Жаңылып сүйүп алыпмын” жана башка

Үй-бүлөлүү,3 баланын атасы

– Бакыт мырза, кандайсыз? Учурда Таласта жашайсызбы?

– Жакында Айтматов райондук маданият үйүнө солист катары ишке кирдим. Андан тышкары, дыйканчылык менен алектенип, убактымдын көбүн үй-бүлөм, чыгармачылыгым менен өткөрөм.

– Актёрдукка окуган экенсиз, эмне үчүн кесибиңиз боюнча иштеген жоксуз?

– Актёрдукту ийгиликтүү аяктадым, бирок ал кесипти аркалаган жокмун. 3-курста алгачкы обондорум жаралып, ошол нерсени кармап калыш үчүн обончулукка ооп кеттим. Ар бир чыгарма балаңдай болуп калат деген чын. Ата-эне балалуу болгондо кандай сүйүнсө, чыгармачыл адам жоктон бар кылып жаңы чыгарма жаратканда дал ошондой кубанат. Ал кубаныч сени 1-2 күн уктатпайт. Балаңды кастарлап чоңойткондой эле, ырды да көкүрөгүңдө бышырып багасың. Элдин жүрөгүнөн орун алса, жакшы сөзгө арзыса экен дейсиң. “Чыгарма кантип жаралат?” деп сурагандарга кантип жараларын айтып берсем, “түйшүктүн баары силерде турбайбы. Силер жаратып койгон обонду аткаруучулар ырдап таанылып, силер көмүскөдө калат турбайсыңарбы” дешет. Ооба, авторлор көбүнчө көмүскөдө калышат. Мен ырды жаратып да, ырдап да жүрөм. Акырындык менен элге кызматыбызды кылып келе жатабыз.

– Аккан арыктан суу агат дешет...

– Ата-энем комуздун коштоосунда ырдайт. Эски ырларды көп ырдашчу, ошол ырларга сугарылып өстүм. Ата-энеден татыктуу тарбия алдык. Ар бирибиздин кайсы жакка шыгыбыз бар экенин байкап, туура багыт берген ата-энебизге аябай ыраазыбыз. Улуу агам колунан көөрү төгүлгөн зергер уста. Экинчи агам Талгат Сейталиев спорт жаатында ийгиликтерди багындырган. Эркин күрөш боюнча спорт чебери, кулатуу боюнча Кыргызстандын 7 жолку, Евразиянын 2 жолку чемпиону, дүйнө кубогун да уткан. Кыргыздын Брюс Лиси деп таанылган. Эжем тигүүчү. Ал да бул өнөргө бала кезинен кызыгат. Мен 4-класста окуп жүргөндө ата-энем мени Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып барган. Бардык сынактан өтүп, мугалимдер “өзгөчө таланттуу бала экен” деп баа беришкени эсимде. Бирок директор “биз балдарды 6 жаштан баштап кабыл алабыз, эртерээк келишиңер керек эле” деп койгон. Ошентип ал жакта окубай калдым.

– Ырчылыктан, обончулуктан башка дагы эмне колуңуздан келет?

– Кичине кезимде спортчу болсом деп да кыялданчумун. Эркин күрөш боюнча Талас облусунун чемпиону болгом. Күрөштөн ийгилик жаратып, дайыма мектептеги линейкада мактоо угуп турчумун. 10-класстан кийин эрежесиз эр урушка ооп кетип, Бишкектин чемпиондугунда биринчи орунду уткам. Университетте бокс менен машыктым, спартакиадаларга катышып спорт жагынан окуу жайдын атын чыгарып жүрдүм. Окуучу кезде достор менен “баарыбыз чогуу спорт мектебине тапшырабыз” деп сүйлөшкөн элек. Кийин алар кетишти, мен калып калдым. Анткени “бир үйдөн бир спортчу чыкса жетиштүү” дедик. Анын үстүнө мени чыгармачылык өзүнө тартып туруп алды.

– Эң алгач кайсы ырга обон жаздыңыз?

– Обондорумдун көбү белгилүү акын Жыпар Исабаеванын калемине таандык. Эң алгач Жыпар эженин “Мен сени” деген ырын ырдап чыккам. Обону озүмдүн жездем Мыктыбек Ташматовго таандык. Ага чейин деле акындардын ыр китептерин барактап, бирок эч биринен купулга толорлук ыр таппай, “обон жарата албайт окшойм” деп да ойлоно баштагам. Көрсө, жан дүйнөм талап кылган текстти таба албай жүрүптүрмүн. Бир күнү Мыктыбек жездем “Жыпар Исабаева эженин чыгарамаларына кайрылып көр” деп калды. Жыпар эженин ырларын окуганда төкмө акындардын ырындай эле төгүлүп, мээге сонун кайрыктар келди. Ошентип, эжемдин “Ыр куса” деген чыгармасы экөөбүздү жолуктурган. Аты айтып тургандай, ырдагы кусалык, сагынуу тууралуу жазылган ыр. Биринчи куплетин жактырып калып “кийинки куплеттерди кызга арналган сезимдер тууралуу кылып өзгөртүп жазып бериңизчи” деп сурангам. 15 мүнөттө эле мен ойлогондон да ашыра сонун кылып жазып берди. Ошондо акындын күчтүүлүгүн баалагам.

– Эл жакшы билген “Ак шооланын ыры” кантип жаралды?

– Ал “Тартуу” деген ыр болчу. “Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө, бүт дүйнөмдү тартууга бердим анан” деп жатпайбы. “Ак шоола” телесериалы Жыпар Исабаеванын “Адашкандар” романынын негизинде тартылган. Романда “Ак шооланын ыры” деген бар. Ошол ырдын ордуна саундтрек кылып “Тартууну” туура көрүп, аталышын өзгөртүп бергенбиз.


– Бул ырды Самара Каримова да ырдаган. Анын ырдаганы жактыбы, же сизчелик ырдай албадыбы?

– Самара да жакшы ырдаган. Жараткан обондорумду сурагандардын баарына эле бере бербейм негизи. Анткени аткаруучулардын баары эле ырды авторлор сезгендей сезе албашы, анын айтайын дегенин туя албашы мүмкүн. Себеби аны ар ким ар кандай кабылдайт. Мага “Самарадан ырды уксак, сенден чыгарманы көрөбүз, жашоону, образды сезебиз” деп айтып калышат.

– “Сурагандын баарына эле бере бербейм” дедиңиз, Самара Каримовага кантип берип калдыңыз?

– Жыпар эже менин эл алдына бат эле чыгып, бат эле чыгармаларымды тартуу кылышымды каалачу. Анан клип тартыш керек деп, режиссёр болуп берүүсүн өтүнүп Ырыс Океновага кайрылып калдык. Ошол жерден кино тартуу тууралуу ой жаралып, экөө телесериал тартуу тууралуу сүйлөшүп калышты. Кийин телесериалдын саундтрегин мен ырдамай болдум. Сценаристтин (Жыпар Исабаеванын) сценарийи боюнча сериалдын башында “Ак шооланын ырын”, аягында “Таарынтпайм сени экинчини” ырдамай болгом. Кийин “Самара Акшооланын образын жаратып жатат, анын үстүнө белгилүү ырчы. Саундтректи Самара ырдай бербейби” деп калышты. Тексти Жыпар эжемдики болгондуктан анын кадыры үчүн макул болгом. Кино бүткөндөн кийин да “Самара Каримова атактуу ырчы, аудиториясы да кенен” деп “Таарынтпайм сени экинчи” деген ырымды да сурашты, бирок баш тарттым.

– Эмнеге көпчүлүккө тааныла элексиз?

– Бардык нерсенин убагы болот. Бул башталышы гана. Кудайга шүгүр, бир канча мыкты ырлар жаралып, ырдалып да, ырдала элеги да канча. Мен билген мыкты чыгармачыл адамдардын көбү атак-даңкка жулунган эмес. Атак-даңк, эгерде мыкты эмгегиң болсо, өзү келет. Бирок, албетте, чакырган жерден калбай барып ырдап, кызмат кылып жүрөбүз.

– Бирок таанымал болгуңуз келет да?

– Таанымал болуу – эмгегиңдин элге жеткени, элдин баалаганы. Көкүрөгүмдө эле катып албай, Кудай ыроолоп берген көрөңгөмдү элиме арнап берсем дейм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Jamalym
2023-10-13 04:02:00
Самара "Ак шооланын ырын" ото сонун ачып берген.Актриса катары да аткарганы мага жакты."Акшооланын ырын" Самаранын аткаруусунда коп угам.
0
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан