“ЖАҢЫЛГАНГА АКЫБЫЗ ЖОК, АНТКЕНИ ТАРАЗАДА АДАМ ТАГДЫРЫ...”

Кылмыш болгон жерден табылган куралды, окторду изилдеп, ок кайсы тараптан атылганынан бери аныктап берүүчү адистер бар. Эксперт-криминалисттер. Алардын корутундусу соттун кандай чечим чыгарарына таасир этет. ИИМдин Криминалистикалык кызматынын ок атуучу куралдарды жана анын тетиктерин, аны колдонуудагы тактарды изилдөө бөлүмүнүн инспектор-криминалисти Тынчтык Абдраимов менен кесиби тууралуу сүйлөштүк.

“Бир экспертиза үчүн 15 күн берилет”

– Биздин ишибиз ок атуучу курал колдонулган кылмыштуу окуя катталган жерге ыкчам-тергөө тобу менен кошо баруу. Кылмыш болгон жерди текшерип, ал жерден табылган куралдарды же окторду, гильзаларды алып келип экспертизадан өткөрүү. Изилдөөнүн жыйынтыгында алар куралдын кайсы үлгүдө экендигин, калибрин, кылмыш учурунда алар кантип пайдаланылганын, канча аралыктан, имараттын ичинен атылдыбы унаанынбы, баарын тактап беребиз. Атышуудан көз жумган адам болсо, анын денесинен чыккан окторду бизге тергөөчүлөр алып келишет. Аны дагы изилдеп чыгабыз. Айрым учурда курал кечирээк табылып калышы мүмкүн. Кээде 1 эле кылмышка 2 түрдүү курал колдонулган учурлар болот. Кылмыш алыскы аймактарда болсо далил буюмдарды бизге райондук ички иштер башкармалыгы жеткирип берет. Бир окуяда табылган курал, окторду экспертизадан өткөрүп, жыйынтык чыгарып берүүгө бизге 15 күн берилет. Кээде бир эле учурда 15тей иштин үстүндө иштөөгө туура келет.

“Куралдарды, окторду изилдөөдөгү ыкмалар”

– Экспертизаны эмнеден баштайбыз? Алынып келинген буюмдарды алгач фотоаппаратка сүрөткө тартып, өлчөмдөрүн ченеп, жазабыз. Үлгүсүн аныктайбыз. Бизде ок атуучу куралдардын бардык үлгүсү боюнча маалымат жазылган китеп бар. Ошого карап аныкталат. Заводдон жасалгандагы белгиси – маркировкасы жок болсо колдо жасалган деп белгиленет.

Окторду, гильзаларды калибрине, формасына, жасалган материалына жараша кандай куралда колдонула тургандыгын изилдеп, тактайбыз. Анан микроскоп менен гильзадагы тактарды карап чыгабыз. Себеби куралдар үлгүсүнө жараша өзүнөн атылган патрондорго, гильзаларга өзүнө таандык издерди калтырышат. Алардын калтырган издери бири-бириникине окшош болбойт.

Кылмыш болгон жерден курал, гильзалар, октор чогуу табыла турган болсо октор ошол куралдан атылган же атылбаганын аныктайбыз. Себеби кылмышкер башка куралдан ок чыгарып, бирок ал жерге башка эле куралды таштап кетиши мүмкүн. Аныктоо үчүн ал курал менен ошол калибрдеги башка патрондуу гильза менен атып көрөбүз. Анан гильзада атылгандан калган изди табылган гильзадагы из менен салыштырабыз. Издер окшош болсо, ошол куралдан атылган деп саналат. Издер окшош болбосо, анда ок башка куралдан атылган.

Анан сүрөттөр, топтолгон маалыматтары менен кошо баллистикалык-идентификациялоо автоматташтырылган базага киргизилет. Анан ошол базадан кайра жаңы киргизилген курал мурун пайдаланылганын же пайдаланылбаганын аныктап чыгабыз. Гильзадагы калган изге окшош из менен мурун кайсы кылмышта ошондой гильза катталганын да издейбиз. Себеби бир эле курал окшош гильзалары менен 2-3 кылмышта колдонулушу да ыктымал. Мындай маалыматтар кылмыштын бетин ачуу үчүн зарыл.

Базада 1990-жылкыдан берки кылмыштарда катталган куралдардын, гильзалардын, октордун сүрөттөрү, маалыматтары бар. Ошондой эле өлкө боюнча жеке адамдар каттоодон өткөзүп колдонуп жүргөн куралдардын да үлгүлөрү катталган. Ошондуктан базадан керектүүнү издеп тапкыча 2-3 күн өтүп кетиши мүмкүн.

Эгер базадан курал мурун да колдонулган деп табылса, изилдөөнүн жыйынтыгына жазылат. Бир сыйра изилдеп чыккандан кийин кемчилик кетпеши үчүн дагы текшеребиз. 100 пайыз тастыкталды дегенде да гана жыйынтыкты жетекчиликке өткөрүп беребиз. Ошол жыйынтыкка карап сот кылмышкердин күнөөсүн аныктап, чечим чыгарат. Адам тагдыры чечилип жаткандыктан эксперт-криминалисттин жаңылганга укугу жок. Жаңылса бейкүнөө адам камалып кетиши мүмкүн.

“1 адамды 3 автомат менен атышкан”

– Мындан 5-6 жыл мурун Ала-Арча аймагынан бир адамды атып өлтүрүп кетишкен. Кылмыш болгон жерге барганымда 100дөй гильза табылды. Изилдөөмдүн жыйынтыгында ал адамды кылмышкерлер 3 автоматтан атышканы аныкталган.

2013-жылы Бишкекте 1 таксистти атып кетишкен. Кылмыш болгон жерди изилдеп, гильзаларды таптым. Изилдөөдө таксист унаанын ичинде отурганда, арткы эшик ачык турганы, ошол эшик тараптан ок атылып, ок таксисттин денесин тешип өтүп, маңдайкы айнектен чыгып кеткенин аныктагам. Кийин ал кылмышта колдонулган винтовка табылып, гильзалар ошол куралдан атылганын да аныктап бергем.

“Кылмыштын бетинин ачылышына салым кошкон адистербиз”

– Куралдардын түрлөрү көп. Мисалы, винтовка, автомат, пулемёт, револьвер, тапанча, карабин жана башкалар. Аңчылык, спорттук, жарандык (адам өзүн коргоодо колдонулат), колдон жасалган куралдар да бар. Жарандык куралдарга көздөн жаш агызуучу газ тапанчасы, октору резина тапанчалар жана башкалар кирет. Андыктан түрдүү үлгүдөгү куралдарды бири-биринен айырмалай билүү зарыл. Гильзадагы издерди микроскоптон карай берип көзүң ооруйт. Бир орунда узакка жылбай отуруп иштейбиз. Кыскасы курал, октордун “сырын” чубап, кылмыштын бетинин ачылышына салым кошкон адистербиз.

Эксперт-криминалисттерде бул сапаттардын болушу зарыл дешет

• Жоопкерчиликтүүлүк

• Чыдамкайлык. Кылмыш сутканын каалаган убагында жасалышы мүмкүн. Ошого күнбү-түнбү чакыруу түшкөндө атайын топ менен барууга туура келет. Кылмыш болгон жерде иш бир нече саатка созулушу ыктымал. Ошондуктан өзгөчө режимде чымырканып иштөө чыдамкайлыкты талап кылат.

• Стресске туруктуулук. Үрөй учурган, ырайымсыз түрдө адамдарды кыйнап, атып өлтүргөн окуялар болот. Андайда эмоцияга алдырбай, салкын кандуулук менен өз ишиңди жасашың керек.

• Кылдаттык, тактык. Майда деталдара чейин көңүл бөлүп изилдөө керек. Анткени ошолор кылмыш кандайча болгонун “айтып” берип, кылмыш ишинин бети батыраак ачылат.

• Тунук акыл, анализдөө жөндөмү жана башка.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан