“АШКАЗАНДАН КАН КЕТСЕ АДАМ ӨЛҮП КАЛАБЫ?”

Ден соолук, оорунун алдын алуу боюнча окурмандар узаткан суроолорго Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору Эрнис Алыбаев жооп берди.

– Ашказанымда 3 кичинекей жара бар. Ооруганда дарыланып турам. Врач айрым тамактарды жегенге, ичкилик ичүүгө тыюу салган. Кокус жара жарылып, кан кетсе өлүп калуу мүмкүнбү?

Жапар Момунов, 49 жашта, Жалал-Абад

– Ашказандагы жаралар улам ырбап, өлчөмү чоңоюп кете берет. Ага жанаша жаткан кан тамыр жарадан улам сезгенип, ички кабыгы жукарат. Врач болбойт дегендерди жеп-иче бергенден жана ашказандагы туз кычкылынын дайымкы терс таасиринен улам ал кан тамыр бир күнү жарылат да, кан ашказанга куюлат. Анан ичегиге өтөт.

Кан тамыр ичке болсо кан акырындап, жоон болсо күргүштөп агат. Экөөндө тең дароо операция жасалбаса адам көз жумуп кетиши толук мүмкүн.

“Полип үчүн өт баштыкчасын алдырышым керекпи?”

– Өт баштыкчамда 2 полип бар экен. Биринин өлчөмдөрү 5, экинчисиники 10 миллиметр. Эми өт баштыкчасын алдырышым керекпи же дарылап кетирүүгө мүмкүнбү?

Айна Сатыбалдиева, 54 жашта, Бишкек

– Негизи полиптин өлчөмү чоңоё берет. Анын үстүнө анын ракка айланып кетүү коркунучу бар. Өлчөмү 10 миллиметрден ашкандарда андай коркунуч чоң. Ошондуктан сиз тобокелге салып жүрө бербей, операция жасатып, өт баштыкчасын алдырып салууңуз керек (полиптин өзү алынбайт). Операция үчүн эндоскопиялык, лапароскопиялык же ачып жасоо ыкмаларынын бири хирург толук текшерүүдөн өткөзгөндөн кийин тандалып алынат.

“Насыбайдан гастрит жаралабы?”

– Мен бир топ жылдан бери насыбай чегем. Жакында ашказаным ооруп текшерилсем өнөкөт гастрит деп диагноз коюшту. Насыбай гастритти пайда кылышы мүмкүнбү?

Акыл Мурзаев, 37 жашта, Ош

– Насыбай гастрит эле эмес, ашказан жарасын да пайда кылууга жөндөмдүү. Анткени анын курамына жыгач отундун күлү, акиташ, желим (клей) жана башкалар кошулат. Булар ашказандын былжыр челине терс таасир этип дүүлүктүрүп, гастритти, аны дарылабаса жараны пайда кылат.

“Тамакты аш кыла албай кыйналганда эмне ичсе болот?”

– Азыр аш-тойдун убагы. Чакырган жерден тамак-ашты көп жеп алабыз. Анан аш кыла албай жарнамаларда көрсөтүлүп жаткан Мезимди ичебиз. Аны ичкенибиз туурабы? Көп ичсе зыяны жокпу? Же анын ордуна эмнени ичсек болот?

Света Дооронова, 51 жашта, Токмок

– Мезимден тамак-аш дароо аш болуп кетпейт. Бирок ичсе зыяны жок. Мезим-форте, Креон 1000, Но-шпа дегендер бар, булардын бирин ичсе да болот. Бирок ашыкча тамак жей берүү ичеги-ашказан ооруларын пайда кыларын унутпоо керек.

“Детокс-диета менен арыктасам болобу?”

– Менин өнөкөт гастрит оорум бар. Акыркы кезде семирип кеттим. Ошого детокс-диета же ачка жүрүү менен арыктайын деп жатам. Булардын мага зыяны жокпу? Колдонсом болобу?

Айназик Бегалиева, 34 жашта, Бишкек

– Детокс-диета жана ачка жүрүп арыктоо ашказан-ичеги оорусу барларга болбойт. Сиз врачка кайрылып, диета жаздырып, ошол менен тамактанып, көбүрөөк кыймылдап арыктасаңыз болот.

“Антибиотик ичсем ичим өтөт”

– Жугуштуу оору менен, мисалы, жөтөлүп калсам, врачтар башка дарыларга кошуп антибиотик жазып беришет. Аны ичсем акырындап ичим өтө баштайт. Ошого ичегинин микрофлорасын калыпка келтирүү үчүн эмне ичсе болот?

Адинай Турапова, 41 жашта, Ош

– Бул багытта бир топ дарылар чыгарылат, алар: Энтерол, Имодиум экспресс жана башкалар. Буларды көрсөтмөсүнө жараша кабыл алуу зарыл. Бирок алгач врач менен кеңешүү сунушталат.

“Сүт ичсем сиңбейт”

– Сүт ичсем ичим көөп, аш болбой тура берет. Бул эмнеден? Же ичкенден кийин дары ичип коюшум керекпи?

Сапаралы Беков, 39 жашта, Кант

– Айрымдардын 12 эли ичегисинде сүттүн курамындагы лактозаны сиңирүүчү ферменттер тубаса жок же өтө аз болот. Мүмкүн сизде да ошондойдур. Бирок сүт жана андан жасалуучу азыктар кальцийдин булагы. Андыктан сизге сүттүн ордуна аздан быштак, сыр жеп же айран, йогурт ичип жүрүү сунушталат.

“Сезгенген сокур ичегини качан алдырса болот?”

– Менин аппендицит оорум бар, 2 жолу кармап, кайра жазылып кеткен. Эми мендеги сокур ичегини (аппендикс) оорубаган учурда алдырышым керекпи же ооругандабы?

Турат Камалов, 39 жашта, Бишкек

– Аппендикс өтүшүп кетсе, башкача айтканда сезгенип, ириңдеп, жарылып кетсе перитонит (инфекциядан улам ткандардын өлө башташы) дарты жаралат. Мындай учурда дароо операция жасалбаса өмүргө коркунуч туулат. Андыктан оорубаган учурда деле же оору кармаганда операция жасатып алдырып салууңуз керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан