АЛА-ТОО КӨРККӨ КЕЛБЕЙТ АСКАЛУУ ТОО БОЛБОСО...

Ала-Тоо көрккө келбейт аскалуу тоо болбосо,

Шыңгырап булак суусу ал болбосо,

Сайраган торгой үнү угулбаса,

Булбул куш кайда конмок бак болбосо?..

Көктөмдө бүркүт сызбайт зоо болбосо,

Аркар-кулжа мекендебейт аскалуу тоо болбосо,

Асманда кайкып учуп шумкарлары,

Аскалуу тоо болбосо алар конбос.

Мекеним аскалуу тоо кандай көрктүү!

Тийбесин, көз тийбесин көркөмүңө!

Чачырап жаңы чыккан күндөй нурлуу,

Ала-Тоо көрккө келбейт гүл болбосо.

Эли бар Ала-Тоону мекендеген,

Жери бар көркөмүнө көз жетпеген,

Душманы кол салса эгер карап турбайт,

Кайтарып турат дайым баатыр, жоокер.

Жоокери, кыргызымдын баатырлары,

Манас баба калтырган урпактары.

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде,

Ала-Тоонун баатыр кыргыз шумкарлары.

Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо,

Кайраттуу, ак калпактуу элим болсо.

Кандай жоо басып кирип баш ийдирет,

Турганда баатыр, жоокер уулдарың?

Элимдин ынтымагы оттой жансын,

Желбиреп желегибиз көктө турсун.

Уул-кыздын кыргызмын деп соксун жүрөк,

Өчпөсүн кылымдарга жашап калсын.

Сыдыкова Гулина Азиретовна

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан