Амангүл Абдыкалыкова, акын Абдыкалык Чоробаевдин кызы: «АТАМДЫН СҮРӨТҮН КИТЕПТЕ БАШКА ЭЛЕ АДАМГА КОЛДОНУП ЖҮРҮШӨТ, БУЛ ТАРЫХЫЙ ЧОҢ КАТА»

Редакциябызга 70 жаштагы апа кайрылып, атасы, акын Абдыкалык Чоробаевдин сүрөтү китептерде, мектептерде манасчы Ыбырайым Абдырахмановго карата колдонулуп жүргөнүн айтты. “Көзүм өткүчө ушул катачылыкты оңдотуп кетсем жакшы болот эле” деген апанын маегине орун берүүнү чечтик.

– Арыбаңыз! Сизди биздин редакцияга кайрылууга аргасыз кылган жагдайды башынан айтып берсеңиз.

– Бар болгула! Аты-жөнүм Амангүл Абдыкалыкова, 1954-жылы туулгам. Атам Абдыкалык Чоробаев, акын, жазуучу, фольклор жыйноочу, Тоголок Молдонун шакирти, анын расмий катчысы болгон. Мындан 5 жыл мурун бир китепти издеп Бишкектеги Улуттук китепканага баш багып калдым. Кирсем эле манасчылардын сүрөттөрүнүн катарында ак калпак, биязы чепкен кийген атамдын сүрөтү турат бадырайып. “Ии, атам тура” деп сүйүнүп астындагы жазууну окусам “Ыбырайым Абдырахманов, манасчы” деп турат. Анан чочуп кетип ошол жердегилерге кайрылдым. “Тиги сүрөттө текстти туура эмес жазылып калыптыр, сүрөттөгү киши менин атам Абдыкалык Чоробаев, астына Ыбырайым Абдырахманов деп жазылып калыптыр” десем, алар “атаңыз экенин кантип далилдейсиз?” дейт, анан паспортумду көрсөтүп, китепкананын ошол кездеги директору Жылдыз Бакашевага кирдим. Алар жанагы сүрөттү Манастын миң жылдыгына арналып чыгарылган “Манас 1000” деген энциклопедиядан алганын айтышып, чоң китепти көрсөтүштү. Ошол китепте Ыбырайым Абдырахмановдун өмүр-таржымалына атамдын сүрөтүн коюп басып жиберишиптир. Анан каякка барып, эмне кылышты билбей, сүрөттү чыгартып алып баса бергем.

Кечээ жакында агамдын баласы жолугуп, атамдын сүрөтү мектептерде да башка адамга колдонулуп жүргөнүн айтты. Бишкектеги №20 гимназияда “Манас бурчу” деген жеринде Ыбырайым Абдырахманов деп атам Абдыкалык Чоробаевдин сүрөтү илинип турат. Демек, көпчүлүк мектептер атамдын сүрөтүн Ыбырайым Абдырахманов деп илип жүрүшү толук мүмкүн. Муну кантип түзөтүү керек, каякка барыш керек, билбей жатам. Өзүм 70ке чыгып калдым, кээде бутум ооруп, таяк таянып калам. Арызданууга укугум бар, адамдын аброюна шек келтирилип жатат.

Мектептердеги кыргыз тили, адабияты класстарындагы сүрөттөрдү карап, тууралап коюшса жакшы болот эле. Бул тарыхый чоң ката. Ушуну өтүнөм. Азыркы муун эки инсанды алмаштырып окуй берсе, түбөлүгү эмне болот? Менин атамдын сүрөтүн карап алып “Ыбырай эле, Ыбырай” деп окуй беришеби? Жанагы “Манас 1000” деген китепке түзөтүү киргизип же жокко чыгарыш керек. Ушул катаны оңдоп, кийинки муунга туура багыт берсек жакшы болор эле.

– Атаңыз Абдыкалык Чоробаев “Манас” айтчу беле?

– Жо-ок. Атам айтылуу Тоголок Молдонун расмий катчысы болгон, атайын буйрук да чыккан экен. Ал киши менен кошо жүрүп эл арасынан фольклор жыйнады. Бирок “Манас” айткан жок, ал кезде “Манасты” эч ким айтчу эмес. Саякбайга да жашыруун барып, эч ким билбесин деп жатып араң маалымат жыйнашкан. Бирок көпчүлүк булактарда акын-жазуучу, этнограф, фольклор жыйноочу, “Манас” жыйноочу деп көрсөтүлөт. Атам Тоголок Молдонун жыйнагандарынын баарын кагазга түшүрдү. Кол жазмасы да сулуу болчу. Тирүү энциклопедия эле. 1960-70-жылдары, биз бала экенбиз, тегерегине элди үйүп алып эле бир нерселерди айтып отурчу, көрсө, санжыра, өткөндөрдүн тарыхын айтчу экен. Атам баарын ыр түрүндө жазчу. Мектепке барып да окуучуларга санжыра, “Мышык баянын” айтып бергенин билем. “Атаң келатат” дешсе жашынып калчумун. “Ии, кана эмесе балдар, жакшысыңарбы?” деп келип эле “ушул мектепте менин бир көк көз кызым бар эле, каякта отурат?” дегенде мен столдун астына кире качам, балдардын баары мени карап күлүшөт. Анан үйгө барып ыйлайм, “неге менин көзүм көк болуп калган?” деп (күлүп). Атамдын көзү көк, өзү чоң киши болчу.

Атам арабча жазчу, кайра орус тамгасы менен көчүрүп чыкчу. Ал кезде Нарын менен Фрунзенин ортосунда учак каттачу, анан эле “мен кеттим” деп кагаздарын көтөрүнүп Фрунзеге жөнөп калчу. Элден чогулткандарын жазып жеткирчү. Кээде “тыюу салып жатат” деп нааразы болгонун көрүп калдым. Үйдө артында “Ленинград фонддон алынды” деген жазуусу бар Курманжан датканын сүрөтү бар эле. Атам аны ошол жактан көчүртүп келген экен. Сары кагазда сыя карандаш менен Кожомкул баатырдын кол изи тартылган сүрөт бар эле, укмуштуудай көлөмдүү болчу.

Апам атамдан 24 жаш кичүү эле. Атам тууралуу “балдарынын кантип чоңойгонун деле билген жок, Ажыян-Арканы аралап эле жүрчү” деп калчу. Тоголок Молдонун көзү өткүчө жанында жүрүптүр. Анын чыгармаларынын баарын куржунга салып басмаканага алып барчу тура. Анан өзүнүн чыгармачылыгы башталды, жалпы 45 китеби чыкты. Биз 10 бир тууган элек, төртөөбүз калдык. Атам баарыбызды окутуп, көзүбүздү ачты.

Анаргүл апанын маселеси боюнча Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага бардым. Ал жакта илинүү турган сүрөт алмашыптыр. Ал эми “Манас 1000” деген 1995-жылы басылган китепти таппадым, ушул эле аталышта 2003-жылы басылып чыккан фотоальбом түрүндөгү китепте Ыбырайым Абдырахманов деп, кызы айткандай, Абдыкалык Чоробаевдин сүрөтү, анын астында Ыбырайым Абдырахмановдун өмүр баяны жүрөт. Дал ушундай эле ката балдарга арналган “Манас жана манасчылар” деген китепчеде да жүрөт.

Буга окшогон окуялар биринчи жолкусу эмес. 2019-жылы Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленмекчи болуп, анда Кыргыз ССРинин автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министри Кыдырма Орозалиевдин сүрөтүн “Турдакун Усубалиев” деп бакыйтып баннерге илип коюшкан. Жакында эле Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгында да Абдыкадыр Орозбековдун сүрөтүн Карамолдо Орозов деп жарыялап жиберишти. Тарых тактыкты сүйөт, кайдыгерликтин, сабатсыздыктын айынан тарых бурмаланып, элге туура эмес маалымат сиңип кетпесе деген гана тилек.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан