Марс Мамаев, ырчы: “БИР ТУУГАН АГАМ БӨЙРӨГҮН АЛМАШТЫРУУГА МУКТАЖ”

“Шаардык кыз Аида” деп обон созуп элге таанылган ырчы Марс Мамаевдин үй-бүлөсү оор сыноого кабылды. Ырчынын бир тууган агасы бөйрөгүн алмаштырууга муктаж. Марс мырза элге кайрылып жардам суроого, Бишкекте кайрымдуулук концертин өткөрүүгө мажбур болуп турганын айтат.

– Марс мырза, агаңызга ден соолук каалайбыз. Баары эмнеден башталды?

– 2021-жылы мен үйлөнөр алдында агамдын денеси шишип кетти. Башында анчалык маани берген эмеспиз. Кийин күчөй баштады, өзү да “башым айланып жатат” деп калды. Ооруканага алып барсак врачтар “2 бөйрөгү тең иштебей калыптыр” деп жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Ошондон тарта күнүнө 5500 сомдон төлөп гемодиализ алып жүрдүк. Үйлөнүү тоюма даярданып жаткан кезим эле, карызга да батып турган элем. Ошондуктан тойду токтотсомбу деп көпкө ойлонуп, бирок жарыяланып калгандан кийин деп өткөрдүк. Кийин тааныштардын жардамы менен гемодиализди бекер ала баштадык. Жакшы эле жүргөн. Бирок жүрөгү, башы, кулагы, боору ооруй берчү. Көзүнүн айланасы агарып баштады. Анан операция жасаталы деп катуу аракет кылууга өттүм. Бөйрөгүн алмаштыруу үчүн акча чогултуп жатам. Жер тилкелерибиз, чакан бизнесим бар болчу, баарын саттык. Автоунаам гана калды азыр менде. Үйүбүз жок, батирде турабыз. Операция Индияда, Түркияда жасалат экен. Бааларын сураштырсак, Индияда 40 миң доллар болсо, Түркияда бир аз арзаныраак 30-35 миң доллар болот экен. Мен топтогон акча 1 миллион сомдой гана болот. Анан айла жок коомчулукка кайрылууга, кесиптештердин жардамы менен кайрымдуулук концертин өткөрүүгө туура келди. Башында мындан уялып жаткам. Сыймык Бейшекеев байке менен кеңешсем, ал “уялганда эмне, көп түкүрсө көл болот. Баарыбыз колубуздан келген жардамыбызды берсек чогулуп калар” деди. Кесиптештеримдин баары колунан келген жардамын берип жатышат. Концертимде ырдашат, билет сатууга көмөктөшүүдө. Концерт 19-октябрь күнү кечки саат 19:00дө Спорт ордосунда өтөт. 2800 билет жасаткам. Баары сатылып кетсе экен деген тилек.

Чыгымды бир туугандар эле көтөрөлү десек, баары эле кара жумушта иштешет, эптеп жан бакмай болуп жатат. Арасынан элге таанымалы мен эле экенмин. Ошондуктан колумдан келген аракетимди кылып жатам.

– Агаңыздын абалы кандай азыр?

– Жакшы эле. Басып-туруп жүрөт, бирок алсыз. Жөн отурбай ашпозчу болуп иштеп да жатат. Өзү 40 жашта, үй-бүлөсү жок. Үйлөнөйүн деп жатканда ооруп калды. Айыгып, үй-бүлө куруп балалуу болгусу келет. Анан да кафе ачам деген кыялы бар. Ошол тилектери ишке ашып калса экен деп тиленип отурабыз.

– Донор маселеси кандай болуп жатат?

– Врачтар “туугандарынан башканын бөйрөгү болбойт” дешти. Туугандарга кайрылсак, эч ким макул болгон жок. Өзүм берейин десем, менин бир эле бөйрөгүм жакшы, экинчиси начар иштейт экен. Ден соолугуна байланыштуу агаларым да бере алышпайт экен. Иним төрөлгөндөн эле көп ооруйт. Андыктан донор издеп жатабыз.

Мен агамды, инимди, үй-бүлөмдү багып жатам. 2 агам Орусияда өздөрүнүн үй-бүлөсү менен жашайт. Ата-энебиз каза болгондон кийин ар кимибиз өз алдыбызча оокат кылып чачырап кеткенбиз.

Абалыбыз ушундай, жардамга кол сунгандарга ыраазыбыз. Эч ким оорубасын!

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0778008088

Мбанк карта номери: 4177490163240403

О! деньги: 0704060793

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан