Бактыгүл Тулекеева: “11 ЖАШАР КЫЗЫМ БООРДУН ЦИРРОЗУНА КАБЫЛДЫ”

Акыркы кезде оору жашарып, жаш наристелер да коркунучтуу, оор илдетке кабылып жатканы, аны дарылоого мамлекетибиздеги медицинанын күчү жетпей, чет өлкөгө барууга мажбур болгондорду, ал үчүн чоң суммадагы акчага муктаж болгондорду көрүп жаның кейит. “Жакшынакай жүргөн, кичинесинен бир да жолу укол албаган кызым боордун циррозу менен ооруп калды” дейт Бактыгүл Тулекеева аттуу эне.

“Билинбей жүрүп эле боордун циррозуна өтүп кетиптир”

– Мен Бактыгүл Тулекеева, 5 баланын энесимин. Балдарымдын улуусу 17 жашта, кичүүсү быйыл 1-класска барды. Мындан 4 жыл мурун жолдошум менен ажырашып кеткем. Андан кийин Орусияга барып иштеп жүрдүм. 2 жыл мурун үчүнчү кызым Фатима Алияскарова ооруп калып, Кыргызстанга кайтып келгем. Андан бери беш балам менен батирде жашап, тигүүчүлүк кылып келе жатам. Кызым 11 жашта, 2 жылдан бери боор оорусу менен ооруп келет. Алгач өпкөсүнөн пневмония деп ооруканага жатканбыз, ошондо врач “көк боору чоң экен, врачка текшерилип коюңуз” деген эле. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кайрылсам, ошол жактан “боордун циррозу” деп диагнозун чыгарып берди. Билинбей жүрүп эле циррозго өтүп кетиптир. Москвага канын анализге жибердик эле, аутоиммундук гепатиттен боордун циррозуна өтүп кеткен дешти. Ошентип былтыр август айында так диагнозун билдик. В классындагы боордун циррозу деп чыкты. Анда дарыгерлер “бир жылдай байкап туралы” деген эле.

Бул оору эмнеден пайда болгону белгисиз. Бала кезинде денеси саргарган деле, эч кандай ооруган деле эмес. Жадакалса эмдөөдөн башка укол деле алган эмеспиз. Дайыма аймактык эмканага барып, убагы менен чакырганда текшерүүдөн өтүп турчубуз. Каяктан, эмне болуп бул ооруга кабылып калганын билбейм. Азыр ушундай оорулар көбөйүптүр, жадакалса төрөлгөндөн да ушундай ооруга чалдыккан наристелер бар экен. Балким, биз жолдошум менен эки жолго түшкөндө ичинен стресс болгонбу деп коём, кызым ичиндеги санааларын сыртка чыгарып айтпайт, билгизбейт.

Жакында сентябрь айында кызым катуу ооруп, реанимацияга түшүп калды. Мунусунда “C классындагы орточо темир жетишсиздик анемиясы” (ЖДА) деп чыкты. Кызым азыр операцияга муктаж болуп жатат. Күндөн-күнгө ичи шишип, абалы начарлап баратат. Операциясын Түркиядан жасатмак болуп сүйлөшүп жатабыз, баасы 50 миң доллар дейт, мынча сумманы табыш мага чынында аябай кыйын. Беш балам бар, жалгыз боймун. Айла жок, болгон кайрымдуулук фонддун баарына кайрылып жатам, “Дени сак муун” фондуна кайрылган элем. Баары бир фондго өзүбүздүн жардамыбыз керек экен, маалыматты бөлүшүп, таратышыңар керек дешти. Сиздердин гезитке да үмүт кылып келип жатам.

“Донор 17 жаштагЫ балам болот”

– Кызым быйыл 5-класска көчтү. Сентябрдан бери мектепке бир жума эле барды, анткени мектепте 3-кабатка чыгып-түшүш керек экен. Былтыр “барба” десем барбай калган. Быйыл “окугум келет, окуйм” деп болбой барып жатып, сентябрда реанимацияга түшүп чыктык. Аябай жүрөктү түшүрдү, 9 саат бою температурасы 42ден түшпөй туруп алды. Ооруканадан 4-5 тамчылатма дары куюп, денесин жылаңачтап коюп араң түшүрдүк. Көрсө, боору иштебей калган экен. Эмнеден күч келгенин билбейм, чыйрыгып келип эле жатып калган. Ошондон бери үйдө. Мурун ашпоз болуп иштечү элем, богок дартым болгондуктан ысыкка чыдай албай иштебей калгам. Азыр кызым жакшы кезде тигүүчүлүк кылып иштеп калам, ооруганда карап үйдө болушум керек. Батирде турчу элек, ижара акысын төлөй албай калып, атамдын үйүнө көчүп бардым. Антпесе түтпөй калдым, чынында, кызымдын дарысы, анализи, аркы-беркиси болуп эле көп эле каражат кетип жатат. Күнүгө дары ичет.

Балдарымдын атасынын өзүнүн үй-бүлөсү, балдары бар. Биз менен көп деле иши жок. Быйыл балдарды ага өзүм жибердим. Бир айдай жашап келишти. 1-2 жолу акча которду, андан башка жардам бере албады.

Бир фирманын дарысын ичип көрсөк, андан кайра күчөп кетти. Сүттөрдү да ичирип көрдүм. Азыр акыркы даража болгондуктан тезинен операция жасатыш керек болуп жатат. Канчалык эрте операция жасалса, иммунитети жакшыраак кезде, башка органдары жабыркай элек кезде жасалганы жакшы. Байкеси, 17 жаштагы балам донор болгону жатат.

Операция Түркиянын Анталия шаарында жасалат. Алар менен кайрымдуулук фонддун жетекчиси сүйлөшүүдө. Эне-баланы коргоо улуттук борборунда көбүнчө Түркияга барып операция жасатышат экен, анткени Индияга караганда ал жактыкы жакшы дешти. Кийинчерээк балага кайра операция жасатыш керек болсо бекер жасап беришет экен. Анан өмүр бою ооруп калса, же башкада өзүнүн бейтабы катары кабар алып, кеңештерин берип турушат дешүүдө.

Кызымдан санаа тартып, түн уйкум качып, эмне кылышты билбей калдым. Карасаң жакшынакай эле баладай, ойноп-күлүп, активдүү эле. Өзү активдүү кыз, күлүп-жайнап турат. Ичи көпсө дагы өзүн жакшы кармап жүрөт. Боордо нерв жок экен да, ооруганы адамга билинбейт тура. Кызымдын өмүрү үчүн, ден соолугу үчүн элимден жардам сурап кайрылууга аргасызмын.

Жапжаш курагында ушундай чоң сыноого кабылып, оору менен күрөшүп жаткан, келечектен үмүтү чоң, жаркылдаган Фатиманы да кепке тарттык.

– Атың ким?

– Мен Фатима Алияскарова, 5-класста окуйм.

– Эмне кылганды жакшы көрөсүң?

– Мен кыргыз тили сабагын жакшы көрөм, андан сырткары сүрөт тартып, китеп окуганды жактырам. Мектепке барып, классташтарым менен ойносом дейм. Чоңойгондо кооз жерлерге саякаттагым келет.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Келечекте доктур болгум келет. Ооруган адамдарга жардам берип, айыктырсам дейм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

MBank: 996502406917

Виза: 4177 4901 6006 3865

Элкарт: 9417 0894 4227 9478

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан