АДАМ ӨЗҮН КАНТИП КАБЫЛ АЛЫШЫ КЕРЕК?

Өзүн жана абалды кабыл албаган адамдар көп эле болуш керек. Деги эле психологияда кабыл алуу деген эмне? Анын кандай мыйзамдары бар? Биз өзүбүздү кабыл алуу менен эмнелерди өзгөртө алабыз? Мына ушул суроолордун тегерегинде психолог Айгүл Ондошева кеңеш берет.

Адам эмне үчүн өзүн кабыл алып жашашы керек? Өзүн кабыл албоо эмнеден башталат?

– Өзүн кабыл албоонун башаты балалыктан башталат. Бала кезиңизде сиз өзүңүздүн чындап кандай экениңизди билбейсиз да. Айланадагылардын сага болгон мамилесинен, сөздөрүнөн “мен” пайда болот. Ошол “менди” ата эне “сен жалкоосуң, колуңдан иш келбейт” деген сөздөр менен жабыркатып коюшу мүмкүн. Же тескерисинче “колуңдан баары келет” дей берип баланын жалган эгосун өстүрүп, чоңойгондо ал бала реалдуу абалды кабыл албай калат.

Адам өзүн кабыл алып жашашы зарыл. Ошондо гана чыныгы “мен” пайда болот. Болбосо жан дүйнөсү ооруйт, жанчылат, иши оңунан чыкпай кыжалат болот. Ал бара-бара депрессияга айланат. Ачуулануу, шашкалактоо, кыжалат болуу, жашоого нааразы болуу менен күндөрү өтө берет. Аягы оор оорулар менен коштолушу мүмкүн. Өзүнө жакпаган абалды кантип кабыл алышы керек, кыйын да бул?

– Мисалы, сиз жакын адамыңыздын үйүнө бардыңыз дейли. Анын үйү чачык, баш аламан, иретсиз. Кабыл албаган адам “ушуну минтип эле койбойбу, бул эмне деген жашоо” деп кыжырланат, сын тагат, балким, ачык айтышы да мүмкүн. Ал эми өзүн жана айлананы, дүйнөнү кабыл алган адам андай баш аламандыкты көргөндө “мен бул нерсени көрүп турсам, демек, менин жан дүйнөм иретсиз. Бул абал ичимдеги баш аламандыкты көрсөтүп жатат. Мен мындан сабак алышым керек, өзүмдүн ойлорумду иретке келтиришим керек” деп ойлонот. Бардык жерде ушинтип жөн гана кабыл алып кете бериш керек. Ал жерден эч кандай ички энергиянын конфликти болбой чыгып кетет. Кабыл алуу мыйзамы деген ушул. Биз жашообузда курчап турган бардык нерсени мээрим, ыраазычылык менен кабыл алганда гана өсүү келип чыгат. Кабыл алуу мыйзамы менен жашаган адамдын жан дүйнөсү байыйт. Оң же терс нерсени көргөндө адам “бул менин күзгүдөн чагылышым” деп кабыл алуу керек.

“Менин чагылышым” дегенди кантип түшүнсөк болот. Мисалы, мен сараң эмесмин, бирок сараң адамды көрүп жатам.

– Психологияда “адам өзүнө окшош нерсени чакырат” деген бар. Эгерде сиз бир нерсеге көңүл буруп, реакция жасап жатсаңыз, бул адат же мүнөз сөзсүз сизде бар деген белги. Өзүндө жок нерсеге адам көңүл бурбайт. Ачууланып, кыйкырып жаткан адамга көңүл бурсаңыз, демек, сиздин да ички дүйнөңүз кыйкырып жатат. Ал көмүскө туюмда жатат, сиз аны байкабай деле каласыз. Тиги кыйкырып жаткан адам аны сырткы дүйнөдө чагылдырып берип жатат. Сараңдык кылып жаткан адамды көрсөңүз, мен да бир кезде ушундай иш кылсам керек деп ичиңизден кабыл алып коюш керек. Кабыл албай ачууңуз келип баштаса эле токтоп, өзүңүзгө суроо бериңиз. "Мен эмнеге муну кабыл албашым керек, демек, менин чагылышым мага эмнени айтып жатат?" деп сураган туура болот. Кабыл алуудан эч кимдин эч бир жери ооруп же кемип калбайт. Ичинде өзү менен өзү гармонияга келген адам сырткы дүйнөнү кабыл алат. Эч кимге сын такпайт, таң калбайт, суктанып да кетпейт.

Өзүн кабыл алгандан кийин кандай өзгөрүүлөр болот?

– Керемет ачылыштар болот. Иштери өзүнөн-өзү жүрүшө баштайт. Башкалардын мамилеси өзгөрөт. Бактылуулук менен эркин жашай баштайт.

Ал эми адам өзүн кантип кабыл алышы керек?

– Көптөр өз баалуулугун байкашпайт. Анын ордуна өзүнөн ийгиликтүү адамга суктана беришет. “Мен минтип сүйлөй албайм, менин келбетим мунукундай эмес” деген нааразычылыгын айта беришет. Өзүнө ыраазычылык айтпай башкага суктануу менен адам энергиясын башкага берип коёт. Ар бир адамда уникалдуу талант, өнөр, шык болот. Бирок ал ачылбай калып, башкаларга суктануу келип чыгат. Өзүн ыраазычылык, мээрим, сүйүү менен кабыл алганда гана адамда ошол таланттын баары калкып чыгат.

Өзүн кабыл албай жатканын адам кантип билсе болот?

– Өзүңө болгон мамилеңди сыртыңдагы адамдар эле чагылдырып берет. Мисалы, ата-энең, жолдошуң, бир туугандарың сага кандай мамиле жасап жатат? Ичиңдеги өзүнө болгон мамилени алар айкын көрсөтүп беришет. Сиз бааланбай жатсаңыз, ыдык көрүп жатсаңыз, сүйүү ала албай жатсаңыз, келбетиңизге карабай жатсаңыз ойлонушуңуз керек. Мен өзүмө кандай мамиле жасап жатам? Сыйлап жатамбы, сүйүп жатамбы, же ур-токмокко алып жатамбы? Ошондо эле жооп чыгып калат. Айлана-чөйрөңүз сизди баалап жатса, чын дилден сүйүү берип жатса, сиз дагы өзүңүзгө жакшы мамиле жасап жатасыз. Негатив, кыжырдануу, нааразычылык, жалган айтууга кабылсаңыз, демек, сиз өзүңүзгө ушундай мамиле кылып жатасыз. Аял өзүн кабыл албаса күйөөсү башкага кетет, эркек өзүн кабыл албаса ичип кетет, эне өзүн кабыл албаса балдары башкара баштайт. Кыз өзүн кабыл албаса уялчаак, тартынчаак болот, жигит өзүн кабыл албаса эл алдына чыгып сүйлөй албайт, бала өзүн кабыл албаса оюн жеткиликтүү түшүндүрүп айта албайт.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан