КМШ ЛИДЕРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ЖОЛУГУШАТ

Бишкекте 13-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити өтөт. Бул маанилүү жыйындан 1 күн мурун Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапары орун алды. Орусия лидери 12-октябрда эртең менен Бишкекке келип, аны “Манас” аэропортунан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ушул эле күнү Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү.

Путиндин иш сапары жана саммитке байланыштуу Бишкектеги мектептер 2 күн онлайн форматта иштөөгө өттү. Борбор шаардын көчөлөрүн жүздөгөн МАИ кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат, негизги көчөлөр маал-маалы менен жабылып турары эскертилди. Айтылуу “Ош базары” да 2 күнгө жабылды.

Саммитке 10дон ашык өлкөнүн президенттери келери күтүлүп жатат. КМШга мүчө Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул жыйынга келбей турганын маалымдады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан