УКМК убагында аталган эки жаранга жогорку билим тууралуу диплом мыйзамсыз берилгенин БШКга маалымдаган. Мындан кийин БШК аларды депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин чыгарган. Эки депутат бул чечим боюнча сотко кайрылып, административдик жана Бишкек шаардык соту БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапкан. Бул окуяга акыркы чекитти Жогорку Сот коймокчу.