«Жылдын супер актёру»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

МИТХУН ЧАКРАБОРТИ

№245 13-19-июль, 2007-ж.


Кинотеатрларга барып алып жүрөк козгогон индия кинолорун көрүп көз жаш куюлган учурлар эсиңизде болсо керек. Ал эми жөн гана кино көрүп отурган адамды ыйлаткан актёрлордун талантына тан берсе болот. Ошондой таланттуулардын бири болгон легендарлуу Индия киноактёру Митхун Чакраборти тууралуу кененирээк маалыматтарды сиздерге гезитибиздин бүгүнкү санында сунуштайбыз.

БАЛАЛЫК

Митхун Чакраборти 1950-жылы 16-июнда Бенгалиянын түндүгүндө жайгашкан Калькутта шаарында төрөлгөн. Ата-энеси телефондук компанияда катардагы кызматкерлер болуп эмгектенишчү. Жөнөкөй үйбүлөнүн кулуну Митхун кичинекей чагында эле башынан кыйынчылыктардын бир тобун өткөрүп, жокчулуктун даамын татып чоңойгон. Кийинчерээк үч карындаштуу болот. Учурда алардын экөө турмушта, ал эми үчүнчүсү Кудайдын жолуна түшүп, Гималайдагы чиркөө­лөрдүн биринде жашайт. 60-жылдары Митхун 10 жаш курагында өз өлкөсүндө уюшулган жаштардын экстремисттик кыймылы наксалиттердин катарына кошулган. 1971-жылы бийлик мындай жаштарга кысым көрсөтүп, алардын бир тобун көп жылдык камоого алып, кээ бирлерин өлүм жазасына да тарткан. Митхунду ата-энеси баласын сактап калуу максатында Бомбей шаарына туугандарыныкына жөнөтөт. Ал жактан да адегенде турмуш өз кысымын көрсөтүп, же билими, же акчасы жок болгондуктан, жумуш издөөгө туура келет. Алгач косметикалык компаниялардын бирине ишке орношуп, парфюмериялык товарларды жарнамалап, сатып акча табуунун жолун табат. Мүмкүн бул дагы тагдырдын белегиби, айтор, көчө кыдырып өз кардарларынын товарын жеткирүү үчүн чыккан Митхун Пуна шаарчасындагы Кино институтунун актёрдук факультетине таланттуу жаштардын кабыл алынып жатканынан кабар алат. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле театр искусствосуна кызыгып, актёр болууну самачу. Бомбейге келиши менен кыялындагы кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө кичинекей болсо да жакындай баштаган эле. Тапшыруу сынагынан жылдыздуу жүзү жана аткаруучулук талантынын күчтүүлүгү үчүн кароо комиссиясын жеңген болсо, тилекке каршы, кедей-кембагалдардын катарынан чыккандыгы бир топ тоскоолдуктарды жаратат.

КАРЬЕРАГА КАДАМ

Алгачкы жолу Митхун киного тартылууну Дулал Гухтун “Два незнакомца” фильминде эки мүнөттүк эпизоддо ойноо менен баштаган. Бирок, ошол учурдун эң таанымал жубайлары Амитабх Баччан менен Рекхалар дагы бул кинодо ойногондуктан, Митхундун бар-жогуна эч ким деле көңүл бөлгөн эмес. Мындан көп узабай эле “Королевская охота” аттуу фильминде баш каармандын ролун жараткан. Сантал уруусунан чыккан мергенчинин ролун эң жакшы жаратуу үчүн бул урууга кошулуп, алардын салт-санааларын тартып, мергенчиликте колдонгон ыкмаларына чейин өздөштүрүүгө да жетишет. 1976-жылы бул кино экран бетине чыгып, улуттук кинофестивалдан “Золотой лотос” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми Митхун Чакраборти өлкөнүн мыкты актёру деп табылган. Бирок, бат эле унутта калуу коркунучуна кабылат, башка кинолорго тартылууга сунуштар түшпөгөндүктөн, Митхун майда-барат гана эпизоддорго тартылууга аргасыз болгон. Бир гана аткаруучулук жагынан эмес, бийчилик жагынан да таланттуу Митхун ошол кезде Рана Рез деген ат менен бий-шоуларга да катышчу экен. Карьералык даражасынын жогорулоо мезгили 1980-жылдарга туура келет. Анткени, Митхун режиссёр Баббар Субхаштын “Танцор Диско” аттуу чоң долбооруна чакыруу алат. 1982-жылы бул кино жарыкка чыгып, Митхун популярдуулуктун туу чокусун багындырат.

«ТАНЦОР ДИСКО»

Дал ушул фильм аркылуу Митхун Чакраборти киносүйүүчүлөрдүн жүрөгү­нөн орун алган. Күңүрт кинолордон тажаган жаштарга жаңы стиль менен жаралган “Танцор Диско” фильми башкача таасир калтырып, тез эле эң популярдуу киного айланат. Өкүнүчтүүсү, фильмдин күйөрмандары жер жүзүн­дө өтө эле көп болгондуктан, кинотеатрлардын кассаларында билет үчүн болгон талаш-тартыштардын айынан өлүмгө дуушар балгондор да бар. Ошондуктан, Советтер Союзунун кээ бир өлкөлөрүндө бул фильмди көрсөтүүгө катуу тыюу салышкан.
Эс алуучу жайларынын бийлөө аянтында, радиоберүүлөрдө, үйдөгү магнитофондордо фильмдеги «I Am A Disco Dancer» («Мен Диско бийчиси») ыры жаңырып турган. Ал эми кээ бир жаштар өздөрүнүн кумири Митхундун бийлөө кыймылдарын кайталап бийлешээр эле.
Кыскасы, Митхун ошол учурдун эң эле идеалдуу, төгөрөгү төп келишкен актёруна айланган. Музыканын коштоосундагы мушташ аралашкан бул фильм Баббар Субхаштын режиссёрлук жаатындагы алгачкы кадамы болсо да, Митхун экөөнүн атагын алыска тараткан. Индия киносунда жаңы жанрда тартылган “Танцор Диско” фильми “Индия мюзикли” деген атка конгон. Мындан кийин эле ушул жанрда тартылган “Танцуй, танцуй”, “Храм любви”, “Коммандос”, “Враги” деген сыяктуу кинолор биринин артынан бири жарыкка чыга баштайт. 80-жылдары Митхун жылдын эң атактуу жылдызы аталып, ал катышкан кинолор сөзсүз түрдө хитке айлангандыктан, өз өлкөсүнүн кинорежиссёрлорунун акча табуу куралына айланган. Бир эле учурда 5-6 киного тартылгандыктан, иш күнүн да ошончого бөлүштүрүүгө туура келээр эле. Ал гана эмес, канча киного тартылса, ошончо жолу макияж сүртүп, ошончо жолу кийим которууга туура келгендиги актёрдун кыжырына тие баштайт. Мындан кийин тасмаларга тартылууну азайтканына карабастан учурда анын эсебинде 317 фильм бар. Азыркы тапта да 60ка жакындап калганына карабай актёрдук кесибин таштабай келет. Ал эми сүйүктүү кумириңиздин катышкан кинолорунун кайсынысында кандай роль жаратканын сиз баарынан жакшы билсеңиз керек. “Митхун карып калды. Эми мурдагы жакшы көргөн актёрубузду жаңы кинолордон көрө албайбыз”,- деп кайгырбай эле койсоңуз болот. Анткени, анын учугун улоочу уулу бар.

АКТЁРДУН ҮЙБҮЛӨСҮ

Митхун Чакраборти Рана Рез деген псевдоним менен бийчи катары элге таанымал болуп турган кезде белгилүү фотомодель Хелен Льок менен жакын мамиледе боло баштайт. Көп узабай “Суракша” фильминен тапкан акчасына Хелен менен үйлөнүү тоюн өткөрөт. Ушул күндөн тартып анын үйүндө Хелендин ар түрдүү пародадагы сүйүктүү иттери алар менен чогуу жашай башташат. Буга чейин Митхун иттерге эмес, балык багууга кызыкчу. Бирок, азыркы учурда Митхундун 12 ити бар дешет. Тилекке каршы, жубайлар биргеликте көпкө жашашкан эмес. Дүйнө кыздарынын жүрөгүн жаралап, бир канча убакыт жалгыз жашаган. Бирок, Митхундун да жүрөгүн Йогита Бали аттуу актриса багынтып, экөө баш кошушат. Учурда ортолорунда 3 уулу, 1 кызы бар. Эл арасында «көптөгөн кинолордо бирге тартылган шериги, индия кинолорунун супер жылдыз айымы Шри Деви менен Митхундун мамилеси бар» деген ушак кептер жүрөт. Бирок, мындай ушактарды Митхун четке каккан. Анын дагы бир себеби, Индияда үйбүлөгө өтө камкор мамиле кылышат жана салттары да күчтүү эмеспи. Ал эми Йогита болсо үйбүлөсү үчүн артисттик карьерасын таштаган экен. Бир кездеги ачка, жокчулуктун айынан күнүнө бир гана ирет тамактанган Митхун учурда Индиядагы эң бай адамдардын катарына кошулууга жетишти. 1986-жылы эле мындай деңгээлге көтөрүлүп, көрүнүктүү адамдардын арасынан эң көп салык төлөөчү деп табылган. Актёр бош убактысында сүйүктүү жубайы жана балдары менен өзүнүн менчик фермасында малдардын арасында эс алганды жакшы көрөт.
«Алма шагынан алыс түшпөйт» демекчи, Митхундун улуу баласы Макакшай (Мимох деп эркелетишет) да актёрдук кесип менен алектенүүдө. Учурда “Жи­ми” аттуу киного тертылып жатат. Бул тууралуу “Мимох менден өткөн популярдуу актёр, бийчи боло алат. Анткени, анда талант бар жана Мимохтун бою менден узунураак, өзү агыраак”,- дейт Митхун. Легендарлуу актёр бир гана кино дүйнө­сүндө гана чектелбестен, бир канча мейманканалардын, киностудиялардын ээси.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21621;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: