СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Эден Азар футболдогу карьерасын жыйынтыктады

“Реал Мадрид” командасынын мурунку оюнчусу Эден Азар футболдогу карьерасын жыйынтыктаганын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал өз баракчасына “убагында токтотууну билиш керек, 16 жылдык карьерамда 700дөн ашык оюнга катыштым. Эми карьерамды жыйынтыктоону туура көрдүм” деп жазат.

Эден Азар Бельгия курама командасынын тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири. Ал Бельгиянын курамында 126 беттеш өткөрүп, 33 гол киргизген. 2018-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон.

Футболчу 2019-жылы “Реал” менен келишим түзүп, үстүбүздөгү жылдын июль айында контрагын токтоткон. Ал эми профессионалдык карьерасын 2011-жылы “Лилл” командасында ойноо менен баштап, ушул эле жылы Франциянын биринчилигин утуп алышкан. 2012-жылы “Челси” футболдук клубуна өтүп, 7 сезон бою оюн өткөргөн. Бул убактын ичинде Англиянын эки жолку чемпиону аталышып, Англиянын жана Европа Лигасынын кубогуна ээ болушкан. Ал эми ар кандай жаракаттарынан улам “Реал Мадрид” клубунда биринчиликтерге илинген эмес.

Эдил Эсенгулов бразилиялык мушкер менен беттешет

Аралаш мушташ боюнча Санкт-Петербургда өтүүчү АСА 166 турниринин алкагында 77 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык Эдил Эсенгулов бразилиялык Винисиус Круз менен кез келет. Турнир 24-ноябрда орун алат.

Белгилей кетсек, Эдил Эсенгулов 22-сентябрда Минскидеги ACA 163 турниринде Гран-при үчүн беттеште орусиялык Анатолий Бойко менен кез келип АСА турниринде дебют жасамак, бирок беттеш өтпөй калган. Ал өз сөзүндө АСА Лигасы кыял болгонун, мында чыныгы жырткычтар мушташарын, алардын арасында биринчи болуу сыймык экенин билдирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан