ТОЙДУН ХИТ САЛАТТАРЫ

Берекелүү күздө той бергендер арбын. Жакшылыкты себепчи кылып конок күтүүгө даярданып жаткан кожойкелерибизге жардамга келели. Учурда көп даярдалып, желип жаткан хит салаттардын рецебин сунуштайбыз.

«Даамдуу уя»

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Колбаса – 250 грамм

Катуу сыр түрү – 150 грамм

Бадыраң же туздалган бадыраң – 250 грамм

Помидор же черри помидору – 200 грамм

Салат жалбырагы – 1 боо

Чечил сыры – 80 грамм

Майонез – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Колбасанын ордуна бышкан эт кошсоңуз да болот. Этти же колбасаны, сырды өтө чоң эмес жука туурап алабыз.

2. Жашылчаларды жууп-тазалап, аларды да жука туурайбыз. Черри помидорун колдонсоңуз тең экиге бөлүнөт. Салат жалбырагын кол менен 3-4кө бөлүү жетиштүү.

3. Чечил сырын тарамдарынан ичке кылып ажыратып чыгабыз.

4. Чечил сырынан башка бардык азыктарды бир идишке чогултуп, каймак же майонез кошуп аралаштырып, тарелкаларга салабыз. Үстүнө уя сымал чечил сырын жайгаштырып, дасторконубузга коё берсек болот.

Кытай салаты

Керектелүүчү азыктар (3-4 порция үчүн):

Уй эти – 400 грамм

Кызыл, жашыл болгар калемпири – 3 даана

Бадыраң – 400 грамм

Кинза – 1 боо

Көк пияз – 4-5 талча

Өсүмдүк майы – 30 миллилитр

Уксус (9%) – 1 аш кашык

Күнжүт – 1 аш кашык

Соус үчүн:

Соя соусу – 4 аш кашык

Сарымсак – 4 тишче

Кориандр – 1 чай кашык

Ачуу калемпир – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраң, болгар калемпирлери ичке узун тууралат. Ашкөктөрдү да чоң-чоң тууроо кажет.

2. Этти ичке узун туурап, көмөч казанда ысып турган майга салып, бир аз туз себелеп 10-15 мүнөттөй кууруп чыгарабыз.

3. Соуска керектүүлөрдүн баарын бир идишке куюп аралаштырып, тууралган этти салып маринаддайбыз. Сарымсакты эзип кошуу керек. Эт аз дегенде жарым саатка чейин маринаддалганы жакшы.

4. Ушул эле көмөч казанга жарым шакек тууралган пиязды 1-2 мүнөт кууруйбуз да, үстүнө болгар калемпирлерин салып 2-3 мүнөт кууруп алабыз, булар жарым-жартылай эле бышышы керек.

5. Бардык азыктарды бир идишке салып, уксусту куюп аралаштырабыз. Тарелкаларга салып, үстүнө күнжүт себелеп коёбуз.

«Кызыл күз» салаты

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Уй эти – 600 грамм

Анар дандары – 100 грамм

Микс салат жалбырактары (шпинат, рукола, райкан) – 150 грамм

Көк пияз – 4-5 тал

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Соя соусу – 4 аш кашык

Картошка крахмалы – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти ичке узун же жалпак туурап, соя соусун кошуп аралаштырып коёбуз. 20 мүнөт маринаддап, андан соң ашыкча суусун төгүп, крахмалды кошуп аралаштырабыз.

2. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда этти салып 15 мүнөт куурабыз.

3. Салат жалбырактарын кол менен 2-3кө бөлөбүз.

4. Даяр азыктарды өз-өзүнчө же баарын аралаштырып тарелкага салууга болот. Салатыбыз конокторду тамшандырууга даяр!

«Назик даам» салаты

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Тоок эти – 300 грамм

Жумуртка – 5 даана

Консерваланган буурчак, жүгөрү – 50 граммдан

Бадыраң – 200 грамм

Майонез – 2 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сууга туз татытып, тоок этин салып бышырып алып, майда төрт чарчы же жалпак туурайбыз.

2. Жумуртканы да сууга бышырып, аарчып, чарчы туурап алабыз. Бадыраңдын кабыгын аарчып, чарчы туурап, туз себелеп аралаштырып, суусун чыгарганча ала турабыз. Суусун төгүп салабыз. Бул салатыбыз ашыкча шире чыгарбашы үчүн керек.

3. Консерваланган жүгөрү, буурчакты да кошордо жакшы сарыктырыңыз.

4. Эми баарын бир идишке салып, майонез кошуп аралаштырабыз. Фантазияңызга жараша кооздоп тарелкаларга салып, дасторкондун көркүн ачыңыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан