ИЗРАИЛЬ-ПАЛЕСТИНА ЖАҢЖАЛЫ: ДҮЙНӨ АПААТТЫН ООЗУНА КЕПТЕЛДИБИ?

7-октябрь күнү Палестинанын “Хамас” кыймылы “Аль-Акса ташкыны” операциясын баштаганын жарыялап, Израилдин аймагына массалык ракеталык чабуул койду. Израилдин каршы чабуулу көп күттүргөн жок. Газа тилкеси аёсуз аткыланып, эки тараптан тең миңдеген өмүрлөр кыйылды. Шаарлар талкаланууда. Бул жаңжал үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачабы? Эксперттер эмне дешет?

“Арабдардын жери жөөттөргө өтсө, ал жер канга чыланат...”

Израилдин тарыхына токтолсок, араб өлкөлөрү жайгашкан аймакта еврейлердин мамлекетин түптөөгө арабдар караманча каршы болуп келишкен. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Британия империясы ошол кездеги тарыхый Палестинаны башкаруу мандатын алган. Көп өтпөй алдынкы державалык өлкөлөр: Улуу Британия менен Франция Палестинанын 80 пайызга жакын аймагын бөлүшүп алып, келечекте түптөлө турган араб өлкөлөрүнө өткөрүп беришет. Натыйжада Трансиордан деп аталган чыгыш жээги Иорданияга, Голан аймагы Сирия менен Ливанга өткөн. Палестинанын калган 20 пайыз аймагын 1937-жылы еврей жана араб мамлекеттерине бөлүү сунушталган. Тегереги бүтүндөй араб өлкөлөрү менен курчалган аймакта еврейлердин мамлекетинин жаралышына арабдар макул болушкан эмес. Палестинадагы араб жогорку комитетинин мүчөсү Жамал Аль-Хусейнинин: “Эгер Палестинанын канча бир бөлүгү еврейлерге өтсө ал отко күйүп, канга чыланат” деп айтканы бар. Сыягы, эки эл тарыхый ыйык жерде тынчтыкта жашай албасына көзү жеткен өңдүү. Ошентип арабдардын каршылыгына карабай тарыхый Палестинанын аймагында 1948-жылы Израиль мамлекети түзүлгөн.

“Хамастын” Израилге кол салуусунун себеби эмнеде?

Жаңжалдын себеби – геосаясий жана диний кызыкчылыктардын кагылышында. Көйгөйдүн тамыры – Жер ортолук деңизи менен Иордан дарыясынын ортосундагы жерлерди көзөмөлдөө үчүн арабдар менен еврейлердин ортосундагы кылымдардан бери чечилбеген чыр-чатактарда жатат. Алсак, тарыхый Иерусалим шаары арабдар үчүн да, еврейлер үчүн да ыйык жер деп эсептелет. 7-октябрга чейин деле араб аскерлештирилген радикал топтору Израилди жок кыларын, тарыхта алардын өлкөсү болбогонун айтып коркутуп келишкен. Айрым дүйнөлүк саясий талдоочулар “Хамастын” Израилге кол салуусун Батыштын көңүлүн Украинадагы согуштан буруу деп болжолдошууда. “Хамас” кыймылын курал-жарак менен камсыздап, Израилге каршы тукурган негизги колдоочусу деп Иран мамлекети айтылууда. Дагы бир себеби, “Хамас” кыймылы Израилдеги миңдеген өз аскерлерин барымтадан бошоткусу келет, ошол үчүн Израилге кол салганда жүздөн ашык еврей аскерин жана жай тургундарын барымтага алып кетти дешет эксперттер. 7-октябрда башталган жаңжалда Израиль тараптан 1100 адам, ал эми Палестина тараптан миңге жакын адам мерт болду деп кабарланды (11-октябрга карата). Дүйнө мамлекеттери учурда Израилди жана Палестинаны колдогон тарап болуп эки жээкке бөлүндү. Швейцария, Грузия, Франция, Германия, Улуу Британия жана бир катар Батыш өлкөлөрү “Хамас” кыймылынан зордук-зомбулукту токтотууну талап кылып чыгышса, Иран Палестинаны жана Иерусалимди биротоло бошотконго чейин палестиналык согушкерлер менен бирге турууга убада берди. Ал эми Катар өлкөсү Палестинанын кол салууларына жана Газа тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна Израиль гана жооптуу деп билдирди. Кыргызстан эки тарапты кепке келүүгө чакырды.

Жириновскийдин божомолу туура чыктыбы?

ЖМКлар орус саясатчысы Владимир Жириновскийдин көзү тирүүсүндө айткан сөздөрүнө көңүл бурушууда. Ал 2019-жылы бир телеберүүнүн эфириндеги талкууда минтип айткан:

“Силер Жакынкы чыгыштагы кырдаалды эске албай жатасыңар. 2023-жылдын аягында дүйнөлүк коомчулукту Украинада эмне болуп жатканы кызыктырбай деле калат. Анткени Батыш, АКШнын көңүлү Израилге бурулат. Алардын арабдар менен тиреши үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барат. Иран бул Вьетнам же Түндүк Корея эмес. Эң коркунучтуу окуялар ушул жерде болот”.

Эксперттер Жириновскийдин билдирүүлөрүндө дүйнөлүк саясаттагы тенденциялардын так анализи камтылган экен деп белгилеп жатышат.

Жыргалбек Касаболот, конфликтолог: “Израиль өзүнө кол салуу болорун билбей калды дегенге ишенбейм”

– Израилдин лидери Биньямин Нетаньяху “биздин мындан аркы аракеттерибиз Жакынкы Чыгыштагы абалды өзгөртөт” деп ачык эле билдирди. Демек, Израиль азыркы аракеттери менен эле токтоп калбайт. Тарыхый аналогия жүргүзсөк, 2001-жылы 11-сентябрда АКШда Нью-Йорктогу эгиз имараттардын кулашы америкалык аскерлердин Ооганстанга киришине себеп болгон. Андан кийин түзүлгөн ооган бийлигин бир нече жыл бою Жакынкы Чыгыштагы мунай ресурстарын АКШга чыгарып кетүүнү көздөгөн америкалык “Юнокал” компаниясынын мурдагы кызматкери Хамид Карзай башкарып келди. Эгерде АКШ менен Израиль табигый өнөктөш экенин эске алсак, бул окуялардын натыйжасы да окшош болорун айтууга негиз бар. Аталган окуяларды окшош кылып турган дагы бир жагдай: АКШда жалпы 12 чалгын органы бар. Израилдин Моссады да дүйнөдөгү эң күчтүү чалгын кызматы деп эсептелет. Ошондой мүмкүнчүлүктөрү колунда турган бул эки мамлекет өздөрүнө багытталган кол салууну билбей калды дегенге жеке мен ишенбейм. Мындай окуялар алдын ала пландалган, макулдашылган, бир топ курмандыктарга көз жумган, алысты көздөгөн процесске көбүрөөк окшоп турат. Мында мен араб мамлекеттерин жана “Хамас”, “Хезболла” сыяктуу уюмдарды өз алдынча оюнчу катары эсептебейм. “Террордук” деп эсептелген уюмдардын дээрлик баарынын артында кайсы бир мамлекеттердин атайын кызматтары же эл аралык түзүмдөр турат. АКШ Израиль менен Палестинанын чатагын күчөтүү боюнча аракеттерди мурдатан эле даярдап келген. Мен Израил менен Палестинанын чатагын башынан бери эле глобалдык күчтөрдүн атайын чыгарган, жасалма долбоору деп эсептейм. Эгерде араб дүйнөсү чын ниетинен бирдиктүү аракет кылса, АКШнын колдоосуна карабай Израилди жок кылып коюуга акчасы да жетет, географиялык шарты да туура келет. Бирок араб дүйнөсүндөгү эң бай мамлекеттерде АКШнын базалары турат, арабдардын эң байларынын акчасы да Батышка тиешелүү банктарда. Ошондуктан бул окуялар – ошол үстүнөн башкарылган процесстердин уландысы.

Кыргызстан тууралуу айтсам, улуттук кызыкчылыкты коргоо, ал үчүн кандай болбосун кадамдарга баруу жагынан Израилден ала турган сабактарыбыз көп. Анткени Израиль – душмандарынын курчоосундагы, милитаризацияланган, өзөгүн жоготпогон улутчул мамлекет. Демек, анын буга чейинки тажрыйбасы Кыргызстан үчүн актуалдуу. Алы жетпеген акыретчил болбой, эл аралык түзүмдөргө анча үмүт артпай, өзүбүз мүмкүн болушунча күчтүү болушубуз керек.

Экинчиден, коңшу мамлекеттердин эли демографиялык жактан алда канча тезирээк ыргакта көбөйүп, миграция күчөп турган шартта биз да чек ара маселесин улуттук кызыкчылыкта чечишибиз керек. Айрыкча анклавдар маселесин өзүбүзгө ылайык чечип албасак, ал кийин чоң баш ооруга айланат. Чек араны чечүүдө стратегиялык жагдайларды эске алуу андан бетер маанилүү. Алыс барбайлы, жакында жери Өзбекстанга берилген Кемпир-Абад суу сактагычы Ош жана Жалал-Абад облустарын байланыштырган негизги жолду жөөлөп турат. Бул абдан кооптуу биз үчүн.

Чынара Эсенгул, серепчи: “Израиль арданганынан катуу баратат”

– Жакынкы чыгыштагы согуштук абал - дүйнөлүк деңгээлде коопсуздукка кепилдик болгон түзүлүштөрдүн иштебегенинен болуп жатат. БУУнун алдында коопсуздук кеңеши бар, ага 5 мамлекет такай мүчө, 10 мамлекет улам алмашып турат. Бирок кылган иши кагаз, талкуу жүзүндө гана калып, реалдуу жыйынтык көрсөтүшкөн жок. БУУ өз алкагында реформа жасай албай, кечиккендиктен ушундай окуялар орун алды. Ири державалар ортосунда күчтөрдүн, кызыкчылыктардын балансы деген бар. Ошол державалардын аракети менен дүйнөдөгү ар кайсы конфликттер “тоңдурулуп”, басылып келген. Азыр ал державалардын баары Украина менен алаксып, башкаларга көңүл бурууга алы жок. Ушул учурдан пайдаланып ар кандай террордук уюмдар абалды курчутуп жатышат. Мисалы, Тоолуу Карабахты алуу үчүн Азербайжан канча жыл даярданып, күттү. Орусия Украина менен алек болуп жатканда дароо Карабахты алып койду. “Хамас” уюму да ошол ыкманы колдонуп израилдиктер басып алган жерлерин кайтарууну каалашкан. Учурда дүйнө Израиль чалгын кызматынын чабалдыгын, коопсуздук системинде каталар бардыгын айтып сындап жатышат. Израиль арданганынан катуу баратат. Бул, албетте, көп адам жоготууларына алып келет. Араб мамлекеттери канчалык биригип Израилге туруштук берет, аны убакыт көрсөтөт. Бирок “Хамас” уюму Азербайжандын сценарийи менен ийгиликке жетпейт деп ойлойм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан