Нурзат Нуртаева: “АТА-ЭНЕМ КАРШЫ БОЛГОНУНА КАРАБАЙ КҮРӨШТҮ ТАНДАГАМ”

Бул жолку каарманым кыргыздын тайманбас кыздарынын бири. Кытайда өткөн Азия оюндарына бара турганы чукул такталганына карабай, атаандаштарын жеңип финалга чыккан Нурзат Нуртаева менен баарлаштык. Азия оюндарында Мээрим Жуманазарованын ордуна килем үстүнө чыккан Нурзат Нуртаева деген ким? Балбан кыз менен кенен тааныштырабыз.

Каарман тууралуу:

Туулган жылы, күнү – 2002-жыл, 9-январь

Туулган жери – Талас облусу, Чыңгыз Айтматов району, Кара-Буура айылы

Бою – 173 сантиметр

Салмагы – 68 килограмм

Билими – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 3-курсунун студенти

Жетишкендиктери – Азия оюндарынын күмүш медалчысы, Кыргызстандын 3 жолку, КМШ оюндарынын бир жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун күмүш, Азия чемпиондугунун, КМШ оюндарынын коло байгесинин ээси

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Саламатсызбы, Нурзат, ийгилигиңиз кут болсун! Алгач ирет барып Азия оюндарынан күмүш медаль тагынуу чоң жетишкендик. Сезимдериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?

– Саламатсыздарбы, рахмат. Негизи менин Азия оюндарына барарым бир жума калганда эле чечилди. Бул салмак категориясында Мээрим Жуманазарова бармак. Жаракат алып калгандыгына байланыштуу анын ордуна мен барып калдым. Ошентип бул сапар күтүүсүз болду. Финалга чыкканымда өзгөчө сезимдер болду. Ал сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Күтүлбөгөн жерден болгон бул ийгилик үчүн өзүм абдан кубанычтамын. Чынын айтканда, жаш кыз деп менден мындай жыйынтыкты эч ким күткөн деле эмес. Финалдык беттеште аябай жакшы дем менен жеңишке жетип, алтын медаль тагынам деп чыккам. Болгон күч-аракетимди жасадым, тилекке каршы, жеңишке жетише алган жокмун. Мага күмүш медаль буюруп турган экен.

– Бул медаль сизге оңой эле келген жок. Азия оюндарына барасың дегенде кандай кабыл алдыңыз?

– Албетте, ар бир жетишкендиктин артында көптөгөн кыйынчылыктар жатат. Машыгуулар, салмак... Бул мелдеште 68 килограмм салмак ченинде чыга турган болгондуктан 5 килограмм салмак ташташым керек болду. Чукул аралыкта салмак таштоо өтө кыйынга турду. Анын үстүнө бутумда да жаракат бар эле. Барарымды укканда жаракатымды, убакыттын аз калганын ойлодум. 100 пайыз даяр болуп барып күрөшкүм келген. Бирок ушундай мүмкүнчүлүк берилип, моюнума жоопкерчилик артылып жатат. Жаракатымды унутушум керек, агайларымдын айтканын угуп, үйрөткөн тактикаларын колдонуп бар күчүмдү жумшап күрөшүшүм керек дедим.

– Азия оюндары жакшы тажрыйба болду. Кайсы беттеш эмнеси менен эсиңизде калды?

– Биринчи беттешим аябай оор болду. Бирок өзүмө ишендим. Негизи эле биринчи беттештен өтүп алсаң, калгандары жеңил боло түшөт. Ооба, сиз айткандай, бул мелдештен абдан чоң тажрыйба алдым деп айта алам. Чоңдор арасындагы мелдештерге чыга баштаганыма аз эле убакыт болду. Буга чейин жаштар арасындагы мелдештерге чыгып жүрчүмүн да.

– Өзүңүз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Кай жактын кызы болосуз?

– Талас облусундагы Чыңгыз Айтматов районунун Кара-Буура айылынан болом. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн. Эки байкем, бир эжем, бир иним бар. Үйдө менден бөлөк спортчу жок. Спортто, күрөш чөйрөсүндө мен элемин.

– Күрөш дүйнөсүнө качан, кантип келип калдыңыз эле? Спорчу болушуңузга кимдердин таасири, салымы чоң?

– Кичинемден эле өтө шок, тентек кыз болчумун. Балдарга кошулуп алып чуркап, ойноп, спортко жакын өстүм. Өзгөчө күрөшкө кызыкчумун. Күрөшкө 16 жашымда, кечирээк келип калдым. Негизи эрте эле баштамакмын, үйдөгүлөр “кыз кишиге күрөштүн кереги жок, кыз киши окушу керек” деп каршы болуп туруп алышты. Анын үстүнө биздин айылда күрөш залы жок эле. Кийинчерээк коңшу айылда күрөш залы бар экенин угуп, классташ балдарымды ээрчип барып калдым.

– Анан үйдөгүлөрдү кантип көндүрдүңүз?

– Көгөрүп, окууга барбай коём деп коркутуп жүрдүм. Залга жибербей коюшса үйдүн терезесинен качып чыгып кетчүмүн. Анан кайра кайтып келгенде үйгө киргенден коркуп сыртта тура берчүмүн. Апам сезчү эшикте турганымды, анан өзү киргизчү. “Бул болбойт окшойт, мейли эми барып көрсүнчү бир жума. Кыйналганда өзү эле барбай калат” деди. Мен бир жума эмес, бир жарым ай үзгүлтүксүз машыктым. Анан эле өлкө чемпиондугу өтө турган болуп, Бишкекке келип калдык. Азыркы машыктыруучум Үсөн Рыскуловдун кыздарды кантип машыктырганын, секундант болуп күйүп карап жатканын көрдүм. Ушул агайдын колунда машыксам деп кызыктым. Ошондо айылдын машыгуусу менен Бишкектин машыгуусунун деңгээли эки бөлөк экенин, айылдан өсүш кыйын болорун билдим. Агайга телефон чалганда эле “агай, мени машыгууга алып жарым жыл машыктырып көрүңүзчү, эгер менден эч нерсе чыкпаса, анда кет деп айтасыз” деп сурандым. Агай “ойлоном” деп тутканы коюп койду. Бир аздан кийин өзү чалып “келе бер” деп уруксат берген.

– Ошол учурда жыйынтык көргөзөм деп өзүңүзгө ишендиңиз беле, же бир байкап көрөйүн деген ой болду беле?

– Мен негизи бир нерсени кааласам канча тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болсо дагы эч нерсеге карабайм. Көздөгөнүмдү алмайынча жаным тынбайт. Өзүмө ишендим. Агайга келгенде өзүнүн ишин сүйгөн, ишине берилген адам экенин байкадым. Мен дагы өзүмө ишенсем, экөөбүз биргелешип иштесек ийгиликтерди жарата аларыбызга ишендим. Жарым жылга жетпей эле Түрияда өткөн эл аралык мелдештен чемпион болуп кайттым.

– Үйдөгүлөр кантип Бишкекке жөнөттү?

– Кыргызстандын чемпиондугун уткандан кийин үйдөгүлөрдүн пикири өзгөрдү. Бишкекке кетем дегенде унчукпай эле жөнөтүштү. Азыр ата-энем негизги күйөрмандарым, колдоочуларым. Утсам кубанып, ак тилеги менен кубанычтын көз жашы менен тосуп алышат. Утулсам жылуу сөздөрүн айтып сооротуп, ар дайым колдоп турушат.

– Маегиңизге рахмат. Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан