АРИС долбоору кантип социалдык объекттерди модернизациялап жана жылуулукту жакшыртып жатат: Инновациялык чечимдер жана жетишкендиктер

Кыргыз Республикасында коомдук имараттардын көпчүлүгү 50-60 жыл мурда, Совет мезгилинде курулган болчу. Учурда бул имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу кыш мезгилинде температура талаптагыдан төмөн. Ошондой эле билим берүү жана дарылоо мекемелеринде абдан чоң мааниге ээ болгон имараттардагы жарыктын жана абаны желдетүүнүн жетишсиздигин белгилей кетүүгө болот. Кыргызстанда 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштаган “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” АРИС долбоору (ПУТС) имараттарды тейлөөгө кеткен чыгымдарды үнөмдөөдөн тышкары колдонуучулар үчүн жайлуу шарттарды камсыздоого мүмкүнчүлүк берүүчү, кызматкерлердин ишинин жемиштүүлүгүн жогорулатуучу энергонатыйжалуулукка салынган каражаттан алынган пайданы көрсөтүү максатын көздөйт.

– Айтыңызчы, ПУТС (“Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоору) деген эмне жана долбоордун негизги максаттары кандай?

– “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоору Кыргызстандын Министрлер кабинети, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Швейцария Өкмөтүнүн экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) колдоосу астында мүмкүн болду. Долбоордун негизги максаты – мектеп, бала бакча жана оорукана сыяктуу билим берүү жана медициналык мекемелердин имараттарынын энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жакшыртуу.

Долбоордун алкагында республиканын бүт аймагы боюнча 21 объект тандалып алынган. Биринчи цикл өзүнө Талас жана Чүй облустарындагы 6 объектти, экинчи цикл ошондой эле Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 6 объектти камтыды. Үчүнчү цикл Баткен, Ош облустарында жана Ош шаарынын өзүндөгү 9 объектти камтыйт.

– Имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуу үчүн кандай технологиялар же ыкмалар колдонулат?

– Алгач, долбоордун алкагында имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуу үчүн колдонулган технологиялар жана ыкмалар тууралуу айтып бергим келет:

1. Имараттарга толук жылуулоо жүргүзүлдү: Бул минералдык вата жана плита сыяктуу чатыр жана дубалдарды жылуулай турган жылуулукту жылчыксыз камсыздоочу материалдарды колдонуу менен дубалдарды, чатырларды, пол жана пайдубалды жылуулоону камтыйт, пеноплекстен жасалган материалдар пол аркылуу жылуулуктун жоголуусун алдын алуу үчүн пайдубалды жылуулоо үчүн колдонулат. Жылууланган катмар жылуулуктун жоголуусун азайтууга жардам берет жана имаратты жылуулоону жакшыртат.

2. Жылуулукту сактоочу терезе жана эшиктер орнотулду: Эски терезе жана эшиктер жылуулукту чыгаруусу төмөн жабдуулары жана жылуулукту кармап туруучу алкактары (беш камералуу алкактар) менен эки же үч катар айнек пакеттерден турган энергонатыйжалуу варианттарга алмаштырылды, бул сууктун киришин кыйла азайтат жана имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртат.

3. Энергонатыйжалуу жарыктандыруу колдонулду: Кадимки чыңалуу лампаларын светодиоддук лампага (LED) алмаштыруу жарыктандыруу үчүн электр энергиясын пайдаланууну кыйла азайтат. Анын үстүнө LED-жарыктандыруу көбүрөөк натыйжалуу болуп саналат жана узакка кызмат кылат.

4. Энергонатыйжалуу жылытуу жана муздатуу системалары орнотулду: Жылытуу, желдетүү, абаны жылытуу жана муздатуу системаларын колдонуу энергияны керектөөнү азайтууга мүмкүндүк берет жана бөлмөлөрдүн ичинде жайлуу шарттарды камсыздайт. Бул жылуулук насосторун, натыйжалуу от казандарды жана желдетүүчү рекуператорлорду колдонууну камтышы мүмкүн.

“Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында объекттерге жүргүзүлгөн модернизациялоо жылуулук жана электр жарыгына кеткен чыгымдардын орчундуу кыскарышына алып келди.

Долбоордун инженери Мекин Амиров көп өлчөмдөгү жоготуулар терезе жана эшиктер аркылуу өтүп, 35 пайызга чейинки жылуулук жоголорун, дубалдар дагы 25 пайызга чейин, ал эми пол, пайдубал жана чатырдын шыбынын жоготуулары 15 пайызга чейин жетерин белгиледи. Ал гана эмес кыш мезгилинде бөлмөлөрдү табигый желдетүү (курулуш учурунда орнотулган аба чыгаруучу тешиктер терезе жана эшиктердин тыгыз орнотулбагандыгына кошумча болот) аркылуу дагы жылуулук жоголот. Ошондуктан желдетүү аркылуу жылуулуктун жоготууларын азайтуу үчүн мисалы, класстарда (мектеп, бала бакчаларда) жылуулукту рекуперациялоочу дубалга илинүүчү абаны киргизүүчү-соруучу жабдуулар каралган.

– Энергонатыйжалуу курулуш материалдары жана имараттарды жылчыксыз бүтөө кандай роль ойнойт?

– Имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуучу кийинки маанилүү фактор – имараттын тышкы катмарынын абалы болуп саналат. Дубал, шып жана пайдубалдарды жылуулоо үчүн минералдык вата, пеноплекс сыяктуу ар кандай бүтөөчү материалдарды колдонушат, учурда курулушта колдонулуучу пенобетон жана газобетон сыяктуу материалдардын башка түрлөрү дагы жеткиликтүү, - деп белгиледи долбоордун инженери Мекин Амиров. ПУТС долбоорунда долбоорлоо баскычында имараттардын энергонатыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык иш-чаралар жасалат. Башкы этапта жылуулоо абдан чыгымдуу болсо дагы убакыттын өтүшү менен бул чыгымдар өзүн актайт.

– Жарыктандыруунун энергонатыйжалуу системаларын колдонуунун артыкчылыктары кандай?

– Долбоордун алкагында ошондой эле натыйжалуу жарыктандырууну камсыздоо үчүн чаралар көрүлгөн, бул имараттын энергонатыйжалуулугуна өбөлгө түзөт. Чыңалуу лампаларынан 6 эсе натыйжалуу болгон үнөмдүү светодиоддук лампаларды орнотуу. Бул иш-чаралар дээрлик маанилүү жыйынтыктарга алып келди: имараттардагы жарыктандыруу жакшырды, ошол эле учурда энергиянын чыгашалуулугу кыйла төмөндөдү.

Долбоордун инженери ушул чаралардын жардамы менен жетишилген ийгиликтерди белгиледи.

– ПУТС долбоорунун алкагында модернизациялоо процессинен өткөн мектеп, бала бакча, ооруканалардын имараттары бар, энергонатыйжалуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруунун кандай мисалдарын атай аласыз?

– Бүгүнкү күндө “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен жылуулук жоготууларын азайтууга жана имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртууда орчундуу ийгиликтерге жетише алдык. Москва районундагы Сретенка орто мектеби (ОМ), Ысык-Ата районундагы “Алтын балалык” бала бакчасы, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ала-Тоо конушундагы №82 ОМ жана Талас облусундагы эки мектеп – Калба айылындагы А.Солтонов атындагы ОМ жана Маймак айылындагы Р.Шүкүрбеков атындагы ОМ сыяктуу модернизациялоо боюнча иштер аягына чыгарылган бир нече бүткөрүлгөн объекттер бар.

Долбоордук команда модернизациялоого чейинки жана андан кийинки төлөмгө эсептерди салыштыруу менен мониторинг жүргүзгөндүгүн белгилей кетүү керек. Жыйынтыктар электр энергиясынан эле 40 пайызга жакын каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк болгондугун көрсөттү. Бул маанилүү көрсөткүч болуп саналат жана долбоордун өз максаттарына жетүүдөгү натыйжалуулугун тастыктайт.

Жалпысынан алганда, “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоору имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуу, жылуулуктун жоготууларын азайтуу жана энергия керектөөнү кыскартуу милдетин ийгиликтүү жүзөгө ашырып жатат деп эсептеймин.

– Энергонатыйжалуулук курчап турган чөйрөгө жана парник газдарынын саркындыларын кыскартууга кандай таасирин тийгизет?

Имараттарды модернизациялоонун жана алардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуунун жардамы менен жетишилген энергоресурстарды үнөмдөө бир катар маанилүү артыкчылыктарды камсыздайт:

• Экономикалык пайдалар: Энергия пайдаланууну азайтуу жергиликтүү бийликтер үчүн каражаттарды орчундуу үнөмдөөгө алып келет. Бул каражаттарды айылдын жана анын жашоочуларынын башка маанилүү муктаждыктарына кайрадан бөлүштүрүүгө болот.

• Ресурстарды рационалдуу пайдалануу: Имараттарды модернизациялоо энергетикалык инфраструктуранын жүгүн азайтуу менен колдо болгон энергетикалык кубаттуулуктарды рационалдуу пайдаланууга өз салымын кошот жана экологиялык туруктуулукка өбөлгө түзөт.

• Экологиялык туруктуулук: Имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуу энергоресурстарды керектөөнү азайтат, ошондой эле бул парник газдарынын жана энергия өндүрүүгө байланышкан башка булгоочу заттардын саркындыларынын бөлүнүп чыгуусун кыскартат, абанын сапатын жакшыртууга, климатка терс таасирлердин тийүүсүн азайтууга көмөктөшөт.

Жалпысынан алганда, бул туруктуу өнүгүү багытындагы жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

Маалымат үчүн: “Жылуулукту камсыздоону жакшыртуу” долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин колдоосу астында АРИС тарабынан жүзөгө ашырылып жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Швейцария Өкмөтүнүн экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO) тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун негизги максаты – мектеп, бала бакча жана оорукана сыяктуу билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы тандалып алынган коомдук объекттердеги энергонатыйжалуулукту, сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу. Ал мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде жылуулук жоготууларын жана энергия керектөөнү азайтуу үчүн энергонатыйжалуу технологияларды жайылтууга багытталган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан