УЙКУСУЗДУК – инсульт жана инфарктты чакырат

АКШ жана Европанын окумуштуулары уйку режиминин бузулушу ар кандай оору чакырарын, ден соолукка кооптуу экендигин аныкташкан. Уйкусуздук, уйкуну кандыра уктабоо учурда негизги көйгөйлөрдүн бири экени талашсыз. Уюлдук телефон, ааламды алаканыңа салган интернет, азгырыгы күч социалдык желелер... Невролог, реаниматолог Чыңгыз Ниязбеков ушул темада кенен маалымат берди.

“Бир нече күн уктабаган адам дөөрүп калат”

– Адам өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгүн уйку менен өткөрөт. Мисалы 60 жаштагы адамдын 20 жылы уйку менен өткөн. Уйку – организмди ашыкча чарчоодон сактоочу жана ишке жөндөмдүүлүктү калыпка келтирүүчү процесс. Ал нерв системинен көз каранды. Демек, адам бир толкунданса, корксо, кубанса же ооруса нерв дүүлүгүп, көпкө чейин уйку келбейт же адам таң аткыча кирпик ирмебеши мүмкүн. Нормалдуу эс алуу үчүн чоң адамга 7-8 саат уйку керек. Уктабастан жакшы иштеп, жашоо мүмкүн эмес. Уйкудан дайыма жапа чегип жүргөн адам эртең менен турганда өзүн чарчаңкы сезет, шалдырайт, активдүүлүгү төмөн болот. Жөнү жок ачууланып, сөз көтөрө албай, нерви чыңалган абалда жүрөт.

2-3 күн уктабаган адам аң-сезимдүү ойлоно албай калат. Маалыматты кабыл алуудан кыйналат. Бир нече күн уктабаган адам соо абалында айтпоочу сөздөрдү айтып, дөөрүгөн абалга келип калары белгилүү. Эс-тутуму начарлап, көзүнө ар нерсе көрүнүшү ыктымал. Орточо алганда, жол кырсыктарынын ар бир алтынчысы жакшы уктабай калгандан, уйкусуздуктан келип чыгат.

Окумуштуулар өнөкөт уйкусуздуктан иммунитет төмөндөп, инсульт, гипертония, миокарддын инфаркты, зат алмашуунун бузулушу менен семирүүнүн келип чыгуу коркунучу бардыгын эскертип келишет.

Уйкусуздук медицинада «инсомния» деп аталат. Мындан дүйнө элинин 12-15 пайызы жапа чегет. Инсомнияда адам уктаганы жатат, бирок узакка (бир нече саттап) уктай албайт. Же уктап жатып улам-улам ойгонот же аз уктап ойгонуп алат да кайра уктай албай кыйналат. Же таптакыр кирпик ирмей албайт.

Уйкусуздуктун себептери

Жагымсыз эскерүүлөр, санаа, стресстер, депрессия. Мисалы, ажырашуу, бирөө менен катуу урушуу, жакын адамын жоготуу, иштөөгө жумуш таба албагандыктан жапа чегүү.

Организмдеги стресс гормону деп аталган кортизолду бөйрөк үстүндөгү бездер иштеп чыгарат. Ал организмдеги башка гормондордун тең салмакта болушун көзөмөлдөйт. Кечки убак кортизол саат 7-8дерде минималдуу бөлүнүп чыгат. Ал эми эртең менен көбүрөөк бөлүнүп чыгып, башка гормондорду да активдештирип, организмди активдүү фазага даярдайт. Стресстен кортизол кечки убак көбүрөөк бөлүнүп чыкса, организм активдүүлүгүн сактап турат да адам убагында уктай албайт, уйкусуздук жаралат.

Ызы-чуу үндөр

Төшөктүн ыңгайсыздыгы, жарык

Физикалык жактан чарчабагандык. Мисалы, кара жумуш жасабаганда

Уктаар алдында уйкуну качыруучу суусундуктарды ичүү (чай, кофе, энергетик), тамакты көп жеп алуу

Жаман түштөрдүн көп кириши

Оорулар. Түнкүсүн көп ойгонууга аритмия, гипертония, бронхит, бронхиалдык астма, простатит, энурез, псориаз да себеп болот. Булардан тышкары сасык тумоо, инсульт, паркинсон, деменция (алжып калуу), артрит, кызыл жүгүрүк, шизофрения оорулары, баш мээнин жаракатын да кошууга болот.

Апноэ. Бул уктап жатканда коңурук тартуу, дем алуунун улам кыска убакытка токтоп, кайра уланып кетиши. Бул тамак безинин чоңоюп, дем алуу жолун жарым-жартылай, же толук жаап калганда, анан баш мээде рак бар болсо күтүлөт. Ошого адамга аба калыптагыдай жетпей улам ойгонот, уйкусу бузулуп, өнөкөт уйкусуздукка кабылат.

Алкоголдук ичимдик, жумуштун стандарттуу эмес графиги. Мисалы, бир күнү күндүз, бир күнү түнкүсүн иштөө. Же такай күндүз уктап, түнкүсүн иштөө. Ичимдик менен жумуштун стандарттуу эмес графиги адамдын биологиялык ритмин бузуп, уйкусуздукка алып келет.

Тамеки да тынч уйкуну бузат.

Уктаар алдында телевизор, гаджеттерди узакка кароо, көрүү. Экрандан чыккан жарыктар акырындап адамдагы биологиялык ритмди бузуп, уйкусузудукту жаратат.

Паникалык атака. Бул күтүүсүз жерден пайда болуп, аз гана убакытка созулчу коркунуч, тынчсыздануу. Мунун жаралышына көбүнчө жүрөк-кан тамыр оорулары, бронхиалдык астма, кант диабети түрткү болот. Аба жетпей калганда, оорусу кармаганда адам өлүп каламбы деп корко баштайт да, бул сезим мээсине орноп, паникалык атака жаралат. Ушундан улам көптөр өнөкөт уйкуздукка чалдыгышат.

Уйку режимин сактабоо, ар күнү ар кандай убакытта уктоо.

Айрым дары-дармектердин терс таасирлери, мисалы, уктатуучу дарылардын таасири.

Түрлөрү

Транзитордук түрү. Бул бир нече күндөн 1 аптага чейин уктай албай калуу

Орточо түрү. Уйкусуздуктун 3 аптага чейин созулуп кетиши

Өнөкөт түрү. 3 аптадан узакка созулганы, мисалы 3,5 айга чейин же андан көп

Дарылоо

Уйкунун дамамат бузулушунда, өнөкөт уйкусуздукта невролог же терапевтке кайрылуу кажет. Алар оорунун жаралуу себептерине карап, оорулары болсо текшертип, анан уйкусуздуктан кошо дарылайт. Стресс, депрессиядан жабыр тарткандарга психиатр же психотерапевттин да кеңеши зарыл.

Дарылоодо уйкуну чакыруучу дарылар, дары чөп-чарлар менен уйку режими акырындап калыпка келтирилет. Мындай дарыларды ичип жүргөндө алкоголдук ичимдикти ичүү сунушталбайт. Анткени экөө бириккенде реакция жүрөт. Муну адам көтөрө албай кыйналат, ал тургай көз жуумп кетиши мүмкүн. Физикалык көнүгүүлөрдү жасоо, акыл эмгеги менен аз иштөө сунушталат. Айрым учурда физиотерапия сунушталышы мүмкүн. Мисалы магниттик терапия, гальванизация кан жана зат айланууну жакшыртып, булчуңдардагы чыңалууну жазып, уйкуну келтирет.

Уйку бузулганда, өнөкөт уйкусуздукта негизи эле өз алдынча уктатуучу дарыларды ичүү сунушталбайт.

Тынч уктоого эмнелер жардам берет?

Уктаар алдында таза абада сейилдөө, жылуу сууга чайынуу. Суу булчуңдардын чыңалуусун жазат

Моюн, ийин булчуңдарына жумшак массаж жасатуу

Жагымдуу жай музыка, суунун шылдыр үнүнүн таасиринде да “сокур молдо” жакшы жетелейт

Жакшы ойлорго алаксуу, кыялдануу

Уктаарга 1-2 саат калганда гаджет, телевизор көрүүнү токтотуу

Уйку режимин сактоо

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан