ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-октябрдан 22-октябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Жашооңуздагы бардык кемчиликтериңизди жана артыкчылыктарыңызды таразалап, талдаганга убакыт келди. Мындай талдоодон соң кимге буга чейин адилетсиз мамиле кылып жүргөнүңүздү байкайсыз. Жакын бирөөнүн ишеними үчүн күрөшүүгө туура келет.Үй-бүлөлүк маселеде башкы демилгечи өзүңүз болуңуз, тажрыйбаңызга таянып үй-бүлөңүзгө таяныч, калкан болуп бериңиз. Бойдоктор сүйүктүүсүнө шарт коюп, аны айласыз кадамдарга түртпөшү керек.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Аптада энергияңыздын көбүн жумушуңуз алат. Өзүңүздөн улуу кесиптештерге же жакын туугандарыңызга кеңеш сурап кайрыласыз. Чыгашаларыңызды көзөмөлдөп турбасаңыз, тапканыңызды эки күндө коротуп отуруп каласыз. Үй-бүлөлүк мамиледе стресстик кырдаал орун алат, бирок аталган окуядан жакшы турмуштук сабак аласыз, бардык каталарыңызды түшүнөсүз. Карызга акча алуу же берүү сунушталбайт, бирок шылтоолоруңуз жүйөөлүү болушу керек.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Ичиңиздеги каалоолорду эртерээк орундатпасаңыз, аларды ичте көпкө кармап туруу жан дүйнөңүздүн кыйроосуна алып келет. Алыска сапар тартууну пландап жаткандар документтерин бир сыйра текшерип, сак болгону жакшы. Жөн гана жалгыздыктан чарчасаңыз, анда кызыктуу хоббилериңиз менен алектенгениңиз туура. Сүйүүдө мурун мамиле курган адам менен мамилеңизди жаңыртуу сизге анчалык бакыт алып келбейт.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жаңы ишти баштооңузга чечилбеген көйгөйлөр, жеке коркуу сезимдериңиз тоскоол болот. Фобияларыңыз менен күрөшүңүз, ансыз сиз алдыга жыла албайсыз. Балким, достук чөйрөдөгү анча-мынча катыштардан кол үзгөнгө туура келет. Сүйүүдө сезимдериңизди катып жашырынып жүрө бербеңиз, эрдик жасап даректүү адамга сүйүүңүздү билдириңиз. Балалуу бөйөндөр алардын терс кыял-жоруктарын азыртадан жөнгө салганга аракет кылышы керек.


АРСТАН (23.07–23.08)

Аптада колуңузга чоң бийликтин бутагын башкаруу вазыйпасы тиет. Бирок чокуга чыккандан кийин анда көпкө кармалып калуу абдан маанилүү, андыктан тактыдан эрте түшүп калбоону каалабасаңыз жумушуңузга жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыз. Саякаттоого акча чогултам деп жаткандар бүгүнтөн баштап үнөмдөөнү баштаңыз. Өмүрлүк жолдош табууда жүрөгүңүз эмнени каалап жатса ошого баш ийиңиз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Өтө талапчыл жана туура боло бербеңиз. Ири бизнес өнөктөштөрдүн биринин сизге болгон кызыгуусу артат. Эгер сиз жумушта да, жеке жашоодо да ийгиликтүү болууну кааласаңыз эки багытты тең салмактуу караңыз. Эгер сиз ок атуу менен байланышкан кээ бир спорт түрлөрүнө кызыксаңыз, анда бул хоббиңизди азырынча таштап койгонуңуз оң. Анткени курал колдонуу этиятсыздыгы сизди кооптуу абалга алып келиши мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Көп жылдан берки эмгегиңиз бааланып, көп суммадагы сый акы аласыз. Башкалардын чөнтөгүндөгү акчаны эсептебей, өзүңүз да ишкерлик кылып бутка турсаңыз болот. Сүйүктүүңүз сизге жакшы күндөрдү тартуулоого аракет кылууда, бирок мамилени сактап калууда эки тараптан тең каалоо болбосо биринин аракети текке кетет. Бардык таарынычтарды четке таштап, жашооңузду жаңы барактан баштаганга убакыт келди.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Тоскоолдуктар дээрлик болбойт жана бардык ойлогон пландарыңыз ойдогудай нукта кетет. Ишке ашпай калат деп күмөн санап жаткан жумушуңузду таштап, башкасын баштап туруңуз. Чаян айымдар жоопсуз сүйүүдөн жабыркашы мүмкүн. Бул учурда экстремалдуу спорт түрү менен машыгыңыз, башыңыздагы азаптуу ойлорду бошотконго жардам берет. Каржы маселесинде эсепке так болуңуз, майда-барат чыгашаларыңызды азайтыңыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Келечектүү бизнес түптөө идеяңыз ишке ашат. Сүйүү мамилелеринде ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө таянышыңыз керек, антпесе жалпы келечекке болгон пландардын мааниси жок болот. Ажырашуу же жакын досторуңуздун бири менен кол үзүү оюңузда бар болсо, алардан азыртадан алыстап баштаңыз. Катаңызды, күнөөңүздү моюнга алууну үйрөнүңүз, адам артыкчылыгы менен кошо кемчилигин да билсе бир тараптуу чечим жасоодон оолак болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Текечерлер жумушка жаңы келген кызматкерлерге бир нерсе үйрөтүү үчүн жеке убактысын курмандыкка чалууга аргасыз болушат. Бирок эмгегиңиздин акыбети кайтат. Жеке мамиледе чымындан пил жасабаңыз, сүйүктүүңүзгө майда көрүнгөн нерселер сизге чоң көрүнүп, ортодо келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Бул маселеде сүйүктүүңүзгө көп нерсени таңуулап, басым жасабай, өзү чындык деп эсептеген нерсеге да орун калтырыңыз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Бар нерсеге ыраазы болгонду үйрөнмөйүнчө сизге эч качан байлык келбейт. Жаңы нерсени сынап көрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн текке кетирбеңиз. Эгер сизге кооптуу, бирок пайдалуу келишим сунушталса, макул болуңуз, аны ишке ашырууга энергияңыз жана күчүңүз толугу менен жетет. Кызматтагы сүйүү романы тутанышы мүмкүн, бирок жумуш менен жакын мамилени бөлүп кароону үйрөнүшүңүз керек болот.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Жаңы таанышуулардын баары эле жакшы адамдар эмес экенине ынанасыз. Сиз күтпөгөн, болушу мүмкүн эмес деп эсептеген окуялар орун алат. Жеке ишенимиңизге кирген адамдар менен гана иш алып барып жүрүңүз. Сүйүүдө жакын адамыңыз менен мамиленин жаңы этабына өтүүгө убакыт келди. Эгер сүйүктүүңүз муну айткандан уялып жатса, аны алдыңызга отургузуп алып, мындан ары эмне кылуу керектигин сүйлөшүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан