ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн санда)

бара жатты. Көптөн бери бул жакка келе элек болчу. Күмбөздөр көбөйүп кеткенге ата-энесинин коргонун табуу оор болду.

– Эмнеге мынча убакыт келбей жүрдүм,- өзүнө-өзү суроо берди. Ичинде өкүнүп турду. Таба албай каламбы деген ой келгенде жүрөгүн кандайдыр бир коркунуч аралады.

– Эмнеге келбей жүрдүм дейсиң да, сен ата-энеңдин күмбөзүн эстей турган абалда белең?- деп өзүн жекирди. Өзү менен өзү диалог куруп жаткан аялдын жүзүнөн кубаныч байкалды. Аял темир тосмо менен тосулган удаа жайгашкан тааныш күмбөздү көрүп ылдамдай басып жанына жетип барды. Тордон эңкейип атасы жаткан коргондун ичине кирип кетти. Тизелеп отурду да, бир кезде жамгырдан улам жерге ныгырыла катып калган үйүлгөн топуракты чукуй баштады. Тырмалап жатып бир ууч колуна чогултуп алды да, кере-кере тартып жыттап, көзүн бир саамга жумуп ошол калыбынан кыймылдабай отуруп калды. Атасын, атасынын жытын ушунчалык сагыныптыр. Бир кезде көзүнөн сызылып жаш ага баштады. Бир колу менен жүзүн кайра-кайра сүртүп таң калып жатты. Анын таң калганынын жөнү бар, бир нече жылдар бою жүрөгү тоңуп калган муздай эле, кандай жагдай болбосун көзүнөн бир тамчы дагы жаш чыкчу эмес, ушунчалык мерез болчу. Бир кезде ал ушунчалык атасын кучактагысы келди. Анын далысына башын жөлөп өзүн коопсуз, корголгон абалда сезгиси келип кетти. Чөк түшүп отурган абалында чөп баскан боз дөңсөөнү кучактап калды. Көз алдынан балалыктагы бактылуу күндөрү тасмадай сызылып өтүп жатты. Ичин кандайдыр бир жылуу сезим уялады. Ордунан туруп чөк түшкөн абалында терең дем алды да, атасынан кечирим сурагысы келди.

– Ата-а,- деди титиреген эриндерин араң кыймылга келтирип.

– Мени... мени кечирчи. Кызыңды кечирчи. Оңой акчанын изине түшүп... жакшы жашоодо жашайм, акча менен маселем болбошу керек деп жүрүп эмнелерди гана кылбадым? Сен болгонуңда андай кылбайт элем. Билем, сен мени ушул жашыма чейин эркелетмексиң. А мен сен барда акчага зар болбойт элем. Ойлосом, мен адамдардын арасынан сага окшош акчалуу, каалаганына колу жеткен, күчтүү адамдарды издептирмин. Погончондорду ушунчалык жакын көрчүмүн. Алардын жанында алсыз элем. Эч качан алардан баш тартууга кудуретим жетчү эмес. Эмнеге дечүмүн, көрсө, алардан сенин кандайдыр бир бөлүктөрүңдү издептирмин. Мен муну эми гана түшүндүм. Ата, мени ушул каталарым менен кызым деп кабыл алчы,- аял жашын сыга көзүн бекем жумду. Ушул учурда атасы аны жылуу колдору менен чачынан сылап жаткандай туюлду. Бул абалда узакка болгусу келди. Көзүн ачкысы келбеди. Көзүн кандай ачса бул сезимдер ошону менен жоголорунан коркуп жатты. Бир нече мүнөт ошол абалында турду да, көзүн акырын ачты.

– Ата, жакшы тур, мен узакка кетип жатам. Жашоомдун жаңы барагын ачкым келет. Келгенимде сөзсүз сага келем, жаңы кадамым кандай болгонун айтып берем,- дөңсөөнү сылап койду да, андан ары апасынын күмбөзүнө жөнөдү.

Адатынча бир кочуш топурак алып жыттады. Атасынын күмбөзүнөн жеңилдеп алгангабы, эмнегедир ыйлагысы келген жок. Жөн гана апасы менен сырдашкысы келди.

– Апа, мени көп күтсөңүз керек, ээ?.. Ушунча жыл келбегенимде мага санааркадыңызбы? Кызым жакшы жүрсө экен деп Кудайдан тилеп жаттыңызбы? Келбей жүргөнүмө, куран багыштабай жок болгонума таарынсаңыз керек... Таарынбаңызчы, суранам. Мен эмнегедир бардык чындыктан качкым келди. Менде баары жакшы, телегейим тегиздей туюм менен жашагым келди. Көрсө, апа, чындыгымдан качып, ушунча жыл жөн гана өзүмдү алдаптырмын. Чыныгы дүйнөдөн, жашоодон качтым... Качтым, качтым, эмне таптым? Акча таптым, бирок куру жашадым. Бирок апа, эч болбогончо кеч болсун дейт го. Мен эми жакшы адам болууга бел байладым. Апа, мага ак батаңыз керек,- кыз коргонго жакындап ыктап отурду да, алаканын жайып асманды бир карады да, апасынын батасын алып жаткандай алаканын жүзүнө сүрттү.

– Апа, чоңойгондо деле сизге бешик ырын ырдап чачымдан сылаңызчы дей берчү элем го,- жүзүн жылмаюу уялады. – А сиз болсо эч качан жок дечү эмессиз. Маанайсыз турсаңыз дагы менин көңүлүмдү аяп бир куплет ырдап, саамайымдан сылап койчу элеңиз го... Кел азыр бешик ырын сизге мен ырдап берейин. Ошол күндөрдү мага окшоп сиз деле сагынган чыгарсыз.

xxx

Аялды көпкө күткөн жигиттин сабыры түгөндү. Кетип калайын дейт, бирок кантип кетет? Эртеден берки убактысы текке кетет. Акыры жигит аялды издеп күмбөздөрдү аралай басты. Ары-бери жакты карап өзүнө тааныш караанды издеп келе жатты. Жан көрүнбөйт. “Аял мени алдап кетип калдыбы? Эмнеси болсо дагы тиги башына чейин барып көрөйүн” деп ойлонгон жигит акырын басып баратты. Бир кезде күмбөздүн тосмосунун ичине кирип отурган аялды көрдү.

– Эже?- деп туруп калды, аңгыча аял ырдап баштады.

Жигит үндөбөстөн ырга кулак төшөп селейип туруп калды.

“Уктай койчу, бөбөгүм,

Ак бешикке бөлөйүн.

Уктаганча, жөлөгүм,

Мээримимди төгөйүн.

Алдей, алдей ак балам,

Ак бешикке жат балам.

Умай энең кайтарсын,

Душманыңды майтарсын.

Түшкө кирип энекең

Мээрим менен таң атсын.

Алдей, алдей ак балам,

Ак бешикке жат балам...”- аял ырдап жатып апасы бала кезинде анын чачын сылагансып чөптөрдү сылап жатты. Ырын аяктап коштошконсуп колун көкүрөгүнө алып баш ийкеди да, күмбөздүн тосмосунан сыртка чыкты. Көзүнө аны карап селейип отурган жигит урунду.

– Кечир, сени да көп күттүрдүм. Сени күттүрүп койгонумду унутуп дагы калыптырмын.

– Эч нерсе эмес, эже, мен сизди эмне болду деп сарсанаа болуп эле,- жигит ыңгайсыз болуп кетти.

– Мен бул жакка көптөн бери келе албай жүрдүм эле, ошого көп убакыт болууга туура келди.

– Булар ким болот сизге?

– Ата-энем...

– Келиңиз анда, ата-энеңизге багыштап куран окуп коюп кетели,- деген жигит отура кетти.

Жигит кырааты менен жакшылап куран окуду. Анан шаарды көздөй жөнөштү. Жигит күзгүдөн аялга көз жүгүрттү. Аялдын жүзү баштагыдан жумшара түшкөнүн байкады. Аңгыча аял:

– Ушунча болду, эми бир жакшы жерден тамактаналы,- аял эмнегедир бирөө менен кобурашып отуруп тамактангысы келди.

– Сизди жеткирипп коюп, иштейин...- күнүнүн көп бөлүгүн өткөрүп жиберген жигит кыйылды.

– Кабатыр болбо, мен сенин убакытыңды арзанга баалабайм,- деди күлүмсүрөп аял.

– Болуптур, эже...- жигит ичинен “ушунча убакыт иштеп таксист менен тамактангысы келген кардарды биринчи жолу көрүшүм. Буга эмне керек десең же акчасы көп бай болбосом, мынча жармашты” деп ойлонуп бара жатты.

Аял телефонун алып кимдир бирөөгө чалды.

– Салам, Сара, вип бөлмө даярдап ко йчу. 15 мүнөттө барып калам...- деп телефонун өчүрдү да, жигитке карап бир даректи айтты. Жигит айтылган дарекке тез эле жетип барды. Аял алдыга басты, жигит аны ээрчий тамактануучу жайга кирип, 2-кабатка көтөрүлүп, өзүнчө бөлмөгө кирип жайланышты.

– Күнүнө канча табасың?- аял сөз баштады.

– 4-5 миң, кээде андан дагы көп. Көбүрөөк иштегенге аракет кылам. Болбосо машинанын ижара акысы, күйүүчү май болуп отуруп иштегениң акталбай деле калат.

– Ммм, канчадан бери иштейсиң?

– Жарым жылдай болуп калды.

– Ме, бул сага. Сабырыңа баа бердим, күткөндү билет экенсиң,- аял жигитке 100 доллар сунду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1088, 13-19-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан