ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-октябрдан 29-октябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Жумушта бирөөнүн жоопкерчилигин алганга аракет кылбай, өзүңүздүн милдетиңизди так аткарыңыз. Сүйүү мамилесинде өзүмчүлдүгүңүздү тизгиндеңиз, өзүңүздүн муктаждыктарыңыз жөнүндө гана ойлонууну токтотуп, сүйүктүү адамыңыз, анын кызыкчылыктарын да эске ала жүрүңүз. Организмиңиздеги өзгөрүүлөрдү көз жаздымда калтырбаңыз, табиттин жоголушу, уйку качуу, баш айлануу сыяктуу белгилер болсо дароо дарыгерге кайрылып, ооруну аныктаңыз.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Cиз үчүн башкысы азыр ички гармонияны табуу болуп турат. Буга чейин берген убадаларыңызды аткарыңыз, болбосо “куру сөздүн атаманы” атка коносуз. Ийгилик тобокелчиликтин артынан келет, андыктан ишкердик баштоодо же олуттуу чечим кабыл алууда тобокелдикке барып көрүңүз. Сүйүктүүңүз сизден алыстап баратканын сезесиз, көп жылдык мамилеңиздерди сактап калам десеңиз, өзүңүздү таңуулап аны тажата бербеңиз. Ойлонууга убакыт бериңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Бардык сырлар эртеби-кечпи ачыкка чыгат, эгер жакындарыңыз ал кабарды башкалардан укпасын десеңиз өзүңүз айтканга шашыңыз. Кесиптештер менен баарлашып, кеңешүү сизге эргүү, ырахат алып келет андыктан алар менен көбүрөөк сүйлөшүңүз. Туугандар менен мамиледе чыңалуу болот, кайсы бир тууганыңыздын жеке жашооңузга кийлигишкени сизге жакпашы мүмкүн. Сүйүктүүңүздүн колун дал ушул күндөрдө сурасаңыз “жок” деген жооп болбойт.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Сергек жашоо образын карманып, ден соолугуңузга кылдат мамиле кылышыңыз керек. Көптөн бери көрүшө элек досторуңуз менен жолугасыз. Сиздин шаан-шөкөттө активдүү болгонуңуз сүйүктүүңүзгө жага бербеши мүмкүн, андыктан анын айткан пикирин да этибарга ала жүргөнүңүз туура. Жумушта кесиптештер менен компромисс тапканды үйрөнүңүз, болбосо жумуш ордуңуздан гармония качат, бул абал сиздин жакшы иштешиңизге тоскоол болот.


АРСТАН (23.07–23.08)

Иштериңиз сиз каалагандай бат бүтпөй жатса кейибеңиз, сиз туура багытта бара жатасыз. Акчаны үнөмдөөнү колго албасаңыз, бара-бара каржы кризисине кептелесиз. Учурда башынан оор мезгилди өткөрүп жаткан жубайлар бири-бирине тирек болуп, колдоп турганы жакшы. Өзүңүздөрдү алаксытуу үчүн кыска мөөнөткө саякатка чыгып келсеңиздер болот. Балалуу арстандар алардын ийгилиги менен мактана турган күндөргө жетет.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Баарын туура эмес кылып жаткандай сезим болот, бул нерсе өзүңүзгө болгон ишенимди төмөндөтүшү мүмкүн. Чоң акчага алданып калбайын десеңиз, ишенимдүү өнөктөштөр менен иш баштаңыз. Бойдоктор той-кечеге чакыруулардан калбаганы туура, түгөйүңүздү дал ошол жактан табасыз. Ушул аптада курулган мамилелер бекем болуп, 1 жыл айланбай өзүңүздүн үлпөт тоюңуздун катышуучусу болуп каласыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Сүйүктүү адамыңыз менен көп убакыт өткөрүүгө убакыт табасыз. Үй-бүлөңүз менен урушпаганга аракет кылыңыз, анткени ар бир үй-бүлөдө пикир келишпестик болот. Эгер сизди тынчсыздандырган нерсени билдиргиңиз келсе, баарын ачык айтып алыңыз, мамилеңиздер бекемделип, ишенимдүү боло түшөт. Арыктоону башкы максат кылгандар туура тамактанууну колго алса, спорт залга барганга караганда эртерээк натыйжа берет.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Чаяндар аптада тилиндеги болгон ууну чачпай, сүйлөп жаткан сөздөрүн көзөмөлдөгөндү үйрөнүшү керек. Болбосо жакшы көргөн адамдарыңызды билип туруп таарынтып алышыңыз мүмкүн. Организмиңизди токсиндерден тазалоо үчүн жакшы убакыт. Бойдоктордо таанышуу орун алып, ал таанышуу олуттуу мамиле курганга алып барат. Көбүрөөк жылмайсаңыз эле эч ким сиздин сүйкүмдүүлүгүңүзгө каршы тура албайт.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Баштаган ишиңизден шектенбешиңиз керек, балким, көрө албастар оюңузду ар кайсы багытка бурганга аракет кылат. Бирок өзүңүзгө болгон ишеним жогору болсо ийгилик сиз тарапта болорун унутпаңыз. Алтынчы туюмуңузга ишениңиз, ал сизди капа кылбайт. Сүйүү мамилесинде тынчтык жана гармония өкүм сүрөт. Түгөйүңүздүн сезимдеринен шек санабаңыз, ашыкча кызганууга жол бербеңиз. Сезимдериңизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтүңүз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Апта көз ачып жумгандай тез жана бейкапар өтөт. Болбогон куру ойлор менен башыңызды оорутпай, эмне иш кылсаңыз ийгилик жылмаят мына, ушул нерсеге баш катырыңыз. Сүйүктүүңүзгө азыраак ачууланышыңыз керек. Ойдогудай болбой жаткан бардык нерсе үчүн аны күнөөлөбөңүз. Аны колдоп, тиреп турсаңыз ал көбүрөөк ийгиликтерге жетет, наалып, кейий берүү тескерисинче анын каалоосун жоготот.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Туура эмес учурда ыйлап жакындарыңызды ыңгайсыз абалга кептешиңиз мүмкүн. Мүмкүн болсо чыдамкай болуп, турмуш кыйынчылыктарын сабырдуулук менен жеңиңиз. Сүйүктүүңүз сизге сюрприз жасап таң калтырууга аракет кылат. Сюрпризи такыр окшошпосо да таң калгандай түр көрсөтүп коюңуз, бул ортодогу мамиле үчүн зарыл экенин эске түйүңүз. Колуңузда болгон нерсеге ыраазы болгонду үйрөнүңүз.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Иштөөгө, активдүү болууга, чоң идеяларды ишке ашырууга каалоо жана күч сизде кенен болот. Андыктан ийгилик кушун колдон учуруп жибербеңиз. Эгер демөөрчү табылса хоббиңизди жумушка айлантууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөлүү балыктарда толуктоо күтүлөт, бөлмөлөрдү кеңейткенге даярдана бериңиз. Бойдоктордо үйлөнүү каалоосу күч болот, бирок азырынча сүйүктүүңүз жок болсо, шашпаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан