СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат

Дене тарбия жана спорт департментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев Эр-Рияд шаарында (Сауд Арабия) өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарынын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Самат Токтоналиев 15 спорттун түрүнөн өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндары спортчулардын тажрыйбасын арттырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты. Ошондой эле ал өлкөнүн намысын коргоп желегин желбиретип келерине ишенерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, самбо, джиу-джитсу, карате жана грепплинг боюнча курама командаларынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Арабия) өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат. Мелдеш 20-30-октябрь күндөрү өтүп, спорттун 15 түрүнөн (айкидо, дзюдо, жиу-житсу, каратэ, кендо, бокс, кикбоксинг, муай-тай, самбо, савате, сумо, таэквондо, күрөш, ушу, фехтование) беттештер өтөт.

44 жаштагы Мэнни Пакьяо Париждеги Олимпиадага катышарын жарыялады

Бокс боюнча мурдагы дүйнө чемпиону, 44 жаштагы филиппиндик мушкер Мэнни Пакьяо 2024-жылы Франциянын борбору Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн кадамдарын улантууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Филиппиндин Олимпиада комитети бул турнирге жашы улуу мушкерди кабыл алуу боюнча чечим кабыл алуу үчүн Эл аралык олимпиада комитетине документтерди тапшырган.

"Мен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга укугумду карап чыгуу боюнча Эл аралык Олимпиада комитетине сунуш берген Филиппиндин Олимпиада комитетине ыраазымын. Жаш курак биздин каалоолорубузду ишке ашырууга тоскоолдук кылбайт деп эсептейм. Тунук жүрөк жана акыл ар дайым кыялды ишке ашыруунун жолун табат", - деген Пакьяо.

Эске сала кетсек, Мэнни Пакьяо 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышуу каалоосун сентябрдын башында билдирген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан