Жазайым Мадалбекова: “ЭЛ ЧОГУЛТУП БЕРГЕН АКЧАНЫ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДДУН ЖЕТЕКЧИСИ КАЙТАРЫП БЕР ДЕП ЖАТАТ”

Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №1078-санында Болсунбек Баатырбеков аттуу жарандын маеги чыккан. Анда каарман өпкө оорусунун айынан баасы 100 миң доллар турган операцияга муктаж экенин айтып элден жардам сураган эле. Анын тагдыры окурмандарды кайдыгер калтырбаптыр, банктык эсебине бир топ акча чогулган. Тилекке каршы, Болсунбек мырза быйыл 15-сентябрда каза болуп калган. “Кайрымдуу бол” фондунун жетекчиси Азамат Байматов кайрымдуулуктан түшкөн акчанын калганын кайтарып берүүнү талап кылып жатат” дейт маркумдун жубайы. Эки тараптын тең пикирин уктук. Маркумдун жубайы “чогулган акчаны бербейм, аны кыргыз эли күйөөмө деп чогултуп берген” десе, фонддун жетекчиси “башка муктаждардын өмүрүн сактоо үчүн элден чогулган акчаны кайра элге бериши керек” дейт.

“Чогулган акчага кошумчалап үй алып ал деген”

- Болсунбек экөөбүз 9 жыл бирге жашап, 6 балалуу болдук. Балдарымдын улуусу 8 жашта. Кудайдын буйругу экен, 15-сентябрда жолдошумдан айрылып калдык. Көз жумганга чейин 5-6 күн үйдөн тамчылатма укол алып, сүйлөп, тамак ичип жакшы эле жүргөн. Жашаш үчүн акыркы деми калганча күрөштү, бирок оору өзүнүкүн алды. Төшөктө жатса да балдарыма тирек, “ата” деп турганга караан болчу. Азыр бош керебети турат, өзү жок. Каза болгондо кичи мекени Аксыга алып бардык. Боз үйдө ыйлап отурсам “Кайрымдуу бол” фондунун жетекчиси улам-улам чалып жатты. Абалым начар болчу, сүйлөшө алган жокмун. Кийин ватсаптан “Болсунбек каза болуп калды деп уктум, чынбы?” деп жазып жибериптир. “Ооба” десем, “карындашым, жаман иш болуптур, Бишкекке келгенде биздин кеңсеге кел. Видео тартып, элден дагы акча чогултуп берем, чогулган акчанын үстүнө кошуп бир бөлмөлүү батир алып аласың” деди. Бишкекке барып жолдошума куран окутуп, 1-2 жумадан кийин Азамат байкенин кеңсесине элден чогулган 20 миң долларды көтөрүп бардым. Ал дүмүрчөктөрдү көрүп, акчаны эсептеп эле дароо башкача боло түштү. Балким, акчаны алып калмак, бирок ошол маалда Индияга операцияга барабыз деген дагы 2-3 адам келип калып алардын көзүнчө алгандан уялды окшойт, кайра мага кайтарып берди. Мен аны алпарып банкка салып койдум. Ошондон кийин “сен эл берген анча акчаны эмне кыласың? 10 миң долларын алып калсаң жетет да, калганын мага бер” дей баштады.

“Эл чогултуп берген акча бизде калышы керек”

- Мен башында эле “эгер жолдошума операция жасалып айыгып кетсе, арткан акчаны фондго беребиз, башка муктаждарга жардам болсун” деп айткам. Атайын фонддун келишимине да кол койгом. Бирок бул акчаны Азамат байке чогултуп берген жок, “Супер-Инфого” чыктык, блогерлер колдоо көрсөтүшүп чогултуп беришти. Айылдаштар, туугандар жардам кылышты, ошол акчаларга деле Азамат байке ээлик кыла береби? Азамат байке мени “үй алып берем” деп кеңсесине чакырып алып минтип акча доолаганы туура эмес да. Түпкү максаты мага жардам берүү эмес, жөн гана менде канча акча бар экенин билүү гана болгон окшойт. Мен ага ишенип акчаны көтөрүп барып алыптырмын. Өзүм эки бөлмөлүү жер үйдө жашайм, шарты жок, кышында суук. Көп кабаттуу үйдөн шарты бар бир бөлмөлүү батир алсам деген ниетим бар эле. Кыргыз эли жолдошума деп чогултуп бергенден кийин каражат биздин үй-бүлөдө калышы керек деп ойлойм. Мен иштебейм, балдардын жөлөкпулу менен жашайбыз. Азамат байкеге “акчаны бербейм” деп койсом мени элге жаманатты кылып жатканына ызаланып турам.

“Индияга барган ар бир оорулуу үчүн “доля” беришет экен”

- Индияда жүргөндө жолдошум 12 миң долларга ДНК тест тапшырышы керек болуп калды. Клиникада доллардын курсу 81 сомдон болот экен, мен Кыргызстандан 89 сомдон алмаштырган элем. Ошондо Азамат байкеге “эмнеге 89дан сатып алган долларды 81ден тапшырышым керек? Ортодо жөн эле 100 миң сомдон ашык акча жок болуп кетип жатпайбы, эл 1 сомунан бери берип, араң чогултуп жатабыз го” десем, “бул жакта клиниканын шарты ушундай, башка жерден алмаштырууга болбойт” деп койгон. Мен ызылдап индус котормочусуна “эмнеге мындай кыласыңар, Индиядагы банктарда 89дан эле алып жатышат го” десем, ал “Кыргызстандан келген ар бир оорулуу үчүн Азамат байкеге “доля” берилерин” айтты. Менде Индиядагы клиниканын кызматкерлери менен жазышуулардын сүрөтү, “үй алып берем” деп кеңсесине чакырган аудио жазуусу, кимден канча акча түшкөнүн ырастаган бардык дүмүрчөктөр турат. Мага азыр башка муктаждар да байланышып “биз да алданып, курмандык болгонбуз” деп жазып жатышат. Бирок көпчүлүгү Кудайга коюп коюшуптур. Кудайга койбой күрөшкүлө дедим. Тиешелүү органдарга текшерсе бул фонддон толтура мыйзамсыз иштер чыгышы мүмкүн. Мен Азамат Байматов менен соттошконго даярмын.

“Муктаж жарандарга акчаны өзүм таратып беремин”

Азамат байке учурда кечке чалып кулак-мээмди жеп, “10 миң доллар эсебиме которуп кой, 5 миң доллар которуп кой” деп базарчылардай эле соодалашып жатат. Мен Азамат байкеге 1 сом да карыз эмесмин, бизге акчаны эл чогултуп берди. Азаматка бир тыйын да бербейм, керек болсо арткан акчаны мен өзүм муктаж адамдарга таратып берем. Каза болгон жолдошумдун арбагы ыраазы болуп, ошого сообу тийсин. Элдин акчасы элге жетсин дегенге менин каршылыгым жок. Болгону күйөөмдүн кыркы чыга электе, кайгыдан көз жашым кургай электе акча доолап, мени жамандап видео чыгарып элдин каргышына салып берип жатат. Ошол аракетине ызаландым.

Азамат Байматов, кайрымдуулук фонддун жетекчиси: “Мен ал акчаны өзүмө эмес, башка муктаж адамдар үчүн сурадым”

- Көпчүлүк билет, мен көп жылдан бери кайрымдуулук иштери менен алектенип келем. Биздин жардамдын артынан көп оорулуулар чет өлкөдөн операция жасатып, айыгып кетишти. Айрымдары Болсунбектей болуп акча чогула электе каза болуп калышты. Биздин максат - соопчулук ишин кылуу. Болсунбек менен Жазайым да мага жардам сурап кайрылып, мен элден жардам чогултуп бергем, кийин Индияга барып текшерилип келди. Индияда жүргөндө да акчалары калбай калып мен ар кайсы демөөрчүлөргө жалдырап отуруп жол киресине акча таап бергем. Милдет кылгандай болбоюн, бирок минтип кылган жакшылыгыңды түшүнбөй жатса ызаланат экенсиң. Булар биздин фонд менен келишим түзүшкөн. Ал келишим боюнча кайрымдуулуктан түшкөн акчанын артканын фонддон жардам күтүп турган кийинки муктаждарга берүүгө милдеттүү болчу. Бирок Жазайымдын бергиси келбей жатат, эки бөлмөлүү үйү бар экен. Мен “ошол чогулган акчанын 10 миң долларын алып кал, калганын фондго бер, бизде акчасы жок Индияга дарыланууга кете албай жүргөндөр кезекте турушат, ошолорго берели” десем макул болгон жок. Мейли, 6 баласы бар экен, бирок алардын ден соолугу жакшы, тамак-ашты өздөрү жей алышат да. Бул жакта өмүр үчүн күрөшүп жаткандар менен аларды салыштырып көрсөңүздөр. Бул жерде Жазайымдын ач көздүгү, өзүмө гана болсун деген өзүмчүлдүгү болуп жатат. Мен акчаны өзүмө сураган жокмун, ошол жардамга муктаж адамдардын өмүрүн узартуу үчүн керек. Элдин оюн угайын деп ютубга да видео жүктөдүм, баары “элге берсин” деп жатат. Демек, бериши керек. Менин мындан аркы аракетим катуу болот, элден түшкөн акчаны элге берүү шарт. Эл акчаны оорулуу адам айыксын деп берет, аны эч кимдин жеке кызыкчылыгына пайдаланганга акысы жок. Биз соттошууга чейин барабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ryskulova
2023-10-23 16:22:00
Туура, Жазайым озу эле муктаждарга бергени он болот. Бул жерде баары фонд аркылуу акча которгон жок. Мурда супер инфого да чыгыш кан. Тууган-достору, тааныштары фонд жок эле бул уй булоого жардам кылган
+1
Ryskulova
2023-10-23 16:26:00
Жазайым вапще бербейм дегени жок, озум берем муктаждарга деген. А фондтон Байматов деген акчаны картама котор деп, жаман атты кылып туура эмес видео жасап ютубка чыгарды озунун созун эле, видео чыгасын макул эки тарапты тен чыгарыш керек эле. Бул келиндин муктаждарга бербейм деген созу бул жерде деле жок, муктаждарга озум берем деген созу бар
+1
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан