КАРДАРЛАР ҮЙ АЛАБЫЗ ДЕП ЭКИ ЖОЛУ АЛДАНЫШТЫБЫ?

Редакциябызга “Бишкектен үй алабыз деп бир эмес, эки жолу алданып калдык” деген жабырлануучулар кайрылышты. 7 жылдан бери курулуп бүтпөй келе жаткан көп кабаттуу үйгө башкалар ээ болуп, үйдүн документтерин жасатып бербей жатат дешет алар. Экинчи тарап бул дооматка макул эмес. Чуулгандуу окуянын чоо-жайын иликтедик.

Жаңыл Жапарова, жабырлануучу: “Үйдү бүтүрүп берем деген үлүшчү алдап кетти”

- Биз 2015-жылы “Иска Строй” курулуш компаниясы менен келишим түзүп, Бишкек шаарынын Абай көчөсү, 117а дарегинде жайгашкан жер тилкесине курула турган көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батир алабыз деп 18 миң доллар төлөгөнбүз. Тилекке каршы, “Иска Стройдун” жетекчиси Нарынбек Сариев үйдү жана андан башка да объекттерин куруп бүтүрбөй коюп, 2019-жылы соттолуп, 7 жылга эркинен ажыратылган. Бирок азыр анын абактан чыгып кеткени айтылууда. Ал эми биз, 20 чакты үлүшчү ошол үй курула турган жер тилкесин алып калдык. Үлүшчүлөрдүн арасында ошол үйдүн биринчи кабатын толугу менен сатып алган Мурат Мурзалиев аттуу жаран бар эле. Ошол киши “мага ушул үйдү курганга уруксат бергиле, мен башка курулуш компаниясын таап бүтүрөм” дегенинен “бул үйдө көп үлүшү бар, мейли, бүтүрө берсин” деп макулдук бергенбиз. Документте “Мурзалиев үйдү башка үлүшчүлөр менен чогуу бүтүрүүгө милдеттүү” деп жазылып турат. Ал жерде анын үйгө жалгыз ээлик кылары боюнча эч нерсе жазылган эмес. Ошентип катлаваны эле казылган үйдүн кабаттары курулуп баштады. Мурат Мурзалиев “Глобус строй” компаниясына курдурарын айтып жетекчиси Амандык Жапаров менен тааныштырды. Бир нече жолу чогулуштар болуп турду. Биздин “үйдүн документтерин бүтүрбөйлүбү” деген суранычыбыз улам артка жылып “мына, 3-кабаты бүтсүн, 5-кабаты бүтсүн” деп бизди алаксытып жатышты. Биз документтерди бүтүргөнгө деп 40 миң сомдон да чогултуп бергенбиз. Бирок анысынан деле кабар жок. Кийинки чогулуштарга үлүшчү мурат Мурзалиев такыр эле келбей, жок болуп кетти. Ошондо биз Амандыкка барып үйдүн документтерин бизге өткөрүп бер, келишимди көрсөт дегенибизде ал келишимдин көчүрмөсүн көрсөттү. Келишимде “Мурат Мурзалиевге 1400 чарчы метр аянт берилет” деген гана жери бар, калгандарыбыз жок экенбиз. Жер тилкеси “Иска Стройдон” Мурат Мурзалиевге өткөндө, келишим боюнча анда башка да үлүшчүлөр бар болчубуз. Ошондо биз дагы алданып жатканыбызды билип, укук коргоо органдарына кайрылууну чечтик. Бир эмес, эки жолу алданып жатпайбызбы. Мурзалиевдин дайыны жок, чет өлкөгө чыгып кеткен деп жатышат. Амандык Жапаров “силер эч ким эмессиңер” деп койду. Айлабыз калбай Камчыбек Ташиевге кайрылуу жаздык. Үлүшчүлөрдүн көбү пенсия курагындагы адамдар, эптеп шаардан үй алалы деп бала-чакабыздан чогулткан тыйыныбыз болчу. Эми карабайсыңарбы, кыпкызыл “мошенниктерге” улам-улам алданып отурабыз.

Сламбек Сейитказиев, жабырлануучу: “Тергөө иши 5 айдан бери кыймылдай элек”

- Мен да ушул курула турган үйдөн батир алам деп 2016-жылы 13 миң доллар бергем. Үй куруп берем деген компаниянын баштапкы ээси Нарынбек Сариев камалып кетти, кийин катарыбыздагы үлүшчү “мен бүтүрөм” деп коюп ал дагы дайынын таптырбай жок. Биздин оюбузча, азыр үйдү куруп жаткан “Глобус Строй” компаниясынын жетекчиси Амандык Жапаров менен үлүшчү Мурат Мурзалиев сүйлөшүп алып бизди алдап кетүүнүн амалын кылып жатышат окшойт. Биз, үлүшчүлөр ошол арабыздагы Мурзалиевге ишенгенибизден жер тилкесинин документин ага өткөрүп бергенбиз. Биздин “Иска Стройго” төлөгөн акчабыз азыр курулуп жаткан үйгө төлөндү болуп эсептелип, батирдин документтери өткөрүлүп берилмек. Андан бери “Глобус Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси Амандык Жапаров менен көп жолу чогулуш өткөрдүк. Амандык Жапаров калган үлүшчүлөр менен үйдүн курулушу 3-кабатка жеткенде келишим түзүлөт деп айтып келген, кийин болсо 5-кабатка жеткенде деди. Бирок, курулуш 5-кабатка жеткенде ал ар кайсы шылтоолорду айтып, биз менен келишим түзүүдөн кача баштады. Ушул жылдын июнь айында Башкы прокуратурага арыз жазганбыз. Башкы прокуратура жазган арызыбызды Бишкектин Биринчи Май РИИБине жөнөтүп, бул ишти тергөөчү Эрнис Алмабеков карап баштаган. Алданган үлүшчүлөрдүн көпчүлүгү барып, тергөөчүгө түшүнүк жазып бергенбиз. Андан бери 5-6 ай убакыт өттү. Иш ордунан жылган жок. Бул убакыттын ичинде мурунку тергөөчү Эрнис Алмабеков Мурат Мурзалиевди суракка чакырбаптыр дагы. Жакында биз Алмабеков ишти башка тергөөчүгө өткөрүп салганын билдик. Азыр ишти Жантай Базарбаев деген тергөөчү карап жатыптыр. Бирок, иш ордунан жыла элек. Каяка барарыбызды билбей карайлап калдык. Акыркы үмүтүз Камчыбек Ташиевде. Тиешелүү адамдарга чара көрөт деген үмүттөбүз.

Окуя боюнча Биринчи Май РИИБне байланышканыбызда, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары уланып жатканын билдиришти.

Экинчи тараптын да пикирин угуу максатында аталган дарекке үй куруп жаткан компаниянын ээси Амандык Жапаровго да байланыштык. Ал адегенде “даттанып жаткан үлүшчүлөрдү мен тааныбайм, мен жер тилкесин Мурат Мурзалиевден сатып алгам. Менде бардык тастыктоочу документтер бар, кааласаңар эртең редакцияңарга алып барып көрсөтөм. Арызданган үлүшчүлөрдү чакыргыла, ошол жерде беттешип сүйлөшөлү” деди.

19-октябрда үлүшчүлөр менен “Глобус стройдун” жетекчиси Амандык мырза беттешти. Ошол беттешүүдөгү талкуудан үзүндү беребиз.

Амандык Жапаров, “Глобус стройдун” жетекчиси: “Үлүшчүлөр менен менин ортомдо эч кандай келишим болгон эмес”

- Амандык мырза, сиз аталган талаштуу жерди кантип сатып алгансыз?

- Талаштуу жер эмес, аталган жер тилкесин мен 2018-жылы келишим түзүп Мурат Мурзалиевден сатып алгам. Биздин курулуш компаниянын буга чейин деле курган объектилери бар. Жер тилке издеп жүрүп тааныштар аркылуу Мурат Мурзалиевдин жер сатып жатканын угуп калдым. Аны менен сүйлөшүп көрсөм “жер арестте, аресттен чыгарып эле курулушту баштасаң болот” деди. Мамлекеттик каттоо кызматына бардым, жерди 4 адам арестке коюптур. Арасында Мурзалиев да бар болчу. Мурзалиевге ошол жер тилкесине курула турган үйдөн 1360 чарчы метрлик батир берүүгө макулдаштык, ал аянт 500 миң долларга бааланды. Ал эми калган 3 үлүшчүгө 54 миң доллар төлөп бергем. Мен бул жерди мыйзамдуу түрдө Мурат Мурзалиевден сатып алгам, эгер соттошсок менде бардык тастыктоочу документтер бар. Бул үлүшчүлөр ошол Мурзалиев менен маселесин чечишип алышсын. Объектти куруп бүткөндө ага 1360 чарчы метр аянтын берем. Аны менен соттошуп ошол аянтты бөлдүрүп алышабы, же мурунку алдап кеткен “Иска Строй” компаниясы менен соттошобу өздөрү билишет.

Үлүшчүлөр: - Амандык, сен токтоп тур. Биз сага “жерди Мурзалиевден кантип сатып алып өзүңө өткөрүп алдың? Документтерди көрсөт” деп канча жолу барып, иш бөлмөңдү сагалап жүрдүк. Бизди алаксытып 3 жыл сүйрөп, чогулуштарды өткөрүп келдиң. Ошондо эмнеге “силер менен ишим жок, Мурзалиев менен чечишип алгыла” деп кол шилтеп салган жоксуң. Үлүшчүлөр бар экенин сен башынан эле билчүсүң, объектти жаңы куруп баштаганыңда, кой союп, түлөө беребиз деп, эми булар менен ишим жок деп отурганың уят...

- Амандык: - Эже, мен бул жер тилкесин базар баасында 500 миң долларга сатып алдым. Анын үстүнө дагы 20дай үлүшчүгө үй берсем, мага такыр пайдасыз болуп калат. Мен сиздерге эч качан үмүт берген эмесмин, өзүңөр алданып калган “Иска стройду”, Мурзалиевди сотко бергиле. Мынча үлүшчүсү бар экенин билгенде мен ал жер тилкесин сатып алуудан баш тартмакмын.

- Үлүшчүлөр, жогоруда Амандык мырза жерди арестке койгон 4 үлүшчүнүн акчасын берип аресттен чыгардым деди. “Иска строй” банкрот болуп жатканда сиздер да сотко кайрылып жерди арестке койгон эмессиздерби?

Үлүшчүлөр: - Биз ошондо чынында карапайымдык кылдык, адамгерчилик кылып “кой, ушулар соттолбой ишти аягына чыгарсын, үйүбүз бүтүп калсын” дегенбиз. Эми мындан ары акчабызды албай калсак бардык тиешелүү органдарга, жетекчиликке, президентке чейин кайрылып бул иштин өтөсүнө чыгабыз. Амандык Жапаров менен Мурат Мурзалиев сүйлөшүп алып ушундай “махинацияларды” уюштуруп жатышат деген ойдобуз. Бул киши башында такыр башкача сүйлөп жаткан, эми теңирден тескери сүйлөп жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан