Назира Кадыева, ырчы, алпаруучу: “СӨЛДҮРӨГӨН ЖИГИТТЕР ЖАКЧУ ЭМЕС, КҮЙӨӨМ ЧЕЧКИНДҮҮ”

Алпаруучу, ырчы Назира Кадыева менен бул жолу анын жашоосундагы мырзалар тууралуу баарлаштык. Атасы, агасы, жолдошу жана уулдары жөнүндө сонун сөздөрдү айтты. Эмоциясын ичке катпаган Назира айым көзүнө жаш алган ирмемдер да болду.

“Атамды сагындым...”

- Ата кыздын жашоосунда чоң роль ойнойт. Атанын кызына болгон мамилеси кыздын жашоосунда көп нерсени чечип коёт экен. Атасынын сүйүүсүнө, камкордугуна, мээримине бөлөнгөн кыз өзүнө ишенген адам болуп өсөт. Ошондуктан аталар кыздарын, балдарын эч нерсеге карабай, эч кандай эрежесиз, талапсыз сүйүп эркелетиши керек.

Менин атамдын өмүрдөн өтүп кеткенине 16 жыл болду. Аябай жакшы киши болгон. Мамлекеттик жумушта иштечү. Эртең менен кетип, кечинде келчү. Бизге катуу сүйлөчү эмес, бирок анын көз карашынан эле ийменип турчубуз. Атам биз үчүн эле эмес, айылдын эли үчүн дагы кадырлуу киши эле. Баарыбыз эркебиз. Мен эле атамдын эрке кызымын деп ойлосом, эжелерим, сиңдим, баары өздөрүн атамдын сүйүктүү кызымын деп ойлочу. Атам ар бирибизге сүйүүсүн бере алганын ушундан билсек болот. Камкор эле. Дайым жакшы сөздөрүн айтып турчу (ыйлап). Атамды сагындым.

Ата-энебиз билимге басым жасашкан, баарыбыз жогорку билимдин ээсибиз. Кайсы окууга окуйбуз десек да каршы чыкпай колдошту. Менин да оюм менен эсептешип, ИИМдин академиясына тапшыртышкан. Ал окууга тапшырыш кымбат болчу. “Кызым чекист болот” деп кубанып калчу. Мектепти бүтүп жатканда аттестатымды алганга мени коштоп барган. Аттестатымды өөп коёт. “Ак жолтой болсун, балам. Келечегиң кең болсун. Билимдин аркасы менен агарып көгөр” деп батасын бергени азыр да эсимде. Маңдайыбыздан сылап, бетибизден өөп, “секет кетейин, мээнетиңди алайын” деп эле эркелетип турчу. Ошол сөздөрү азыр да кулагыма кугулуп турат. Мен жакшы кишинин кызымын.

Атам көп жыл өпкөнүн рагы менен ооруп, 72 жашында кайтыш болду. Менин турмушка чыкканымды көрдү, бирок андан кийинки жашоомду көргөн жок. Сүйүнгөндө, ийгиликке жеткенде, кайгырганда атамды эстейм. Арабыздан кеткенине 16 жыл болсо да эстеген сайын өзүмдү кармана албай ыйлайм.

“Башында күйөөмө атаандашчумун”

- Мен өзүбүздүн айылдык жигитке эле турмушка чыккам. 9-калсста таанышып сүйлөшүп калгам. Мектепти бүткөндөн кийин Түркияга окууга кетип калды. Ал учурда чет өлкөгө барып окугандар чанда гана кездешчү. Ошондо Түркияда окуп жатса, демек, кыйын жигит экен деп сүйүп калгам (күлүп). Экөөбүз көп жыл сүйлөшүп, ал окууну бүтүп келгенден кийин үйлөндүк.

Биз үйдө күчтүү болуп тарбияландык. Баарын өзүбүз чечкенди, өзүбүзгө жоопкерчилик алганды кичинебизден үйрөнгөнбүз. Ошондуктан мага сөлдүрөгөн, сүйүп калдым деп аркамдан чуркап, көзүмдү карагандар көп жакчу эмес. Андайларды “менден алсыз” деп кабыл алчумун. Андай эркектерге жашоомду, тагдырымды ыраа көрчү эмесмин. Мага менден да күчтүү эркек керек болгон. Уландын күчтүүлүгү, чечкиндүүлүгү жагат.

Эркек балдардай болуп өстүм, айылдагы балдарды кадимкидей эле сабап салчумун. Атаман деп мактап коюшса мушташа кетчүмүн. Анан турмушка жаңы чыккан кезде жолдошум экөөбүз урушуп кеттик. Менин колу-бутум дароо иштеп кетет да андайда, кыйындыгымды кара күч менен далилдегенге көнгөм да. Бирок чоң кишини ура алмак белем. Ошондо колумдагы чыныны дубалга чаап жибергем. Ал унчукпай ордунан туруп, жердеги чынынын сыныктарын шыпырып жыйнап койду. Ошондо аябай уялып калгам, кийин жолдошум менен урушпай калдым.

Мурда мен ага атаандашчу экенмин. Ыңгайы келсе эле “мен кыйынмын” деп жар салып, далилдегим келе берчү. Бирок Уландын мага кыйын болгон учуру жокко эсе. Психологияга кызыгып баштагандан тартып айрым каталарымды түшүнүп баштадым. Кайсы жерден күйөөмө жол беришим керек экенин, кайсы жерден тилин табышым керектигин билип баштадым десем болот. Жолдошумдун артыкчылыктарына басым жасаганды үйрөндүм.

Жолдошумдун чечкиндүүлүгү, үй-бүлөгө камкордугу, мага дайым көңүл буруп тургандыгы жагат. Ал жакшы, камкор ата, балдарын ойлоп, көңүл буруп турат, эркелетет. Кээде “мени эмне эркелетпейсиң?” деп тамашалап кызганып калам. Улан жакшы жолдош. Ар кандай күндөрдү бирге башыбыздан өткөрүп келе жатабыз, барчылык болду, жокчулук болду, өйдө-ылдый болду, кандай учур болбосун чогуу жеңип келе жатабыз. Мен ооруп калганда Түркияга чейин коштоп барып карады. Баш кошконубузга быйыл 16 жыл болду. Мындан ары да бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, мындан да бактылуу өмүр сүрөбүз деген ишеничтемин.

“Агам атамдын камкордугун улай алды”

- Биздин үй-бүлөдө 10 кыз, бир уул. Атамдын көзү өткөндөн кийин үйдүн кожоюну агам болуп калды. Азыр үй-бүлөсү менен ата конушта турат. Агам да атам сыяктуу калыс, олуттуу мырза. Анын сөгүнгөнүн такыр уккан эмесмин, маданияттуу, тарбиялуу, сабырдуу жигит. Бизге төркүн да. Атамдын камкордугун ошол киши улай алды. Айылга барганыбызда жадырап тосуп алат. Он кыз он жолу барсак, 10 жолу малын союп сыйлайт. Атамдай эле опол тоодой карааны бар агамдын. Кудай агама өмүр берсин, ортобуздагы сый мамиле жоголбосун деп тилек кылып турам дайыма.

“Баланы болушунча сүйүш керек”

- 2 уулум, 1 кызым бар. Уулум Акназар 11ге чыкты, кичүүсү Айтегин 2 жашта. 10 жыл төрөй албай жүрүп, анан кичүү уулубуз жарыкка келди. Ошон үчүн аны аябай эркелетебиз. 2 жашка толуп өнөлөрү чыгып, бизди күндө бакытка бөлөп жаткан кези. Балдарымды кыз, эркек деп бөлбөй эле жакшы көрөм, баса калып өпкүлөп эркелетем. Болушунча таттуу балалык, бактылуу учурларды бергенге аракет кылып жатабыз. Баланы эрежесиз эле жакшы көрүш керек. Мектептеги баа үчүн балдарды урушуп көңүлүн ооруткан ата-энелер бар. Андай кылган туура эмес. Болушунча сүйүү бериш керек балага. Аны менен катар адамгерчилик тууралуу, башкаларды да өздөрүндөй баалашын, сыйлашын, бирөөлөрдү басынтпашын, шылдыңдабашын айтып түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Ата-энеси кемсинткен, башкалар менен салыштырган балдардын өзүнө болгон баасы төмөн болуп, урушчаак, ызакор болуп калышат экен. Бала кийин чоңойгондо ошону башкаларга көрсөткүсү келет, башкаларды кемсинтип, ызаланткысы келет.

Баланы тарбиялап болбойт, аларга үлгү болушубуз керек. Бала көргөнүн өзүнө сиңирип алат. Сүйүү берип, ачык сүйлөшүп, эркелетип, үлгү болгонго аракет кылып жатабыз. Күчтүү балдарды тарбиялайбыз деген ниеттебиз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан