НАРИСТЕ ЖАНА ӨСПҮРҮМ КУРАКТА ТИШКЕ КАНТИП КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Баланын тишине кам көрүү тишке эле эмес, баланын жалпы организминин саламаттыгына таасирин тийгизет. Тиш дарыгери Кубаталы Кыдыралиев “баланы тиш доктурга тиши оорубаса деле көрсөтүп көндүрүү керек. Ооруганда, ийне сайып дарылоо керек болгондо гана алып келишип, балдарды кичинесинен тиш доктурдан качырып, коркутуп алып жатышат” дейт. Адис тиш чыга баштагандан тартып туруктуу тиштер чыгып бүткөнгө чейин кам көрүү эрежелерине токтолду.

“Кош бойлуу эненин абалы баланын тишине таасир этет”

- Баланын тиши убагында жана бекем чыгышы үчүн эне кош бойлуу кезинен күчтүү болушу кажет. Анткени эне аркылуу балага пайдалуу заттардын баары барат. Курсактагы кезинде, андан соң сүт аркылуу толук кандуу витамин, микроэлементтер, анын ичинен кальций жетишсиз болсо баланын тиши эле эмес, жалпы өсүүсү кечеңдеп баштайт. Ошондуктан кош бойлуу кезиңизде пайдалуу азыктарды жеп-ичкенге басым жасаңыз.

Сүт тиш чыгып жатканда...

- Баланын сүт тиштери 4-5 айдан, кээ бириники андан эртерээк чыга баштайт да, 3-4 жашка чейин созулат. Кеч чыгышынын себеби көп: тукум куучулук, кош бойлуулуктун оор өтүшү, эне-баланын тамактанышы, баланын ден соолугу жана башка. Сүт тиштердин саны 20га чейин чыгат. Тиш жарып жатканда кээ бир баланын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, ич өтүү менен коштолушу мүмкүн. Дене табы андан жогору болсо башка оорулардын белгиси, бул учурда балдар дарыгерине кайрылуу зарыл. Ошентип 3-4 жашка чейин сүт тиш чыгып бүтөт.

Сүт тишке курт түшсө

- Курт түшүп же шишип ириңдеп кетсе деле жүрө бергендер бар, «сүт тиш, түшөт да» деп. Мындай көйгөй жаралганда сөзсүз балдар тиш доктуруна кайрылып, дарылачу тиштерин дарылатып коюңуз. Негизи оорубаса деле доктурга кайрылып, аны менен дос болууга үйрөтүңүз. Ооруганда гана алып барып баланын дарыгерге карата психикасын бузуп жатабыз.

Баланын сүт тиштери убагында түшсө, туура кам көрсөңүз кийинки тиштери түз, бекем чыгат. Ошондой эле чоңдор балага чайнап тамак бербеши керек. Баланын тишинин саргайышы, курт түшүшү тазалабай жүрө бергенден, туура эмес тамак жегенден болот. Бала болсо да газдалган суусундук берип, кирешки, чипсы, боёк кошулган таттууларды жеп жатышат. Мындай зыяндуу нерселерди жедирбеш керек, жесе да сөзсүз оозун чайкатып, тишин жуудуруңуз. Наристеби, өспүрүмбү алар үйдөгүлөрдүн кылганын туурайт. Ата-энеси 2 маал тиш жууса, балдарда деле көнүмүшкө айлантат. 2 жаштан тартып үйрөтө баштаңыз. Болгону 3-7 күн көңүл буруп, тишин эртең менен кечинде такай жуудуртуп коюңуз. Сүт тиштер түшүп, ордуна кайра дайымкы тиштер чыгып жатканда дайымкы азуу тиштер да чыга берет. Ошондуктан азуулары сүт тиш да дебей жакшы тазалатып-жуутуп коюу кажет.

Тиштер түшүп жатканда...

- Тиш кандай тизмек менен чыкса, ошондой тизмек менен түшөт. 5 жаштан 13 жашка чейин 20 сүт тиштин ордуна, ага кошумча 8 тиш чыгат. Ал эми 4 акыл азуу 16 жаштан чыгып баштайт. Тиш түшүп жаткан убакта катуу жашылча-жемиштерди жедирсеңиз бат түшүшүнө, оорутпашына себепчи болот. Анткени сүт тиштин тамыры качып, эти эле кармап калат. Катуу нерсе бат түшүрөт. Кээ бир балдарда сүт тиши түшпөстөн эле, дайымкы тиштери бүйлөнүн капталдарын жарып чыга баштайт. Муну байкаарыңыз менен баланы тиш дарыгерине алып баруу керек. Сүт тишти жулуп, дайымкы тиш өз ордуна жылып чыгышы керек.

Дайымкы тиш чыгып жатканда жаак сөөктөр кошо өсөт, кээ биринде өспөй, алдыңкы же үстүнкү жаагы кичирээк болуп калышы ыктымал. Ата-эне ушуну көзөмөлдөп, тиши, жаагы кыйшык болсо ортодонтторго кайрылып, пластинка салдыртуу керек. Болбосо чайноого, сүйлөөгө, тамак сиңирүүгө, сырткы келбетке да терс таасирин тийгизет.  Тиш сырткы келбетти көрктөп турары белгилүү. Учурда заманга жараша балдардын билгичтиги да өсүптүр. Мурункудай болуп балдарды бизге ата-энеси жетелеп келбей, өздөрү тиштерин дарылатууга, түздөтүүгө келишет. Бул да болсо жетишкендик.

Тишке кам көрүүнүн 5 баскычы

1. Тишти 2 маал эртең менен, кечинде тамактан кийин такай 2 мүнөттөн кем эмес жуу. Жылмакай болуп турса тамак-аш көп жукпайт, кебер турбайт.

2. Тиш щетканы орточо катуулуктагысын тандоо. Аны ысык сууга жууп жиберсе жумшарып, баланын тишин, бүйлөсүн көп оорутпайт.

3. Балдарга арналган паста колдонуу. Тиш дарыгери менен кеңишип алган жакшы.

4. Тиштин өзүн эле эмес, ооз көңдөйүн да тазалатып көндүрүңүз. Бүйлөнү, тиштин ортолорун калтырбай.

5. Зыяндуу азыктарды, ысык-муздакты бир ичип-жебөө керек экенин түшүндүрүңүз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан