Алан, ырчы: "ӨЗҮМӨ "130" ДЕГЕН ЫРЫМ КӨБҮРӨӨК ЖАГАТ"

“Жүрөгүм, ай”, “Муз жүрөк”, “Ал келбеди” деген ырлары менен эл оозуна алына баштаган ырчы Аланды тааныштырабыз. “Кыргызча жакшы билбесем да кыргыз тилиндеги ырларды жазам, ырдайм” дейт ал.

- Алан, салам! Келиңиз, таанышалы.

- Таанышалы. Каракол шаарында төрөлгөм. Атам мен апамдын курсагында кезде каза болуп калыптыр. Агам, апам үчөөбүз жашадык. Апам университетте мугалим болуп иштечү. Апам жумушка, агам сабакка кетип, көбүнчө үйдө жалгыз калчумун. Окуганды, жазганды 6 жашка чейин, бала бакчага баргыча эле үйрөнүп алгам. Бала бакчага 6 жашымдан тарта бара баштадым.

- Сөзүңүзгө караганда жоош бала болгон окшойсуз?

- Ооба, жоош болчумун. Кичинемде эле чоң кишилердей болуп, план менен иш кылчумун. Өзүм эле үйдөгү жумуштарды жасап, сыртка чыгып ойноп келип, үй тапшырмаларын тыпылдап аткара берчүмүн. Үй жыйнап, тамак да жасайт элем. Байкем үйдө отурчу эмес, мектептен келип эле ойногону кетип калчу. Мектепте эң сүйүктүү мугалимим - сүрөт сабагынан берген эже эле. Сүрөттү жакшы тартчумун. Ошол кезде биздин мектепте скульптура боюнча олимпиадага катышкан окуучулар жок эле. Анан мени 4-класста эле скульптура боюнча олимпиадага даярдап катыштырган. Облустук олимпиададан 4-класста 3-орунду, 5-класста 2-орунду, 6-класста биринчи орунду ээлегем.

- Ошол сүрөтчү Алан чоңойгондо ким болом дечү эле?

- Анда кардиохирург болгум келчү. Анткени кичинемде ооруп, ооруканага көп жатып жүрдүм. Кийин ырчылыкка кызыгып баштаганда бул кыялымдан баш тарттым. Ырчылыкка болсо 7-класстан баштап кызыга баштадым. Бирок башында анчалык жөндөмүм жок эле, вокалдан жеке сабактарга албай коюшкан. Анан 8-класста Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына бардым. Ырдатып көрүп, кабыл алышты. Бирок ал окуу жайда 3 жыл окуп, таштап салдым. Анткени Бишкекке келе бердим. Ырчылыкка 2020-жылдан тарта олуттуу мамиле кыла баштадым.

- Буга эмне түрткү болду?

- Пандемия учурунда ыктыярчы катары медицина кызматкерлерине жардам берип жүрдүм. Ошондо коронавирустан каза болуп жаткандарды көрүп жашоо тууралуу терең ойлондум. Өзүмдөн эмнени каалап жатканымды сурадым. Ырчы болгум келип жатыптыр. Досторум да “үнүң жакшы, ырдашың керек” деп калышчу. Ошентип анан студияга барып алгачкы ырымды жаздырдым. “Ал келбеди”, “Калбадың” деген ырларымдын тексти да, обону да шыр жаралды. Кызыгы, мен орус тилдүүмүн да. Ыр саптары жалаң кыргызча чыкты өзүнөн-өзү. Кээ бир сөздөрдү кагазга жазып койгондон кийин гана маанисин билдим. Ошондон бери кыргыз тилине көңүл буруп, бир аз сүйлөй баштадым. Аталган эки ырымды эл жакшы кабыл алды. Анан “Муз жүрөк” деген ырым чыгып, 2 апта катарынан “Кыргызстан обондорунда” хит параддан утту. “Жүрөгүм ай” деген ырым мага ийгилик алып келди. Аз болсо да элге таанытты. Учурда жаңы 2 ыр жаздырып жатам, бири орусча, экинчиси англис тилинде.

- Кайсы ырыңыз өзүңүзгө көбүрөөк жагат?

- Өзүмө “130” жана “Калбадың” деген ырларым көбүрөөк жагат. “130” философиялык ыр. Аны уккан киши ырчы автоунаада бир жакка шашып бара жатыптыр деп түшүнүшү мүмкүн. Бирок терең мааниси бар ыр. Кыялдар жана ага умтулуу жөнүндө. “Калбадың” деген ырды бир адамга арнагам. Ошондуктан жагат. Дегеле ырларымдын баарында өзүмдүн жашоомду гана ырдайм.

- Апаңыз менен агаңыз ырчылыгыңызды кандай кабыл алышты?

- Алар 2 ай мурун гана артист экенимди түшүнүштү. Ага чейин олуттуу кабыл алышкан эмес. Азыр дайым мени колдошот. Ырларымды угушат, биринчилерден болуп комментарий жазышат.

- Кыргыз эстрадасынан сизге мотивация бергендер болдубу?

- Ырчы Каныкей жардам берген. 7-8-класс кезимде Каныкейдин ырларын угуп кыргыз ырларына көңүл бура баштагам. Аны жакшы көрчүмүн, ырларынын маанисин түшүнүш үчүн аларды орусчага которуп укчумун. Бир жолу Караколго концертке келгенде бардым. Эмнегедир аны менен таанышарымды сездим, белек ала баргам. Концерт учурунда Каныкей ырдагысы келген көрүүчүлөрдү сахнага чыгарып ырдаткан. Концерт бүткөндөн кийин баарыбыз менен таанышып, мага номерин берип, “Бишкекке барганда чал” деди. Мен ага белегимди бердим. Кийин Бишкектен жолуктук. Ал бир күн кечке мени менен жүрүп, артисттердин жашоосун көрсөттү. Үнүмдүн жакшы экенин айтып, “каалооң күч болсо эле ийгиликке жетесиң” деп мага күчтүү мотивация берген.

- Ырдын эмнесине биринчи көңүл бурасыз?

- Эң алгач обонуна көңүл бурам. Обону эсте кала турган болсо ал ыр угуучунун көңүлүн бурат. Экинчиден, үндүү тыбыштардын гармониясына көңүл бурам. Үчүнчүдөн, тексттин маанисине карайм. Бул – ырдын тексти маанилүү эмес дегенди билдирбейт. Ыр башталган алгачкы 5 секундда ырдын маанисин укпайсың да, обонун тыңшайсың. Угарманды обон тартып алат эн биринчи. Анан гана эмне деген ыр деп маанисин угабыз.

Мага обон менен текст чогуу келет, дароо диктофонго жаздырып коём. Эгер эртеси күнү ал ырды диктофону жок эле эстесем, демек, ал ыр жакшы чыгат деп эсептейм да, үстүнөн иштейм. Эртеси эстей албасам, анда жок.

- Жакшы. Маекти сүйүү темасы менен жыйынтыктайлы. Сүйүү деген эмне сиз үчүн?

- Мен үчүн сүйүү - музыкалык продукт. Сүйүү келгенде ыр жазам. Ырларымдын баары өз жашоомдон алынган.

- Сизге чыгармачылык ийгилик.

- Рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан