Сыймык Махмудов, балбан Акжол Махмудовдун бир тууганы: "АКЖОЛДУН ЖЕЛКЕСИ ЖЕРГЕ ТИЙБЕСИН ДЕП КОЛДОП ТУРАБЫЗ"

Жакшы күндө да, кыйын күндө да ар дайым бир тууганың жаныңда болот эмеспи. Балалыктан бирге өскөн бир тууганыңдан артык сени эч ким билбесе керек. Бул сапар “Бир тууган” рубрикабызда белгилүү балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы Сыймык Махмудов менен баарлаштык. “Акжолдун эмгекчилдигине, ишине берилгендигине баа берем” дейт Сыймык мырза.

“Агам үйлөнүп, кубанып турган чагыбыз”

– Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, үч эркек, эки кыз. Улуу агам 1994-жылкы, аты Бексултан. Ал бизге бардык тарабынан үлгү, кандай жагдай болбосун ишенген, таянган адамыбыз. Абдан тартиптүү, ыймандуу, айткан сөзүнө турат, чынчыл. Мээримин, күчүн, убактысын бир туугандарынан аябаган агалардын бири. Ушундай агабыз бар экенине сыймыктанабыз, мактанабыз. Бизди дагы өтө катуу кармады. Атам соодагер болгондуктан эки жакка көп кетет эле. Ошол учурда үйдө бизге баш-көз болуп агам калчу. Үйгө кечки саат 9:50гө ч ейин келбесең, “каякта жүрөсүң, желмогуз? Эч нерсеңди билбейм, 10 мүнөттө келип кал” деп телефон чалат. Анан 10 мүнөттө келбесең урушат, сөгөт. Уруш укпайлы деп такси чакырып, достор менен жүрсөк, аларга түшүндүрүп айтып үйгө келип калчубуз. Кичинемде мен Бексултан агама, Акжол мага каяша айтып, урушуп кетчүбүз. Бирок Бексултан агам Акжол экөөбүздүн бирибизди урушуп калса, экөөбүз бири-бирибизге жан тартып, биригип Бексултан байкеме согуш жарыялачубуз (күлүп). Бексултан агам андай кылбагыла, мындай болгула деп эле бизди туура жолго үгүттөп урушчу да. Учурда Бексултан агам үйлөнүп, үй-бүлөбүзгө баш кошулуп баарыбыз кубанып, толкунданып турган чагыбыз. Кечээ, 17-октябрда кыз узатуу тою болду. Бүгүн тойдун уландысы болот. Баары көңүлдөгүдөй өтүп жатат. Жеңелүү болуп кубанычыбыз кучагыбызга батпай турат. Атамдын “уулдарымды улуулата катары менен үйлөндүрөм” деген максаты бар экен. Ошол тилегин колдоп, атам айткандай болсун деп жүргөнбүз. Агабыз үйлөнүп, бизге жол ачып жатат.

“Акжол экөөбүз эгиздей ээрчишип чоңойдук”

– Агамдан кийин мен – Сыймык Махмудов, 1997-жылы төрөлгөм. Бексултандын иниси, Акжолдун агасы үйдүн ортончусумун. Акжол экөөбүз бала бакчага чогуу барчубуз. Кийин мектепке мен бир жыл кеч, Акжол бир жыл эрте барып, экөөбүз бир партада отуруп, бир класста окуп, окшош кийинип эгиздердей чоңойдук. 8-класска чейин экөөбүз ээрчишип жүрдүк. Анан ал спорттук мектептен, мен 66-гимназиядан окуубузду уланттык. Юридикалык академияда Акжол экөөбүз магистратураны чогуу окуп, бүтүрдүк. 1-классты бүткөндө каникулда экөөбүз чогуу күрөш залына бара баштаганбыз. Экөөбүздүн күрөштөгү карьерабыз бирге башталды. Бир салмакта күрөшүп экөөбүз 5 ирет каршылаш болуп килемге чыктык. Бирок күрөшчү эмеспиз, ал мага жеңишти 3 жолу, мен ага 2 жолу бердим. Килемге чыгып эле бири-бирибиздин колубузду көтөрүп койчубуз.

Күрөш менен жүрө бербей дипломду да иштетейин, кесибим менен иштейин деген ойдо жүрөм азыр. Быйыл аскердик кызматты өтөп келдим.

“Кыймылдабаган буту менен машыгууга барып таң калтырган”

– Акжолдун алгачкы ийгиликтери 2015-жылы кыш айларында башталды. Ошол учурдагы негизги турнирлердин баарын жеңип, Азия чемпиондугуна барган. Анын финалында өтө кызыктуу кармаш өткөрүп “туще” аркылуу жеңишке жетишет. Ошондо сүйүнүчтөн баарыбыз көзгө жаш алып, жеңиштин сезимдерин татканбыз.

Акжолдун мүнөзү сонун. Ини десең инидей, дос десең достой жүрөт. Ыймандуу, өтө кичи пейил, адам менен бат тил табышат, абдан эмгекчил. Мээнеткечтигин өзгөчө белгилеп кетсем болот. Спорттогу эмгек, дисциплина жагынан Акжолго тең келери жок. Спорт анын канында чуркап жүрөт. Ал спорт, машыгуулар менен жашайт. Акжол жаракат алып, күрөшө албай калган учурда кыймылдабаган буту менен машыгууга барып баарыбызда таң калтырды. Башка бирөө болсо “баса албайм” деп үйдө жата бермек. Азыр ошол мээнетинин үзүрүн көрүп жатат.

Жакында эле экинчи ирет Дүйнө чемпиондугун утуп өзүнүн мыктылыгын тастыктады. Жеңиштин эртеси эле “түшкү тамакты ичиш үчүн машыгышым керек, тамак бекер кирбесин” деп машыгууну баштады. Өз ишин чын дили менен аткарат.

“Китепти көп окуйт”

– Акжол үйдүн кенжеси болгондуктан кичинесинен эле эрке бала. Байкем экөөбүз иш кылчубуз, ал машыгуумду улантышым керек деп койчу. Атам да “бул бала машыксын” деп калчу. Биз деле каршы болчу эмеспиз. Анткени анын ийгилигин дайыма колдоп турабыз. Ар дайым ийгиликтин үстүндө жүрсүн, желкеси жерге тийбесин, дайыма кыргыз желегин бийикке көтөрсүн деп аны жумушка салып кыйнабайт болчубуз. Бирок колунан бардык иш келет.

Эрке болгондуктан мектепте жакшы окуган жок. Экөөбүз бир партада отургандыктан менден көчүрүп жазчу баарын. Аны мугалимдер дагы билип калган. Ага менден бир баа төмөн койчу. Акыркы жылдары ал билимге абдан басым жасап жатат. Азыр мага караганда китепти көп окуйт. Үйдө өзүнүн китеп текчеси бар.

“Акжол жеңген учурда үнүбүз коңшуларга чейин угулат”

– Акжолдун ар бир жеңиши, ар бир медалы биз үчүн чоң майрам. Жашоодогудай эле күрөштө деле Жараткан маңдайга эмнени жазган болсо ошону эле алабыз. Бирок анын кайсы бирине жетүү өзүбүздүн мээнетибизге, ниетибизге жараша болот. Акжол мээнетти катуу кылат. Биз ар бир мелдеш алдында “Акжолдун төккөн тери, мээнети текке кетпей, бешенеси ачык болуп ийгилик менен кайтсын” деп тилек кылып турабыз. Акжол мелдештерге кеткенде жакындардын кимиси Бишкекте боло турган болсо баары биздин үйгө чогулуп, дасторкон жайып алып отурабыз. Бирок эмоцияга алдырып бир нерсе кылып салбайлы деп мелдеш башталарда айланабызды тазалайбыз. Акжол утуп жатканда акыркы секунддарды бирге санап уралап бакырып, үйдү башыбызга кийип алабыз. Андайда үнүбүз коңшулардыкына чейин угулат.

“Олимпиада чемпиону болсом деп гана жашап калды”

– Мурунку Дүйнө чемпиондугун утканда үйлөнөм деп чыкпады беле. Ошондо мунун сүйлөшкөн кызы бар го деп калгам. Сурасам, “Бексултан байкемди шаштырайын деп эле ошентип койдум” деди. Азыркы учурда Акжолдун бир гана максатын билем. Анын азыр ою, баскан-турганы Олимпиада чемпиону болуп, Кыргыз өлкөсүнө алтын медаль алып келүү болуп турат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан