ЭНДОМЕТРИТ – ЖАТЫНДЫН АБОРТТОН, ОПЕРАЦИЯДАН УЛАМ СЕЗГЕНИШИ

Төрөт курагындагы аялдарда көп кездешчү оорулардын бири – эндометрит. Аталган ооруга маани бербесе, дарыланбаса аял балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат. Анткени дарт жатынды алып салууга чейин жеткирет. Бул оорунун жаралышы, дарылоо, алдын алуу боюнча Ош облустук адам репродукциясы борборунун гинекология бөлүмүнүн башчысы Кыдырбек кызы Айканыш маалымат берет.

Дартта жатындын ички кабыкчасы сезгенет

– Жатын 3 катмардан турат. Эң ички катмары эндометрий деп аталат, түзүлүшү боюнча былжырлуу кабыкча. Ортоңкусу булчуңдуу миометрий катмары, сырткысы периметрий деп аталган илешмелүү (уюма) кабыкча.

Ай сайын этек кир келер учурда эндометрий кабыкчасы сыйрылып кан агуу башталат. Качан бойго бүткөндө кан агуу, башкача айтканда этек кирдин келүүсү күтүлбөйт. Пайда болгон түйүлдүккө эндометрий кабыкчасы жумшак “төшөк” болуп берет, анткени түйүлдүк анын бетине жабышат.

Ошол эндометрий катмарынын бактериялардан, абортто түйүлдүктү кырып алгандан, оор төрөттө жатындын жаракатка кабылганынан жана башкадан улам сезгенүүсү эндометрит деп аталат. Айрымдар эндометрит менен эндометриоз оорусун бир оору катары эсептешет. Бул туура эмес, медицинадык терминдерде сезгенүүдөн жаралаган оорулардын аталышынын аягы “ит” менен бүтөт. Мисалы отит, мастит, гайморит, эндометрит.

Эндометриоз болсо абортто түйүлдүктү кырып алганда, жатын моюнчасындагы эрозияны күйгүзгөндө, операция жолу менен төрөгөндө, стресстен улам гормондор өзгөргөндө эндометрийдин үзүлгөн, кырылган ткандары жатындын берки катмарларына, жатын моюнчасына, табарсык, өпкө, көзгө жана башкаларга чейин тарап, өсүп кетиши. Этек кир келген учурда ошол башка жакта өсүп кеткен эндметриоздордун (ичине кочкул күрөң суюктук толгон барсыддак) бети кошо сыйрылып, канайт. Ошого оорутуу катуу болот. Бул дарылоо же операция жолу менен айыктырылат.

Эндометрит эмнелерден улам жаралат?

• Оор төрөт. Жатындын эндометрий кабыкчасы жаракатка кабылса, сезгенүү келип чыгат

• Аборт, операция жолу менен төрөө. Түйүлдүктү кырып алганда, жатынды кескенде аталган кабыкча сезгенет

• Бойго бүтүрбөөчү спиралдарды өтө узакка колдонуу

• Этек кир учурунда жыныстык кошулуу (жатын моюнчасы ачык болгондуктан бактериялар өтүп кетет)

• Жыныстык жашоодо баш-аламан жашоо

• Инфекциялык оорулардын (кургак учук, гонорея жана башка) козгогучтары. Негизинен сезгенүүнү жаратуучулар болуп ичеги таякчасы, стрептококк, хламидия, микоплазма, кургак учуктун микобактериялары, вирустар, микробдор эсептелет.

• Иммунитеттин өтө төмөндөшү. Мында организм бактерия, вирустар менен күрөшө албай калат. Ошондуктан аталгандар жатынга чейин өтүп кетет. Айрымдарда төрөттөн кийин эндометриттин жаралышы ушул себептүү болот.

Түрлөрү

– Курч кармаган түрү эндометрий кабыкчасынын сезгенгенден 2-4 күндөн кийин билинет. Ооруганда аял 2-3 аптада дарыланбаса оору өнөкөт түргө өтөт.

Дарттын белгилери:

• Ичтин төмөн жагынын салаңдап, сыздатып оорутуусу. Оорутуу жука чурай, белге чейин берилет. Эгерде жатында спираль бар болсо оорутуу катуу болот.

• Дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу

• Оорутуудан улам алсыздануу, бат чарчоо, өзүн жакшы сезбөө

• Жыныстык кошулууда, этек кир келген учурда, заара ушатканда оорутуунун күчөшү

• Жыныстык кындан кан же ириң аралаш жаман жыттагы суюктуктун агышы

• Этек кирдин аз же көп келиши.

• Этек кирлер аралык кандын келиши

• Бойго бүтпөө же бойдон түшүп калуу

• Ичтеги түйүлдүктүн өспөй калышы

Өнөкөт түрүндө да дарыланбай жүрө бергенде жатында киста, миома, эндометриоз же полиптер өсүп баштайт. Жатын ириңдеп, ириң кан менен дегене тарап кетиши да мүмкүн (сепсис). Аталгандардан улам жатын алынып салынып, аял эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы толук ыктымал. Сепсисте көз жуумп кетүү коркунучу күтүлөт.

Диагноз

• Гистроскопия. Бул жатындын ичин гистроскоп аппараты менен текшерүү.

• Жатындан тканды үзүп алып текшерүү (биопсия)

• Жыныс кынынан кырынды алып текшерүү (мазок)

• УЗИ

• Кандын, зааранын биохимиялык анализи

• Жатынды жана жатын түтүкчөлөрүн гистеросальпингография ыкмасы (рентгенодиагностика) менен изилдөө жана башка

Дарылоо

– Оору белгилери билинер замат гинекологго көрүнүү зарыл. Дарылоодо сезгенүүгө каршы, дене табын түшүрүүчү дары-дармектер, дары майлар, витаминдер топтому, бактерия, вирустар бөлүп чыгарган ууларды организмден чыгаруу үчүн асма уколдор, антибиотик, гормоналдык каражат жазылып берилет. Гормоналдык дарылар эндометрий клеткаларынын калыпка келип, жаңырып өсүп турушун камсыздайт.

Антибиотик жыныс кынындагы пайдалуу бактерияларды өлтүрүп, санын азайтып жиберет. Ошого пайдасыз бактериялардан саны өсүп кетип, аялда кандидоз (молочница) жаралышы мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алып грибокко каршы дары да кошо жазылат. Оорутууну сездирбөөчү каражат да чектелет. Дарылоо негизинен 7-10 күнгө созулат. Дароо дарыланганда аял таза айыгат, оору өнөкөт түрүнө өтпөйт. Башкысы- кийин да балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуубайт.

Өнөкөт түргө өтсө улам иммунитет түшкөн, суукка урунган сайын да кармай берип, улам дарыланууга жеткирет. Бул каражатты, убакытты да талап кылып, аялды кыжалат кылып, чарчатып, жадатып жиберет. Дарыланган сайын үйүндөгүлөргө да жаман көрүнөт.

Дарттын оор түрүндө ооруканага жатып дарылануу сунушталат. Хирургиялык операция жасалышы, киста, миома, полип, эндометриоз болсо, алардын саны жана көлөмүнө жараша жатын алынып салышы да мүмкүн.

Өнөкөт түрүндө аталгандардан тышкары физиотерапия колдонулат.

Дарттын алдын алуу

• Жылына 2 ирет гинекологго текшерилип туруу

• Оору белгилери билингенде дароо дарылануу

• Жыныстык баш-аламан жашоодон качуу

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан