САДЫР ДОСТИЕВ: “ЛАТВИЯДА СЫР ЗАВОДДО ИШТЕП ЖАТАМ”

Бул жолку каарманым Латвияда магистратурада окуп, ошол өлкөдө өз кесиби боюнча иштеп жаткан Садыр Достиев болду. Бул өлкө, андагы адамдар, жумушундагы шарттар, өзүнүн басып өткөн жолу тууралуу баяндап берди. “Кыргызтандагы тамак-аш өнөр жайын өнүктүргүм келет” дейт ал. Ошол максаттын артынан түшүп тажрыйба топтоп жүргөн убагы экен.

“Кичинемде айдоочу болгум келчү”

- 1995-жылы 10-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөм. Балалыгым шаңдуу, кызыктуу, элдин балдарындай эле көчөдө ойноп жүрүп өттү. Балалык кыялымда айдоочу болгум келчү, таенем айткандай, кичинемде үйдөгү болгон идиш-аяктын баарынын капкактарын руль кылып ойноп, жогото берчү экенмин. Кийин бир аз чоңойгондо милиция кызматкери болгум келип калды. Бирок мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технология факультетиндеги жаныбарлардан алынуучу азыктардын технологиясы жана өндүрүшү бөлүмүнө тапшырдым. Бул бөлүмгө таякелеримдин кеңеши менен тапшыргам. Алар бул кесиптин маанилүүлүгүн жана кызыктуулугун түшүндүрүп беришкен. Ошондо азык-түлүк технологиясы канчалык маанилүү экенин түшүнүп, ушул багыт боюнча кетүү чечимин кабыл алгам. Бул окуу жайдан бакалаврды бүтүргөндөн кийин ылайыктуу жумуш издеп 1 жылдай жүрдүм. Табылган жумуштар көңүлүмө туура келбей жатты. Анан бир күнү таежем “азыр иш издебей эле окууну улантпайсыңбы” деп кеңеш берип, Латвиядагы бир университетти сунуштады. Дароо интернеттен ошол университеттин сайтын таап, керектүү документтерди чогултуп тапшыра салдым. Бир айдан кийин университеттен электрондук кат келди, онлайн интервью болду, андан өттүм. Ошентип магистратурада Латвиянын биотехнологиялык университетинде окуп калдым. Бул университетте келишимдик негизде окудум, ата-энем окуу акысын төлөп беришти. Университетте мен жалгыз Кыргыз студенти болчумун. Латвияда кыргыздар аз же жокко эсе окшойт. Башка жердештер менен жолугуша алган жокмун.

“Жумуш табуу оор болгон жок”

- Латвия абасы таза, жапжашыл, кооз өлкө. Эли кичипейил, ак көңүл жана ачык-айрым келет. Анан бул жакта мыйзамдар катуу иштейт. Ошондуктанбы, калкы тартиптүүдөй сезилет. Албетте, бейбаштык ар бир эле өлкөдө кездешет да. Биз латвиялыктардан тартипти сактоону, ар бир адам өзүнүн жеке жашоосу менен алектенгенди, эң маанилүүсү - тазалыкты сактоону үйрөнсөк жакшы болот деп ойлойм.

Бул жакка жаңы келгенимде жакындарымды сагынып бир аз кыйналдым. Аларды азыр деле сагынам. 4 жылдын ичинде Кыргызстанга 2 жолу барып келдим. Ал эми окуу, жумуш табуу анчалык оорчулук жараткан жок.

Мен магистратурада биринчи курста окуп жатканда ковид-19 пандемиясы башталып, окуум онлайнга өттү. Ошол учурда бекер жатпайын деп иш издей баштадым. Кудай жалгап сыр бышырган “Latvijas Piens” немис комбинатына катардагы жумушчу катары кабыл алындым. Азыр сыр кайнатуу боюнча адис болуп иштейм. 4 жылдан бери иштеп келе жатам, жумуштун шарттары жакшы. Эртең менен келип, түнкү нөөмөттө иштегендерден жумушту кабыл алам. Менин милдетим - чийки сүттөн баштап жогорку саппаттагы сыр бышырылып чыкканга чейинки ар бир баскычты көзөмөлдөө. Суткасына 12 сааттан иштейбиз. Ашыкча иштесең, бир саатты бир жарым саат деп эсептеп акы төлөп берет, майрам күндөрү иштесең эки эсе көп акы төлөнөт. Жумушчулар ишин так билишет, анткени башында жумушка кирерде жакшы үйрөтүшөт. Тааныш-билиштик же “боло берет” деген түшүнүк жок да буларда (күлүп). Айлык акысын алдабай, таза төлөп беришет. Жумушчуга жумушка керектүү бүт буюмдар берилет, медициналык камсыздандыруу бар, жамааттын ишин бекемдөө үчүн ар кандай тренингдер өткөрүлүп турат. Ишкананын жетекчилери жумушчуларга сый мамиле көрсөтүшөт.

Бизде, жумушчуларда да жоопкерчилик күчтүү. Ошол жоопкерчиликти сезем, анткени биз бышырган сырдын 90 пайызы экспортко кетет. Бүткүл Европа өлкөлөрүнө, Украина, Орусия, Кытай, Бразилия, Чили, Монголия, Азербайжан жана башка өлкөлөргө сатылат.

Айлык маянам 1500-2000 евро. Тапканымды батирдин ижарасына, тамак-ашка, саякатка, күнүмдүк керектөөлөргө жумшайм. Ата-энеме да жардам берип турам. Эстония, Литва, Польша, Германия, Франция, Бельгия, Нидерланд, Австрия, Чехия жана башка Европа өлкөлөрүн кыдырдым. Европа өлкөлөрүнүн тарыхый жерлери абдан кызыктуу. Ар бир өлкө өзүнчө кооз. Саякат - кумар экен. Канчалык саякатка чыккан сайын ошончолук дагы жаңы жерлерди көргүң келип, кайра-кайра саякатка чыккың келип турат экен.

“Кыргызстанда сыр заводун ачкым келет”

- Кыргызстанда нукура таза азыктардан жасалган сыр заводун ачкым келет. Биздин өлкөдө тамак-аш өнөр жайын өнүктүрсөм деген максатым бар. Азырынча тажрыйбам жетишсиз деп ойлойм, ошондуктан дагы да илим жана тажрыйба топтошум керек. Кудай буюрса, билимим жана тажрыйбам тийиштүү деңгээлге жеткенде Кыргызстанга өз салымымды, өз күчүмдү аябастан кошом.

Учурда Кыргызстанда чет өлкөгө кеткиси келип жүргөн жаштар көп. Аларга айтарым, сөзсүз түрдө окуп, билим алгыла. Өзүңөргө жаккан гана кесипти тандагыла, бул маанилүү. Чет тилдерди үйрөнүү эч качан ашыкча болбойт. Латвияда окуп жана иштөөнүн жакшы жери - бул жакта орус тилинде да сүйлөшөт, аба-ырайы таза жана кооз. Чет мамлекетке окууга же жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп бара жаткан жердештериме ийгилик каалайм. Эч нерседен коркпой, ойлогон ой-максаттарды ишке ашырууга аракет кылыш керек экенин түшүнүп калдым. Келечекте мамлектибизге салым кошом деген кыргыздын чыгаан уул-кыздары көп экенибизге ишенем!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан