ЖАЛГЫЗЫМСЫҢ

– Эмне эле тултуюп жатасың?

Аскаттын суроосун аялы Асел кош көңүл угуп, жай гана ишин кыла берди. Мындайда эркектердин эгосу ойгонуп кетмейи бар эмеспи. Угуп туруп укмаксан болгонуна жини келип кетти.

– Апаңдыкынан жылан чагып алдыбы же тилиңди бирөө жулуп алдыбы?

– Менин сүйлөгүм келген жок. Жөн эле сүйлөгүм келбей жатат. Менимче, каалабасам унчукпаганга укугум бар...

– Хм, ушундай дечи.

– Ушундай!

Аялы так жооп берди. Анын кареги менен тең менен айланып мамиле жасаганына көнүп калган Аскаттын жаны чыгып кетти.

– Тамагың да маалкатып бышпай жатат. Эмне түн киргенче күтөбүзбү? - деди ары-бери баса.

– Күтсөң күт, күтпөсөң кой.

Аялы шашпай дастаркон жайып баштады. Аскаттын оозу ачылып калды. Дени сообу мунун? Качан кечки тамакты кечиктирип берчү эле? Аялы эч нерсе болбогондой, анын кыжаалатчылыгын байкабагандай жүрө берди. Ушул учурда “чың-ң” дей түшүп телефонуна билдирүү келди Аскаттын. “Чогуу тамактанбайлыбы? Менин курсагым ачты. Өткөнкү барган ресторанга баралыбы?” деп жазып жибериптир көңүлдөшү. Көктөн тилегени жерден табыла калды да “азыр чыгам” деп жооп жазды.

– Сенин тамагыңды күтө албайм. Андан көрө сырттан тамак ичип келем.

– Каалаганыңды кыл. Күтө албасаң күтө албайсың да.

Асел мында да “быш” деп койгон жок. Чыгып бара жатып караса, телмире терезени тиктеп туруптур. Аскат чыгып баратканын билдире тамагын кыра жөтөлүп койду. Аялы башын буруп да караган жок. Айласы жок чыгып кетти.

ххх

Бишкектин көчөлөрүн аралай басып баратып Аскат жол кырсыгына кабылган үй-бүлөнү көрдү. Аялы бечара күйөөсүнүн үстүнө түшө калып “тез жардамчыларга” бир нерселерди айтып жатат. Тим эле чебелектейт. Жамгырда жанталаша ары-бери жүгүргөн аялды көрүп аябай таасирленди. Кызык, Аскат кокус бир нерсе болсо ким минтип чебелектейт болду экен? Аялы го, тигинтип кош көңүл. Ушул учурда оюна сүйүп-күйүп жаткан көңүлдөшү келди. Оюна бир нерсе кылт деди да, машинесин шарт буруп хирург досуна жөнөп кетти.

– Оюнуң менен куруп кет. Жамандыкты чакырып эмне кыласың?

– Эми көрөлү да. Кызык болуп жатат...

– Жинди элесиң сен.

Башын чайкап алган досу Аскаттын башын бинт менен таңып, бетин канга окшотуп боёп туруп, керебетке жаткырып койду. Көңүлдөшүнүн номерине чалды Аскаттын телефонунан.

– Алоо, жа-аан. Кайда калдың? Курсагым ачып эмне кылсам деп отурам...

– Саламатсызбы, мен “Тез жардам” бөлүмүнөн чалып жатам. Аскат деген жигит жол кырсыгына кабылды. Абалы оор. Көп жеринде жаракат бар. Буттары толугу менен жанчылып калыптыр. Акыркы жолу ушул номерге чалган экен, сиз анын жакынысызбы?

Телефондогу азыр эле кылыктана кубулжуп жаткан үн бир топко унчукпай калды.

– Алоо, сиз угуп жатасызбы?

– Неме... Мен мындай эле бир-эки жолу көрүшкөм... Алыс эле таанышпыз. Үй-бүлөсү бар. Сиз ошолорго чалыңыз.

Телефон “түт-түүт” деп өчтү. Аскат шылкыйып отуруп калды. Мына, сага тамаша. Бул кыз көрсө Аскаттын акчасына гана кызыгып “күйдүм-сүйдүм” деп жүргөн тура. Дагы буга ишенип ажыраша турган болгону айт. Башына таш түшкөндөй отуруп калды. Эми досу оюнду улатмак болду.

– Кел эми, анча болду аяшка чалып көрөлү.

– Ой, ал деген мени көрө турган көзү жок. “Өлөм сенсиз” деп жаткан бул минтип “кидать” этип жатса.

– Аялың антпейт.

– Андан да аялым бул экөөбүздү билип калган да - деди желкесин кашыган Аскат. - Билип калганын билдирбей жүрөт бирок...

– Сен Аселди баалабай жүрөсүң, досум. Аябай адамгерчиликтүү, сабырдуу аялың бар. Негизи эле биз аялдарды жакшы билбейбиз. Кел, оюнду акырына чейин ойноп салалы. Кана, саат канча болду. 02:00 болуптур. Бир азда менин нөөмөтүм да бүтөт. Чалайынбы?

– Чал.

Асел аяшынын телефон номерин дароо тааныды, уктабай жаткан эле.

– Тынччылыкпы? - деп чочуп кетти.

– Асел, сен коркуп кетпе, бирок Аскат жол кырсыгына кабылды.

– Эмне-е? Жаны аманбы деги?

– Аман, аман. Бирок бир буту...

– Кудайым, жаны аман болсо болду. Кайсы жакка барайын? Адресин жаза кал.

Аялынын карбаластаган үнүн угуп Аскат ыйлагысы келип кетти. Мына, чындап күйө турган адамы ушул тура. Шаша-буша кирип келген аялы бинтке оролуп жаткан күйөөсүн көрүп кучактай калды.

– Аскат, жаным. Эмне болуп кетти? Мени кечирип кой. Мен сага таарынганымдан атайын тамакты кеч бышырып... Мен болбогондо сен жиндеп сыртка чыгып кетпейт элең. Кечир мени,

Асел ыйлап жатты. Аскат болсо бир күлүп, бир ыйлап алды. Шолоктоп жаткан аялын ээгинен көтөрө берди.

– Экинчи анда мага кош көңүл мамиле жасабайсыңбы?

Сулк жаткан күйөөсүнүн үнүн угуп Асел таң кала түштү. Аскат ордуна туруп башындагы бинттерди алды. Соп-соо, эч бир жеринде жараат жок.

– Апей, сен...

– Тамашаладык. Мени сүйбөй калдыбы деп коркуп кеттим. Бирок сен мени биз жаңы көрүшкөндөй эле сүйөт экенсиң. Халат, үйдөгү тапочкаң менен жетип келипсиң.

Асел күйөөсүн жонго муштады. Күлүп да, ыйлап да жүрөт.

– Жинди, ушинтип да тамашалайсыңбы?

– Оюндун автору бул! - деп досун көрсөтө берди Аскат. Аялын кучактап жашы кургай элек көздөрүнөн сүйдү.

– Мени кечир, жашоодо мага сендей күйгөн, мени сендей сүйгөн адам жок экенин билдим. Туура эмес мамиле кылып жүрүпмүн. Эми өмүр бою мага сабак болду. Менин жашоомдо жалгыз сенсиң.

– Жалгызым сен! - деди аялы да Аскатты кучактай.

Экөөсүн карап досу да бактылуу жылмайды.

Айлин Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1089, 20-26-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан