ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 30-октябрдан 5-ноябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Күтүүсүз сунуштар сиз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Андыктан бул апта шашылыш кабыл алынган чечимдериңиздин баары сиздин пайдаңызга иштейт. Баарынан кеңеш сурайм деп бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербеңиз. Болбосо кийин катуу өкүнүп өзүңүздү жемелейсиз. Жеке жашоодо да жылыш болот. Бойдоктордо коомдук эс алуу жайында орун алган таанышуунун аягы сүйүү мамилесине жетет. Алыскы жолго сапарга чыгуу сунушталбайт.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Күндөрүңүз түркүн түскө боёлуп, бактылуу көз ирмемдерге толот. Маанай көтөрчү шаан-шөкөт, достук жолугушуулардан баш тартпаңыз. Кийин деле бүтүрө турган ишке көп энергияңызды коротуп кыйналбаңыз, күчүңүздү башка маанилүү ишке жумшаңыз. Жалгыз бой букачарлар эсептешип, сизден пайда көргүсү келген адам менен таанышып сүткө оозуңуз күйөт. Андыктан сыртынан ишеничтүү көрүнсө да, ал адамдын ниетин билгенге аракет кылыңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Көптөгөн эгиздер жашоо-шартын жакшырта алышат. Маянасы жогору жумуш, кошумча киреше булагын таап, жакындарыңыздын каржы көйгөйүн чечкенге жетишесиз. Ошондой эле жан дүйнөңүздү ача алган, сизди жакшы түшүнгөн жакын курбу табасыз. Сүйүктүүңүз күтүүсүз сюрприз жасап кубандырат. Көптөн бери ишке ашыра албай келе жаткан планыңыз оң жагына чечилип сүйүнөсүз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Апта сизди ден соолук менен сынашы мүмкүн. Андыктан жеңил деп эсептеген илдет болсо да дароо дарыгерге текшерилиңиз. Каржы маселесинде кыйла жылыш болот, ишиңиз жүрүшүп акча жүгүртүү көбөйөт. Ал эми жубайлар ортосунда келишпестик жаралып, кескин кадамдарга барышы мүмкүн. Амбицияларды четке жылдырып, сүйүктүүңүздү эмне тынчсыздандырып жатканын сурап көрүңүз. Меники туура дей бергенден ортодогу жарака чоңоё берет.


АРСТАН (23.07–23.08)

Жакындарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Чоң чыгымдарды алдын ала эсептеп, анан гана ири сатып алууларды жасаганыңыз туура. Батир алмаштырууну каалагандар ушул аптада аракет кылышса оңой таба алышат. Келечекте саякаттоого чогуу чыкчу адам менен таанышасыз. Абдан сараң болуп, эң зарыл нерседен акча үнөмдөбөңүз. Сүйүүдө кызганыч сезими ойгонуп, сүйүктүүңүздүн көңүлүн оорутуп алышыңыз мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Алтынчы туюмуңузга ишенип чечим чыгарсаңыз жаңылбайсыз. Эч нерседен шекшибеңиз, керексиз ойлор сизди туура жолдон адаштырып коюшу мүмкүн. Сүйүү майданында баары тынч жана ашыкча эмоцияларсыз болот. Сүйүктүүңүз сизге күтүүсүз белек даярдап жатат. Кээ бир пландарыңыз ишке ашпай калса, капа болбоого аракет кылыңыз. Баары өз убагында, тагдырга жазылган күнү орун алат.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Ак көңүлдүк кылып шамалга сапырып жибербей, каржыңызды туура башкарууга аракет кылыңыз. Ден соолуктан акча аябаңыз, дарыгерге текшерилип айрым ооруларыңыздын алдын алыңыз. Сүйүктүү адамыңыздын колдоосуна муктаж болосуз, ал сизге сөзсүз жардам берет. Үй-бүлөдөгү чырды сыртка чыгарбаганга аракет кылыңыз. Буга чейин эч кимге айтпай келген сырыңызды бул аптада да башкаларга айтпаңыз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Эмоционалдык стресстен алыс болуңуз, болбосо нерв системдериңизге терс таасирин тийгизет. Туура тамактанууга жана таза сууну көп ичүүгө аракет кылыңыз. Ооруну дарылоо эмес, алдын алуу жеңил деген кепти эсиңизден чыгарбаңыз. Жан шеригиңизге ачууланууга да, тескерисинче, ага ыраазы болууга да себептер табылат. Каталарыңызды моюндап, жакындарыңыздан кечирим сураганды үйрөнүңүз. Мындан кичирейип кетпейсиз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Ири сатып алууларды жасайсыз. Автоунаа, батир сатып алууга ылайыктуу мезгил. Үйгө эмерек, курулуш материалдарын сатып алсаңыз да болот. Унаа айдаган жаачылар жолдо сак болуп, эреже бузбашы шарт. Бул аптада сүйүктүү адамыңыз сизди колдоосу жана жылуу мамилеси менен кубантат. Жакындарыңыздын маанайын кандай жол менен болсо да көтөрүүгө аракет кылыңыз, анткени алар сиздин колдооңузга муктаж.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Текечерлер ден соолугуна олуттуу мамиле кылышы керек. Тобокелчиликке баруудан жана сапаты күмөн азыктарды сатып алуудан алыс болуңуз. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жаңы деңгээлге чыгат, балким, сиз анын көптөн бери жашырып жүргөн сырын билесиз. Документ иштерине байланышкан талаштуу маселелериңизди эртерээк бүтүрбөсөңүз, кийин убакыт өтүп ал иштин сиздин пайдаңызга чечилбей калуу коркунучу бар.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Пайдалуу тааныштык мамиле күтүүгө ыңгайлуу апта. Андыктан жаңы байланыштарды колдонууга жана алардан максималдуу пайда алууга аракет кылыңыз. Зерикпейсиз, сизди дайыма кызыктуу адамдар курчап турушат. Түгөйүн издеп жүргөн бойдок суу куярлар өздөрүнүн эркиндигин чектеген мамиледен жаа бою качышы керек. Түгөйүңүз азыртадан сизди чектеп баштаса, кийин ал кызганыч сезими ооруга айланып кетиши толук ыктымал.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Көңүл кош мамилеңизден улам ыңгайсыз окуяга тушугуп калышыңыз мүмкүн. Чоң суммадагы акча жоготуп, анын айынан жакын адамдарыңыз менен урушуп кетүү коркунучу бар. Кек сактабай, таарынычты коё бергенди үйрөнүңүз. Сүйүктүү адамыңыз кандай учур болбосун жөлөп-таяганга, колдогонго даяр. Ага жан дүйнөңүздү ачып, түшүнүксүз көрүнүүдөн коркпоңуз. Ачык сүйлөшүү, сырдашуу сиздин абалыңызды жакшыртат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан