КЕРАТИТ – көздүн чел кабыгы сезгенип, көрүүнүн начарлашы

Офтальмологдор “салмагы 8 граммдык көздүн 80дей оорусу бар” деп коюшат. Алардын бири – кератит. Бул жаш-кары дебей баарында кездешиши мүмкүн болгон дарт. Убагында дарыланбаса көрүү начарлап отуруп, сокурлук келип чыгат. Ал эми оорунун алдын алса болот. Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Кундуз Бекбоева кеңеш берет.

Көздү ак басып, сокурлук жаралат

Кератит – көздүн айнектей тунук челинин сезгениши. Тунук чел көздүн түстүү чели менен каректи сыртынан каптап турат. Убагында дарылабаса көздү ак басып, глаукома, көрүү нервинин иштебей калышы, сокурлук келип чыгат.

Дарттын бөлүнүшү

Үстүнкү кератит. Мында айнектей тунук челдин үстү жагы сезгенет, бирок булаңгыр тартпайт жана челде тырык калбайт. Бул көздүн конъюнктивит оорусун дарылабай койгондон да келип чыгышы мүмкүн.

Терең кератит. Челдин төмөнкү катмаралары да сезгенет. Оорудан улам челде тырык калат. Тырыктан көрүү төмөндөшү ыктымал. Ошондуктан бул түрүндө толук жакшылап дарылануу зарыл.

Түрлөрү

Аллергиялык кератоконъюнктивит. Көзгө аллергендердин берген терс таасиринен улам жаралат.

Фотокератит. Күндүн сыя-көк нурларынын терс таасиринен айнектей тунук челдин күйүккө кабылышы, сезгениши. Бул күнгө ашыкча кактануудан, темир ширетүүдө атайын беткап тагынбагандан келип чыгат.

Бактериалдык кератит. Бул көздөн жаракат алуудан, контакттуу линзаны гигиенаны сактабай колдонуудан, кир кол менен көздү сүртө берүүдөн келип чыгат. Сезгенүүнү алтын сымал стафилококк, көк таякча сымал бактерия козгойт.

Жарасыз кератит. Мында челде жара пайда болбойт, болгону челдин ткандары шишийт. Сезгенүүнү хламидия, спирохет, спирилл, гонококк, менингококк бактериялары козгойт. Көбүнчө контакттуу линзаны таза кармабагандан жаралат.

Акантамёбалуу кератит. Амёба 1 клеткалуу организм. Ал адатта сууда жашагандыктан суу аркылуу көзгө кириши мүмкүн. Мындай сезгенүүдөн узакка дарыланбай жүрсө, сокурлук жаралат.

Онхоцеркоздуу кератит. Аллегендерден улам көздүн алдынкы же арткы бөлүгү сезгенет. Көз кычышат, жаш агат, көз жарыктан уялат, көздүн үстүнкү сурмасы жана булчуңдары тартылышып, дирилдейт. Челдин ткандары шишийт. Бул түрүнөн көрүү төмөндөйт, дарылабаса сокурлукка кабылуу коркунучу бар.

Грибоктуу кератит. Бул түрүн козу карын сымал бактериялар сезгентет. Айнектей тунук челдин үстүнкү жана терең катмары да сезгениши мүмкүн. Сезгенүү айрым учурда көздүн кан тамырлар жайгашкан катмарына чейин жетип калат. Дарыланбаса көздү ак басууга, көрүүнүн начарлоосуна жеткирет. Бул түрүнө диагноз коюу татаалыраак, андыктан өтө кылдат текшерүүнү талап кылат.

Вирустуу кератит. Оорунун бул түрүнүн 70 пайызын жөнөкөй учуктун жана суу чечектин вирусу козгойт. Адатта көздүн айнектей тунук челинде тырык калат. Вирус челдин үстүн чекит сымал сезгендирет, челдин ортонку катмарына чейин же бардык катмарын сезгендириши мүмкүн.

Айнектей тунук челде жаранын өсүп кетиши. Көзгө түшүп кеткен стрептококк, пневмококк, көк таякча сымал жана башка бактериялардын өтө сезгендирүүсүнөн жаралат. Оору көрүүнүн кескин төмөндөшү менен башталат. Көз шишийт жана жарыктан уялат, жаш агат, катуу оорутат. Көздүн кычыктарында ириң пайда болот. Челдин ортосунда тегерек боз-саргылт так жаралат да, ал челдин бардык тарабына жайыла баштайт. Жара 2-3 күндө эле өсүп кетет.

Нейротрофикалык кератит. Сезгенүүнүн көздү иштеткен нервдин нейрондоруна чейин жайылышы.

Дарылоо

Дарылоо оорунун себептери, түрлөрүнө карата жүргүзүлөт. Мисалы, бактерияга, грибокко, вируска (анын ичинде учукка), көздүн шишигине каршы каражаттар сунушталат. Алардан тышкары тамчылатма жана гормоналдык дарылар, дары майлар берилет.

Жөнөкөй учуктуу кератитте ацикловир таблеткасы ичилет.

Вирустуу түрүндө офтальмоферон, азидроп, индоколлир жана корнерегель, ал эми бактериалдык инфекцияда азитромицин, левофлоксацин, гатифлоксацин, моксифлоксацин, офлоксацин дарылары сунушталат.

Зарыл учурда көзгө укол сайылат. Дары-дармек менен дарылоо дарттын оор же жеңил экенине карап 10 күн же андан узакка созулушу мүмкүн. Жеңил түрүндө үйдөн, оор түрүндө ооруканада жатып дарылануу керек. Консервативдик дарылоо жардам бербеген учурда көзгө операция жасалат.

Айрым учурда көрүүнү коррекциялоо үчүн лазеркогуляция, криоаппликация, кератопластика сыяктуулар сунушталышы мүмкүн. Оорунун белгилери билинери замат текшерилүү зарыл. Кечиктирбей дарылануу менен оорунун тереңдеп кетүүсүнүн алдын алууга, таза айыгууга болот. Тагыраак айтканда, көздү ак басууга, көрүүнүн дагы начарлап кетүүсүнө, булаңгыр көрүп калууга, сокурлукка жеткирбей калуу мүмкүнчүлүгү бар. Дарылануу кезинде контакттык линза тагынып жүргөндөр аны убактылуу тагынбай турушу керек болот.

Дарттын жалпы белгилери

Көздөн жаш агып, көз күндөн уялып, көздүн кычыктарына ириңдин толушу, көздүн ичинин кургашы

Көздүн тунарып, кызарып, өйкөтүп оорутушу, жаранын пайда болушу, булаңгыр көрүп калуу

Айрым түрүндө үстүнкү сурманын жана анын булчуңунун тартылып, диртилдеши

Диагноз

• Көздүн биомикроскопиясы. Мындан кератиттин кандай түрү экенин аныктоого болот

• Чел кабыкты бактериоскопиялык, цитологиялык изилдөө

• Иммунологиялык изилдөө. Бул көбүнчө аллергиядан жаралган кератиттке колдонулат.

• Аллергиялык диагностика

Оорунун алдын алуу

• Гигиенаны сактап, көздү кир кол менен кармалабоо

• Вирустуу оору менен ооруп жатканда көз ооруса кошо дарылоо

• Көздүн башка өнөкөт оорусу болсо, убак-убагы менен текшерилип, кератиттин жаралышынын алдын алуу

• Көздү жаракатка кабылуудан сактоо

• Ширетүү иши менен алектенгенде бетке темир беткап кийүү зарыл. Бул темирдин майда кыпындарынын көзгө кирип, көздү күйгүзүп кетүүдөн сактайт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан