ПАПРИКАШ, ШНИЦЕЛЬ, САРЫМСАКТУУ ШОРПО... Венгер ашканасына саякат

Венгер ашканасында да этке басым жасалат. Көпчүлүк тамактарына пияз, паприка сөзсүз кошулат. Таттууларды болсо француздардан кем калышпай жасашат. Торт, пирогдору абдан даамдуу жана дүйнөгө тараган. Мисалы, венгер круассаны, бриошь, кыямдан жасалган пирогдор. Келиңиз, сунушталган рецепттерди жасап, венгер ашканасы менен таанышалы.

Паприкаш

Керектелүүчү азыктар:

(2-3 порция үчүн):

Тооктун төш эти

300 грамм

Болгар калемпири –

1 даана

Помидор – 1 даана

Пияз – 1 даана

Ун – 1 аш кашык

Каймак – 1 аш кашык

Паприка – 2 чай кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Түбү калың казанга май куюп, ысыган кезде паприканы салып аралаштырып, аркасынан майда чарчы тууралган пиязды салып кызарганча кууруйбуз.

2. Тоок этин чоңураак туурап, казанга салып муну да кызартабыз. Бышып кетпеши керек. Эми туз, ун, каймакты кошуп аралаштырып, этти көмгүдөй суу куюу керек. Кайнап коюуланып баштаганча 7-8 мүнөт күтөбүз.

3. Помидорду майда чарчы, болгар калемпирин узун-узун туурап этке салабыз. Отту болушунча жайлатып паприкашты 20-25 мүнөт бышырабыз. Даяр болгон тамакты кайнап бышкан макарон же күрүч менен дасторконго сунсаңыз болот.

Шницель

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Жаш малдын сулп эти –

4 кесим (150-200 граммдан)

Жумуртка – 4 даана

Ун – 50 грамм

Майдаланган нан күкүмдөрү – 100 грамм

Өсүмдүк майы же сары май – 150 миллилитр

Туз, калемпир, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. 3 идиш алып, биринчисине ун, туз, мурч, калемпирди аралаштырабыз. Экинчисине жумуртканы чалабыз. Үчүнчүсүнө майдаланган нан күкүмдөрүн салып даярдайбыз.

2. Эт тилимдеринин калыңдыгы 1 сантиметрден ашпашы керек. Аны ашкана балкасы менен ургулап 0,6 сантиметрге чейин жукартып алуу керек.

3. Этти алгач унга оонатып, андан соң жумурткага, анан нан күкүмдөрүнө жакшылап оонатып, көмөч казанда ысып турган майга салып кууруйбуз. От орточо болушу кажет. Май этти көмүшү керек. Эки тарабын тең кызартып чыгарабыз. Шницель жашылча салаттары же фри картошкасы менен берилет.

Сарымсактуу шорпо

Керектелүүчү азыктар (3-4 порция үчүн):

Сарымсак – 2 баш

Уй шорпосу – 2 литр

Ун – 3 аш кашык

Каймак май – 80 грамм

Каймак – 4 аш кашык

Камкаймак (20%) – 4 аш кашык

Жумуртканын сарысы – 2 даана

Тимьян – 2-3 чымчым

Тууралган петрушка – 4 аш кашык

Лимон – 1 даана

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Күн сууктап, суук тийүү көбөйө баштаган учурда ичилүүчү эң жакшы жардамчы шорпо. Мындагы сарымсак ооздон жыттанат десеңиз аарчып, фольгага ороп электр мешине 180 градуска коюп 30 мүнөт бышырып алсаңыз болот.

2. Казанга каймак майды салып, кызыганда пиязды салып кызарта кууруйбуз. Аркасынан сарымсак кошулат. 2 мүнөт аралаштырган соң ун себелеп, ал да кызара түшкөндө аз-аздан шорпону куябыз. Бөлтөк болуп калбашы керек. Татымалдарды кошуп жай отто 30 мүнөт кайнатабыз.

3. Жумуртканын сарысына каймак, камкаймак, шорподон бир аз кошуп чалабыз. Эми аны аз-аздан шорпого куюп аралаштырабыз да петрушканы себелейбиз. Шорпо 5 мүнөт кайнаган соң оттон чыгарабыз. Идиштерге куйгандан кийин лимон ширесинен кошуп, дасторконго сунсак болот.

Шоколаддуу Бриошь

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 500 грамм

Жумуртка – 6 даана

Каймак май (72%) – 250 грамм

Кумшекер – 70 грамм

Ачыткы – 25 грамм

Какао – 50 грамм

Шоколад – 100 грамм

Туз – 10 грамм

Толтурма үчүн:

Камкаймак (сливки 33%) – 150 грамм

Шоколад – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. 2 жумурткага каймак майдан башка азыктарды кошуп камыр жууруп баштайбыз. Жумуртканын калганын экиге бөлүп кошуп камыр жуурууну улантабыз. Андан соң бөлмө температурасындагы майдаланган каймак майды кошуп бир массага келтиребиз. Акырында какао менен майдаланган шоколадды кошсок шоколаддуу камыр даяр болот. Шоколад камырда эзилип кетпей кала берсе эч нерсе болбойт.

2. Камырды 1 саатка жылуу жерге коюп, анан кекстин формаларына болжолдоп өтө толтурбай салабыз да, 25-30 градуста ысып турган электр мешине 1 саатка коёбуз. Бул учурда бриоштор дагы көтөрүлөт.

3. Эми электр мешинин ысыктыгын 160 градуска көтөрүп, 20-25 мүнөт коюп бышырып алабыз.

4. Толтурмасы үчүн кам каймакты кайноого жеткирбей ысытып, шоколаддын үстүнө куябыз. Блендер менен аралаштырып суюк шоколад даярдайбыз.

5. Бышкан бриоштордун ортосун бычак менен түбүнө жеткирбей тешип, толтурмадан куябыз. Шоколаддуу бриошбуз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан