ТАМАК-АШТЫН ДААМЫН АРТТЫРГАН ТАТЫМАЛДАР

Биз сүйүп жеген тамак-аштар татымалдар кошулбаса анчалык даамына чыкмак эмес. Ар бир кожойкенин ашканасында кандай татымалдар болушу керек? Алардын пайдасы кандай?

Кара мурч

Кара мурч өзгөчө даамы эле эмес, жагымдуу жыты менен да көпчүлүктүн табитин ача алат. Пайдалуу жактарына токтолсок, табитти ачат, зат алмашууну тездетет, антибактериалдык эффектке ээ, ошондой эле кан тамырларды тазалаган касиети бар.

Паприка

Кургатылган кызыл калемпирден жасалган татымалдын аты – паприка. Кошулган тамагынын даамын арттырат, кошумча өзгөчө көрк, өң кошот. Паприканын пайдалуу жактары көп. Мисалы, курамында С, А, В6, В9, Е, К, РР, кальций, калий, цинк, темир жана башка көптөгөн витаминдер камтылган. Бул татымал жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат, иммунитетти көтөрүп, организмди вирустарга туруктуу кылат, тырмакты, чачты бекемдейт.

Кургатылган сарымсак

Сарымсактын канчалык пайдалуу экенин билесиз да. Анын кургатылып, упага айланган татымал түрү да пайдалуулугу жагынан кем калбайт. Сарымсак упасы тамак сиңирүүнү жакшыртат, организмдин вирустар менен күрөшүүсүнө мыкты жардамчы. Кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт, айтор, табылгыс азык болуп саналат.

Тмин

Майдаланган тминди баары эле колдоно бербейт. Бирок жактырып колдонгондор анын канчалык пайдалуу экенин билишет. Тминдин курамында темир көп, андыктан анемия менен жабыркагандар бул татымалды күнүмдүк тамак-аш рационуна үзбөй колдонгону оң. Андан сырткары иммунитетти көтөрөт, ичегилердин иштешин жакшыртат. Кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин жөнгө салганга көмөкчү болот.

Карри

Карринин мекени – Индия өлкөсү. Карри бир нече өсүмдүктүн кошулмасынан жасалат. Тагыраагы, имбирь, сарымсак, куркума, тмин жана башка өсүмдүктөрдүн аралашмасы. Ар бири өзүнчө пайдалуу азыктарды бир топтомго бириктирген карри татымалы канчалык керектүү экенин түшүндүңүз да. Карри организмди түрдүү сезгенүүлөрдөн коргойт, зат алмашуу процессин тездетет, антибактериалдык касиетке ээ.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан