Ильяз Андаш, ырчы: “ЖАКЫНКЫ 5 ЖЫЛДА МИЛЛИОНЕР БОЛОМ”

– Ильяз мырза, кандайсыз? Көрүнбөй кеттиңиз?

– Жакшы. Ырчылар ырлары хит болбой калса эле көрүнбөй кеткендей сезиле берет. Ырыбыз хит болбосо деле “Ачуу айран”, “Ак чардактын” убагында канча ыр жазып, канча клип тарттырсак, азыр деле ошондой ыргакта иштеп жатабыз.

– Качан хит ыр жаралчудай?

– Кудай буюрса. “Сагынам” деген ырыбыз бир аз болсо да элдин купулуна толду окшойт. Бул ырга ак бий бийлейбиз деп тойлорго чакыра башташты.

– Ырларыңыздын арасынан өзүңүзгө өзгөчө жакканы барбы?

– “Айылым” деген чыгармам жагат. “Сүйүү арманы” деген ырым чыгат жакында. Ошол ырым менен азыр өзүм “ооруп” жүрөм. Мен мукамдуу, музыкасы кызыктуу ырларга жакынмын. Аз болсо да музыканын грамматикасын окуганбыз да. Жеңил-желпи ырлардан алысмын. Ыр жакмайынча ырдабайм.

– Жете элек кандай кыялдарыңыз бар?

– 40-45 жашка чыкканча долларлык миллионер болом деп максат койдум. Азыр 35темин, буюрса, 5-10 жылда максатыма жетем. Бирок азыр деле миллионер экенмин. Ата-энем, бир туугандарым аман, үй-бүлөм жакшы, баары сонун. Кудай билдирбей эле миллионер кылып коюптур. Бирок менин максатым – материалдык жактан миллионер болуу. Байысам өзүмө гана болсун дебейм. Элге жардам берген, мисалы, жесир аялдарга үй алып берген, жетимдердин окуу акысын төлөп берген адам болгум келет. Кудай байлыкты өзүң эле байып жыргай бер деп бербейт. Ушул максатыма жетем деп талыкпай иштеп жатам. Түндө кеч жатып, эртең менен эрте туруп кетем, жөн отурбайм. Болушунча аракетимди жумшап жатам. Ишенем, билем, сөзсүз миллионер болом.

– Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө өкүнгөн учур болдубу?

– Негизи өкүнбөйм. Бул – жан дүйнөм сүйгөн тармак. Бирок пандемия учурунда тойлор токтоп, эч нерсеси жок отуруп калып бир аз кыйналдык. 1 жылдай каражаты жок отуруп калдык. Ошондо башка иш менен да алек болуш керек экен деп ойлоп калдым.

– Жылдыз болуп, көөп кеткен учуруңуз болгонбу?

– Окуучу кезимде Караколдо ырдап баштаганда эл бир аз таанып калган. Ошондо жылдыз болгом. Жылдыз оорусу ветрянка сыяктуу экен. Бир жолу келет, экинчи келбейт. Бишкекке келгенден кийин да ооруйм го дегем, бирок келбей койду (күлүп).

– Сиздин оюңузча бул оорунун симптомдору кандай болот?

– Өзүңдү башкалардан өйдө сезип каласың. Көөп, кутурасың. Көрсө, эл катары эле экенсиң. Ал кезде 7-8-класста окучумун. Ырың хит болбой калса эле бүттү, эл сени унутат. Ошондо анан “менден да кыйындар бар турбайбы” дейт экенсиң.

– Азыркы Ильяздын 18 жаштагы Ильяздан айырмасы эмнеде?

– Азыркы Ильяз максаттарын так билет. 18 жаштагы Ильяздын так максаты жок болчу. Чыгармачылыкта кайсы багытка барышымды билем, Эл артисти болгум келет. Карыганда артымда “Эл артисти Ильяз Андаш сонун ырларды жараткан, эстраданын деңгээлин көтөргөн” деген жакшы сөз калса дейм. Жөн эле ырдап коюп, убактылуу акча таап алып жоголуп кетүү эмес максатым, тарыхта атымды калтыргым келет. Элдин мени эмгегим менен эскеришин каалайм.

– Башка ырчылардай болуп блогерлик кылган жоксуз...

– Харизмам да, актёрлук өнөрүм да бар, эч нерседен уялбайм. Андыктан келинчегим экөөбүз бир жылдай Тиктокко видео тартып көрдүк. Бирок андан эч кандай пайда тапкан жокмун. Көрүүлөр миллиондорду чапчыды, бирок бул нерсе карьерама таасирин тийгизбейт экен. Эч нерсе тапкан жокмун, эл ырларымды укмуш угуп кеткен жок. Ошондуктан блогер болуу меники эмес экенин түшүндүм, анан таштадым.

– Убакыттын өтүшү менен көп нерсени түшүндүм деп калбадыңызбы, сүйүүнүн аныктамасы кандай экен?

– Сүйүү – үй-бүлө экен. Убактылуу эмес, түбөлүктүү сезим экен. Болгону этап-этапка бөлүнөт. Жубайым экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү үй-бүлө күттүрдү, бала-чакалуу болдук. Эми ал сүйүүнү балдарыбызды сүйүп улантабыз, кийин небере-чөбүрөбүздү сүйөбүз, сүйүү ушундай түбөлүктүү нерсе экен. Ата-энемди көрөм, апам кайда басса атам ошол жакка басканын, апам тамак жасаса атамдын жанына отуруп алып картошка аарчыганын көрүп сүйүү ушул турбайбы дейм.

– Жашоодо эң чоң жетишкендигим деп эмнени эсептейсиз?

– Жетишкендиктерим алдыда, буюрса. Азыркы убакка чейинкини айтсам, биринчи кезекте үй-бүлөм. Ильяз Андаш деген аттын пайдубалын бекем түптөп койгонум, элимдин алында маданияттын мыкты кызматкери болгонум, элдин менин ырларымды сүйүп укканы жетишкендигим.

– Мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясын кандай кабыл алдыңыз?

–Менимче, биздин туу сонун эле, өзгөртпөй деле койсо болот. Буга каршы пикирдемин. Тууну өзгөрткөндө мамлекет башкача өнүгүп кетпейт. Андан көрө экономиканы өнүктүрүүнүн жолун карашса болмок.

– Үрөй учурган окуя катталды жакында, бирөө мурунку аялынын кулак-мурдун кесип салды...

– Абдан жаман окуя. Ал аял да бирөөнүн баласы. Бир жерден окугам, мен эркекмин, күчтүүмүн деп төш каккылаган же бирөөнү сабап койгон, орой мамиле жасаган, күрөштөн утуп алган эркек эталон эмес экен. Кандай эркек чыныгы эркек болот? Үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай камсыздап, жакшы мамиле кылып жакшы караса, ошол чыныгы эркек деп эсептелет экен. Аялына кол көтөрүп, бирөөнү себепсиз сабаган, кыйын болгон эркек – эркек эмес. Идеалдуу эркек деп аялзатына жакшы мамиле жасаган эркекти санашыбыз керек.

– Жашооңуздагы эң кыйын учур...

– Биз 1990-жылдарда жашадык да. Ата-энемдин жумушу жок, апам ашлянфу сатып, мен базарда жарма, отун сатып, араба түрткөн, атам ар кандай жумуштарда иштеп акча таап келген учур болду. Ошол учур эң кыйын болгон.

– Эң кубанычтуу учур...

– Ата болгондогу сезимдер.

– Өкүнгөн учуруңуз...

– Азыр жасап жаткан аракетимди 18-19 жашымда баштасам болмок деп өкүнөм. Жаштык кылыптырмын, көбүрөөк бейчеки басып коюптурмун. Артка кайтуу мүмкүн болсо, мектепте, ЖОЖдо бир да сабакты калтырбай окумакмын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан