КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР 10 АЙДА 239 МИЛЛИАРД СОМ КРЕДИТ АЛЫШТЫ

Кыргызстандыктар жыл башынан бери банктардан 239,9 миллиард сом кредит алышты. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттиги билдирет. Насыянын көпчүлүк түрлөрү боюнча көрсөткүч өстү. Кредиттер кандай багытта алынганына токтолсок.

Керектөө насыялары – 48 миллиард сом, соодага алынган насыялар – 67,3 миллиард сом, ипотекалык насыя – 27,7 миллиард сом, өндүрүшкө алынган насыя – 12,4 миллиард сом, айыл чарбасына алынган насыялар – 41,9 миллиард сом, курулушка алынган насыялар – 12,3 миллиард сом, башка максатка алынган насыялар – 30 миллиард сомду түзгөнү айтылат маалыматта. Өндүрүшкө жана курулушка деп алынган кредиттердин көрсөткүчү гана былтыркыга салыштырмалуу азайганы байкалып, калган багыттар боюнча алынган насыялардын суммасы 12 пайыздан 46 пайызга чейин өскөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан