JIA БИЗНЕС УЮМУ ИШКЕРЛЕРДИН КАРМАЛЫП ЖАТЫШЫ БОЮНЧА ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ

JIA бизнес-ассоциациясы өлкөдө ишкерлердин кармалып жатышы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бийликке келгенден кийин Жапаров менчикти коргоого, мамлекеттин бизнеске негизсиз кийлигишүүсүн токтотууга багытталган 2 жарлык чыгарганын, бул документтер ишкерлерге түрткү бергенин эскертишип, бирок соңку мезгилде ишкерлердин кармалып жатышы бизнес коомчулугун тынчсыздантып жатканы айтылат.

– Бүгүнкү күндө ишкерлердин кармалып жатышы бизнес чөйрөсүндө тынчсыздануу сезимин жаратып жатат. Мындай аракеттердин уланышы бизнес-активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана өлкөдөн инвестициянын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн экономикасына сырткы жана ички инвесторлорду тартууга жасалган чакырыктар бизнести колдогон туруктуу саясат менен камсыздалышы керек,- деп айтылат маалыматта.

Бизнес чөйрөсү бийликтен туруктуу саясат жүргүзүүнү, адилеттүү эрежелерди иштетүүнү, менчикти коргоону жана ишкерлерди колдоону суранды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан