Океана Урматбек: “ЭМНЕГЕ КИНОГО ЧАКЫРБАЙ ЖАТЫШАТ ДЕГЕН ОЙЛОР КЕЛЕ БАШТАГАН...”

Океана Урматбек “Акыркы сабак” сериалында башкы каармандардын биринин ролун ойноп, жылдызы жанган актриса. Ал жакында вампирлер тууралуу тартылган тасмада роль жаратыптыр. Чыгармачылык чөйрө, үй-бүлөсү жана атасыз өткөн балалыгы тууралуу айтып берди каарманыбыз, ачык жана жылуу маанайда маектештик.

– Океана, салам! Жаңы тасмада вампирдин ролун ойноптурсуз...

– Салам! Ооба, “Кан урсун” деген фантастикалык кинокомедияга тартылдым. Буюрса, тасма 23-ноябрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Өзгөчө кино болду. Кыргызстанда вампирлер тууралуу кино тартыла элек болуш керек. Кызыктуу, сапаттуу кинолордун бири болот деп ишенем. Мен үчүн Күмөндөр Абылов менен чогуу бир тасмага тартылуу сыймык болду.

– Байкашыбызча, “Акыркы сабактан” кийин тасмага тартыла элек болчусуз...

– Сунуштар түштү, бирок негедир сааты чыкпай жатты. Өзүм да “Акыркы сабактан” кийин эмнеге киного тартылбай жатам? Эмнеге чакырбай жатышат?” деп ойлонуп жүрдүм. Кийин режиссёрлордон сурасак, “турмушка чыкты, жолдошу, кайын журту эмне дешет деп чакырбадык” дешти. Көп учурда актрисаларды турмушка чыккандан кийин киного чакырышпайт экен. Кастингге барганымда эң биринчи “күйөөң уруксат береби, ал кандай карайт?” деген суроо берилди. Ушундай стереотип бар экен бизде. Жолдошум мени колдойт. “Кан урсунга” чакырганда дароо эле Кутманга (ред.: жолдошу, актёр Кутман Айылчиев) айтып, кеңештим. Ал “тартыл, бул сенин кыялың да” деп менден өтүп сүйүндү. Анткени ага дагы “эмнеге мени киного чакырбай жатышат?” деп айта берчүмүн да. Тартуу иши түндөбү, таң заардан болобу өзү жеткирип, кайра алып кетип жатты. Кайын журтум дагы колдошот.

– Жолдошуңуз буга чейин башка кыз менен тасмага тартылган. Кызганыч болду беле?

– Кызгануу жок. Кыз-жигит кезде күмөн саноо боло берет экен. Кутман ал киного тартылганда кыз-жигит болчубуз.

Ошондо кызгангам. Бирок ичимден жаман болсом да “бул иш да, уруш чыгарбайын, аны да кыйнабайын” деп кармангам. Бул тасмада менин каарманымдын сүйлөшкөн жигити бар. Кутман да мен кызгангандай кызганып жатабы деп сарсанаа болдум. Сурасам, андай болбоптур. “Негизгиси чектан ашкан жерлери жокпу, тартыла бер” деди.

– Актрисалык сиз үчүн кесиппи же убактылуу кызыгуубу?

– Кесип десем чоң сүйлөп алган болом. Анткени кесипти адам окуп үйрөнөт, ага өмүрүнүн бир бөлүгүн арнайт. Бала кездеги кыялымды ишке ашырып жатам. Киного тартылуу жан дүйнөмө жагат, убактылуу деп да айтпайм.

– Кичинеңизде кумириңиз ким эле?

– Айтурган Темирова, Таттыбүбү Турсунбаева жагат. Кийин Элина Абай кызы да жагып калды. Менин да тарыхый киного тартылуу кыялым бар. Негизи эле мага кыргыз кинолору жагат, “Белгисиз маршрутту”, “Айыл өкмөтүн” көрүп алып ошондой кинолорго тартылгым келе берчү. Мектепте да театралдык ийримге катышчумун. Бала кичине кезинде эмне менен алектенсе, кыялдары ошого байланыштуу болот экен.

– Бир сериалга тартылгандан кийин эле эл оозуна алынып кеттиңер. Андагы абалыңызды сүрөттөп берсеңиз...

– Мени жылдыз дешсе ыңгайсыз болуп кетем. Долбоор ийгиликтүү болду, бирок өзүмдү жылдыз болдум дей албайм. Бул долбоордогу эң башкы жетишкендигибиз – жолдошум экөөбүздүн таанышып калганыбыз болду. Албетте, сериал мага көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди, андан кийин көп сунуштар түштү. Элдин бизди таанып жатканы сүйүндүрөт. Бул таанымалдуулук бизге күтүлбөгөн жерден келди. Эл таанып жатса, менде эч кандай башкача сезим болбойт. Бирок апам “мени Океананын апасысызбы?” дешпедиби” деп кубанып келсе сүйүнөм, жүрөгүм элжирей түшөт.

– Ата-энеңиз ким болуп иштейт? Чыгармачылыкка карата мамилеси кандай?

– Ата-энем чыгармачылыктан алыс адамдар, экөө тең мугалим. Билбейм, мен кимди тартып калгам.

– Үйдө жалгыз кыз болуунун жоопкерчилиги башкачабы же билинбейби?

– Чоң жоопкерчилик. Апам “жалгыз кызын аябай эрке кылып салыптыр дешпесин” деп көп айтчу. Ошол сөз да балага жоопкерчилик артат экен. Ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Апам мени жалгыз тарбиялады. Аны уят кылгым келбейт. “Апасы кызына жакшы тарбия бере албаптыр” дебесин деп аракет кылам. Мени атасыз өскөн балдар түшүнсө керек. Апаңдын сен үчүн жашап, сен үчүн жан талашып иштеп жатканын көрүп жоопкерчиликти сезбейм деп айта албайсың. Ал нерсе мотивация берет. Чоңоюп көп ийгиликтерди багынтайын, апамды кубантайын дейсиң. Бирок жалгыз бала же көп бала деп бөлбөш керек, канча бала болсо да, баарында жоопкерчилик болушу керек деп ойлойм.

– Атаңыз менен мамилеңиз кандай экенин сурасам болобу?

– Сурай бериңиз. Атам экөөбүз көрүшпөйбүз, сүйлөшпөйбүз. Атам өз жашоосу менен, мен өз жашоом менен алекмин. Ага таарынычым жок.

– Атасыз өткөн балалыктын азыр зыяны тийип жатабы?

– Ооба. Ар бир бала толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюшу керек. Баланын бир эмес, эки канаты болгону жакшы эмеспи. Жалгыз бой эне тарбияласа, энеңди жүрөгүң менен аяйсың. Аял кишиге баланы жалгыз багыш өтө кыйын. Апам “ушул кызымды бирөө жаман көзү менен карап койбосун, бөлүп койбосун” деп турчу, бүт жашоосун мага арнады.

Кээде “балким, атам жаныбызда болгондо башка үй-бүлөлөрдөй жакшы жашамакпыз” деп ойлочумун. Апам экөөбүз жаман жашадык дебейм, аябай жакшы жашадык. Бирок апамдын да жанында таянычы болуп, бактылуу жашашын каалайт элем. Айтор, ал сыноонун мага тийгизген таасири көп. Азыр өзүмдүн үй-бүлөмдө жолдошум экөөбүз бири-бирибизди угуп, түшүнүүбүзгө аябай маани берем, жашоомдо ажырашуу болбосун деп аракет кылам. Бир чети ыраазымын. Өз алдымча болуп, бирөөдөн бир нерсе күтпөй чоңойдум. Апам “өзүңө ишен” деп айтчу, ушул сөз мени күчтүү кылды. – Башында атаңызга таарындыңыз да баары бир, ал таарыныч качан жоголду?

– Башында көп нерсени түшүнчү эмесмин да. Таарынычым өзүм үй-бүлө кургандан кийин кетти. Анткени эч ким ажырашып кетем деп үй-бүлө курбайт да. Бул да сыноо, айрымдар андан өтө албай калышат. Атамды деле түшүнөм, ал деле ажырашууну каалбаса керек. Эң башкысы апам бактылуу, атам да кайда жүрсө аман болсун деп тилейм.

– Жолдошуңуздагы сиз баалаган сапат?

– Чынчылдыгы, бетке айтканы, акылдуулугу, мени колдогону жагат. Аял кишиге жолдошунун колдоосу өтө маанилүү экен. Негизи мамиледе канчалык өзүң берсең, ошончолук алат экенсиң. Кутман менин апама, жакындарыма жакшы мамиле кылат, аны көрүп мен да кайын журтума андан да жакшы мамиле кылгым келет.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nur1111
2023-11-04 23:23:00
чектАн ашкан жерлери --- чектЕн
0
nur1111
2023-11-04 23:28:00
Суроо менен жооп аралашып кетиптир, акыркы суроодон мурункусу, бөлүп койсоңор жакшы болмок.
0
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан