Маектешим Артур Медетбеков улуттук коопсуздук кызматында көп жыл иштеген тажрыйбалуу адис. УКМКнын “Альфа” атайын багыттагы бөлүмүнүн негиздөөчүсү жана алгачкы жетекчиси. Аны менен Кыргызстандагы эң сырдуу кызматтын түзүлүү тарыхынан баштап кеңири темада баарлаштык.
– Артур мырза, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы президенттин тапшырмасы менен жасалганын айтса, жакында президент аталган операция тууралуу эл катары интернеттен билгенин айтты. Ушул жагдай көпчүлүктө суроо жаратты...
– Уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге каршы атайын операциялар негизи эч кимди кабардар кылбай эле жасала турган иштер. Тагыраагы, президентке алдын ала айтылбай деле жасалат. Анткени мындай иштердин сырлары бар, тез, ыкчам өтүшү үчүн атайын даярдык талап кылынат. Анан сөзсүз түрдө мындай иште бийлик менен укук коргоо органдарынын максаты бир болот. Андыктан бул окуяда президенттин билип же билбестиги башкы орунда эмес. Бизде азыр укук коргоо органдарынын расмий версиясы бар, “кримтөбөл каршылык көрсөтүү учурунда жок кылынды” деген. Калганын аскер прокуратурасы териштирет, жыйынтыгын күтүп турушубуз керек. Бул окуя боюнча эл билбеген да маалыматтар чыгып кетиши мүмкүн. Президенттин “прокуратурага тапшырдым, бул операция боюнча териштирүү жүрөт” деген билдирүүсү эки жума кеч айтылып калды. Ошонун айынан коомчулукта ар кандай божомолдор, чын-калпы аралаш маалыматтар жайнап кетти. Бул сөздү окуя болгондон кийин эле айтып койсо коомчулук кримтөбөлдүн өлүмүнөн мынчалык ажиотаж жасамак эмес.
– Окуядан көп өтпөй Өзбекстандан келген жалданма киллерлер кармалды деген да маалымат чыкпадыбы? Сиздин оюңузча Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алуу аракети болушу мүмкүнбү?
– Албетте, кримтөбөлдүн жакындары, санаалаштары ичинен кек сактап, өч алам деп жүрүшү мүмкүн. Бирок андай жеңил сценарий менен эмес болуш керек. Бизде Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар күндө болот. Балким, кармалгандар ошолордун эле биридир. Алардын аныкталган куралы же атайын түзүлгөн схемасы жок болсо, бул жактагы байланыштары далилденбесе, аларды кол салууга келишти деп айтуу – жаңылыштык же жалган маалымат. Эгер чындап эле ошол 3 жигит биздин жетекчилерге же алардын жакындарына кол салуу уюштурары далилденсе, анда алар биздин мыйзам менен соттолушу керек эле. Балким, кармоо учурунда катуу таяк жеп, коркконунан ушундай версияны айтышкандыр. Тажрыйбадан алсак, буюртма адам өлтүрүүлөр абдан дыкат иштелип, бекем сыр болуп сакталат. Буйрук бергендер киллерди тааныбашы да мүмкүн, сүрөтүн жиберип, акчасын которуп койгондор болот. Мисалы, америкалык саясатчы Рональд Рейганды ооруканадагы эле психикалык оорулуу жаран 4 жолу атып жарадар кылган. Индиянын бир эмес эки президенти буюртма кол салуудан каза болгон. Биздин бир кездеги УКМК төрагабыз Мисир Ашыркуловго да кол салуу болуп аман калган. Мындай буюртма иштер эптеп-септеп уюштурулбайт чынында.
– Сиз УКМКнын алдындагы “Альфа” атайын багыттагы бөлүмүн негиздеген адамсыз. Ушул бөлүмдүн түзүлүш тарыхына токтоло кетесизби?
– Советтер союзу урагандан кийин ар бир мамлекеттин терроризмге, экстремизмге каршы өзүнүн аскердик бөлүмүн түзүү муктаждыгы жаралган. Ал кезде Советтер союзу боюнча Москва жана Краснодарда эле ыкчам даярдыктагы “Альфа” тобу бар эле. Биз Кыргызстанда ошол кездеги өлкөнүн УКМК төрагасы Анарбек Бакаевдин тапшырмасы менен атайын багыттагы “Альфа” бөлүмүн түзгөнбүз. Башында бөлүм болсо, кийин чоң борборго айланды. Аталган борборго физикалык, психикалык абалы туруктуу, ден соолугу чың, спорт менен машыккан балдар кабыл алынып атайын даярдыктан өтүшкөндөн кийин катарга киришкен. 2022-жылы Баткенге кол салуу болгондо “Альфанын” жоокерлеринин эмгеги зор болгон. Буга өз көзүм менен күбө болдум. Ошол каргашалуу сентябрда 60-70тей ардагер Баткенге барып “альфачыларга” жакшы көрсөтмөлөрдү берип турдук. “Альфанын” жигиттери Ак-Сай айылын басып кирген тажик аскерлерин бир түндө кууп чыгышты. Өздөрү аз жаракат алып, иштерин так, натыйжалуу аткарышты. Позицияларын көрүп абдан жогорку деңгээлдеги операцияларга катышып такшалган кызматкерлер болушканына ынандым. “Альфа” өз тарыхында Кыргызстанда төңкөрүш болгон учурларда башынан оор сыноолорду өткөрүп жүрдү. Аталышы “Калкан” деп да өзгөрүлүп турган учурлар болду.
– 7-апрель окуясы боюнча да “Альфанын” бир нече кызматкери айыпталып жүрдү эле?
– Мыйзам боюнча бул уюм терроризм, экстремизмге каршы күрөшүүдөн сырткары, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн сактоого да милдеттүү. Кайсы бир күчтөр же топтор мамлекеттик түзүлүшкө доо кетирсе, бийлик аталган уюмду колдонууга мажбур болот. Апрель окуяларында ошол кездеги УКМКнын жетекчиси чоң ката кетирген. Пикетке көп адам чыгабы, аз чыгабы ал жерге курал-жарак менен барбаш керек болчу. Элди атууга эч ким буйрук бере албайт. Экинчи маселе, 6-апрелде Таласта эл жергиликтүү милиция бөлүмүн бастырып кирип, ошол жактан 734 курал-жарак элге тарап кеткен. Бул абдан кооптуу коңгуроо болчу. Эгер эл атайын багыттагы кызматкерлерге карата ок чыгарса гана ага каршы ок менен жооп берүүгө уруксат.
– Акыркы учурда “укук коргоо органында иштейм” деп кызматтык күбөлүгү менен мактангандар көбөйүп кеткендей. Сиздин оюңузча чыныгы “чекист” кандай болушу керек?
– Убагында Феликс Дзержинский “чыныгы чекистке таза кол, салкын кандуу мээ, жалындуу жүрөк керек” деп айтып кеткен. Мен ага тунук акыл жана жогорку деңгээлдеги адилеттүүлүктү кошуп кетет элем. Ушул сапаттардын баары бардык укук коргоо тармагында иштеген кызматкерлерде болушу шарт. Анткени булар мыйзамды сактап, анын аткарылышына жол ачкан бийликтин негизги куралы. Жогорку профессионалдуулук абдан керек ар бирине. Жөнөкөй эле бирөөнүн документин текшерсең да таза, тыкан кийинип, сылык сүйлө, кайра өзүңө ошондой мамиле болот. Коркутуп, үркүткөндөн пайда чыкпайт. Бизде азыр маданияттуулук, тарбия жагынан укук коргоо органдары абдан аксап жатат. Жумушунда жыйынтык көрсөтөм деп бирөөнүн чөнтөгүнө ок-дары же баңгизат салып жиберип, кылмыш ишин козгоп, ыплас иш кылгандар бар. Коркутуп, пара талап кылып, пара бербей койсо, мыйзам чегинде деп туруп каматып жиберген учурлар болот. Ушундай ыплас иштерден алыс болуш керек. Анан азыркы офицерлердин салмагы 100-120 килограмм, наамга татыктуу жүрүш үчүн да тер төгүп иштеп, жок дегенде өзүнө керек компетенттүү беренелерди билиши зарыл. Жалпы эле бул тармак бизде системдүү реформага муктаж.
– Бир жылдары саясий партия түзүп шайлоолорго катышкансыз. Саясатка аралашуу каалооңуз азыр деле барбы?
– Кыргызстанда сен саясатка барбасаң деле ал сени өзү издеп таап алат. Кээ бир адамдар өздөрү кантип саясат менен аралашып калганын билбей калышат. Менин УКМКдагы жумушум түз эле саясат менен чырмалышкан. Өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлсүн, алдынкы өлкө болсун деп иштеп келе жаткандан кийин, албетте, биздин да иш-аракетибизде дайыма саясат болот.
Лунара Бекиева