Арсен Курамаев, диджей: «ШАҢ ЖАРАТКАН БЕРЕКЕЛҮҮ ДИДЖЕЙМИН»

Бул мырзанын кулакка жагымдуу үнүн сиз радиодон угуп жүрөсүз. Эфирден сырткары ал кандай адам? Кызыгуулары, максаттары кандай? Көп жылдан бери “Кыргызстан обондорунда” иштеп келе жаткан диджей Арсен Курамаев менен маектештик.

– Арсен, кош келиңиз. “Жаңы эле эфирден чыгып келдим” дедиңиз, маекти эфирдеги кызыктуу окуялар менен баштасак...

– Кош келдик. “Кыргызстан обондору” радиосунда иштеп жатканыма 8 жылдан ашып баратат. Бул аралыкта “Стоп кадр” деген автордук программамды алып чыктым. Эң биринчи коногум Болот Шамшиев болгон. Азыркы тапта көөдөнүмө жакканы – “Эрке таң” программасы, андан эргүү алам. Биздин радионун берүүлөрү 95 пайыз түз эфирде болгондуктан, сөздөн жаңылган учурлар болот. Андайда билгизбей оңдоп кеткенге аракет кылабыз. Диджей өзү шаң, майрам жаратуучу да. Жаңылып калганда да күлкүгө, тамашага салып абалдан чыгып кетебиз. Бир жолу эфирден жаңылык окуп жатып, “Бишкек жылуулук тармактары” дегенди “Бишкек сулуулук тармактары” деп айтып алгам. Жаңылык жеткирүү деген олуттуу тема да. Ошондо эфирден күлкүмдү тыя албай калгам. Негизи кызыктуу окуялар күн сайын эле болуп турат, каткырып эле калабыз.

– 8 жылдан бери сиздин үнүңүздү гана угуп келаткан окурмандарга Арсен Курамаевди кантип тааныштырасыз?

– Көпчүлүк угармандар “берекелүү сүйлөйсүң” дешет. Өзүм да көлөм жактан берекелүүмүн (күлүп). Шаң жаратуучумун. Үйдөгүлөр “кичине кезиңде эле чыгармачылыкка жакын болчусуң” деп калышат. Негизи окуучу кезимде журналист болом деген оюм жок эле, түнт адам элем, оюмду жеткиликтүү айта алчу эмесмин. Аябай жоош дагы элем. Бирок ичимде кызыгуу бар болчу. Ал кезде дарыгер болом дечүмүн. Кийин кыргыз тили, адабияты сабактарына кызыгып, олимпиадаларга катышып жүрүп адабиятка кызыгып кеттим. Анан Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшыргам.

Кичинемден музыкага жакынмын, кимдин магнитофону болсо, ошол жерден чыкчу эмесмин. Бир жолу туулган күнүмдө ата-энем “музыкальный центр” деп коёт го, колонкасы чоң магнитофон, ошону микрофону менен кошо сатып беришкен. Колонкасын көчөнү каратып коюп, өзүм алысыраак жерге бекинип алып көчөдөн ары-бери өткөндөргө тийише берчүмүн. Мисалы, “Эй, Тургунбек, ичпе” депчи (күлүп). Ал киши эки жагын карап таппайт. Ошондо эле микрофонду сүйүп, азыр да нын таттуулугунан кете албай жүрөбүз.

– Берекелүү алпаруучунун бала чагы кайсы айылда өттү?

– Балалык кезим Кара-Балтада өттү. Тагыраагы, Чүйдүн Панфилов районуна караштуу Ровное деген айылда. Айылдын аты Ровное деп бекер айтылбайт, түз жүргөндөрдүн баары ошол жакта (күлүп). Мурун Ак-Эрмен болчу, кийин немистер барып отурукташып, “булар так жүрүшөт” дешип Ровное атап алышыптыр. Айылдаштарым дайыма так жүрүшөт, карызга да так.

– Сизчи, сиз да таксызбы?

– Мен да так, жоопкерчиликтүү болууга аракет кылам. Жоопкерчиликтин артында көп ийгилик жатарына ишенем.

– Ар бир жумуштун кыйынчылыгы бар эмеспи. Радиодон топтогон тажрыйбаңыздан бөлүшө кетсеңиз...

– Радиодо иштеш үчүн тембр таттуу, үн, дикция жакшы болуш керек. Радиодо диджей деле төкмө акын сыяктуу, сөздү төгөт. Диджей – кооз сөздөрдү биринин артынан бирин жуурулуштуруп, катасыз, тынымсыз, жакшы маанайда сүйлөп эфирге чыгарган адам. Анын сүрөтчүлүк фантазиясы күчтүү, дүйнө таанымы кенен болуш зарыл. Таланттуу, аракети күч болсо, кекеч адам дагы эфирден так сүйлөп кете алат. Мындайды бир радиодон көрүп таң калгам.

– Фантазияны күчтөп, дүйнө таанымды кеңейтиш үчүн сиз эмне жасайсыз?

– Эфирде аллитрация менен, куюлуштуруп сүйлөгөнгө аракет кылам. Мисалы, жалаң “а” тыбышы, же “б” тыбышы менен дегендей. Ошондо сөзүң жакшы угулат. Ал үчүн сөз байлык кенен болуш керек. Мен адабий китептерди, кыргыз адабиятын, дүйнөлүк адабиятты көп окуйм. “Сынган кылычты”, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” окуп турам. Көбүнчө төкмө акындардын айтыштарын көрөм. Айтыштардан да көп жакшы, уйкаш сөздөр чыгат. Ушуларды окуп, көрүп жүрүп такшалгам.

– Мындан 2 жыл мурун эң узун шоу-программаны алып баруу боюнча дүйнөлүк рекорд коёбуз деп 62 саат уктабай эфир алып барган элеңиздер. Кыйналгансызбы ошондо?

– Ал эфир аябай кызыктуу болгон. Аны алпарабыз дегендер көп болду, арасынан үчөөбүз тандалдык. Башында өзүбүзгө анчалык ишенген эмеспиз, бирок аягына ийгиликтүү чыгара алдык. Кыйынчылыктар, албетте, болду. 52-53-сааттарда кадимкидей сөздөрдү укпай баштадык. Дааратканага барып, кайра келгенде башка бөлмөгө киргендей болуп, астыбызда турган монитордон тамгаларды окуй албай калган да учурлар болгон. Ошого карабай өзүбүздү кармап, кесиптештерибиздин жардамы менен 62 сааттык рекордду койгонбуз.

– Эми жеке жашоо тууралуу сүйлөшсөк...

– Азырынча бойдокмун. Буюрса, эмдиги жылы үйлөнсөм деп пландап жатам. Негизи убактымдын көбү радиодо өтөт, андыктан жеке жашоого убакыт аз болууда. Буга чейин сүйүү, жактыруу сезимдери, жоопсуз калган махабаттар болгон.

– Ошол жоопсуз калган махабаттардын таржымалы кызык болчу эле, адатта...

– Студент кезде бир кыз менен таанышып, бири-бирибизди аябай жактырып жүргөнбүз. 3 жылдай сүйлөштүк, анан эле көз караштарыбыз дал келбей калды. Эки ажырым жолго түштүк. Арадан 2-3 жыл өткөндөн кийин социалдык желеден жазышып калып, кайра жолугуп көрдүк. Бирок өзгөрүп, таптакыр эки башка адам болуп калыптырбыз. Ошол учурда “Биздин сүйүү бир туугандай” деген ыр жазган элем, эки куплетин окуп берейинби?

– Албетте.

– Биздин сүйүү, сүйүү эмес, азыр башка,

Болбойт эле тагдырга багынбаска.

Ошол күздө, ошол кечте коштошконбуз,

Акыркы сөз аралашкан тамчы жашка.

Биздин сүйүү, сүйүү эмес, азыр бөлөк,

Чалышабыз кээде гана сурап көмөк.

Баягыдай сезимдер жок, махабат жок,

Айланганбыз бир туугандай болуп жөлөк.

– Сонун. Андан кийин сүйүүгө кабылдыңызбы?

– Кабылдым (күлүп). Студент акын кыз менен таанышкам. Абдан баёо, тартынчаак адам эле. Экөөбүз аз эле убакыт сүйлөштүк. Мен ал кызга үйлөнөм деп жүрчүмүн, бирок бир күнү андан 10 куплет ыр келди. “Ата-энемдин сөзүнөн чыга алган жокмун. Мени издеп келбеңиз, сизди жакшы көрөм” деген маанидеги ыр эле. Ата-энеси бел куда түшүп коюшкан экен, аны кыйнап эле күйөөгө берип коюшту. Ал кызды кийин алыстан бир жолу көрдүм, күйөөсү экөө гипермаркетте жүрүптүр. Көздөрү баягыдай эле бактылуу болчу. Анан бир күнү жаман кабар келди, кыз өз жанын кыйыптыр. Аябай жаман болдум. Башка менен жашаса да аман жүрсө болмок. Эгерде сезимдерин, бел куда түшүп коюшканын эртерээк айтса, мен бир жолун таап, ага баш кошмокмун.

– Кейиштүү окуя экен. Мындан ары баары жакшы болсун, бактылуу болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nur1111
2023-10-31 16:42:00
"Берекелүү сүйлөйсүң"???? Мм... кабыл ала албай жатам. "Берекелүү дасторкон", "берекелүү кол", "берекелүү үй", "берекелүү акча, айлык" болушу мүмкүн. А "берекелүү сүйлөө" кандай болот? Жөн эле "сөзмөр", "сөзгө чебер", "чечен", "сөз байлыгы кенен" десе туурараак болот беле? Журналистика тармагындагылар муну жакшы билиши керек эле. Менимче, "берекелүү сүйлөө" деген сөз айкашы жок.
0
nur1111
2023-10-31 16:43:00
Аллитрация --- аллитЕрация
0
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан