СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Пара Азия оюндарынан 4 медаль капчыкта

25-октябрда Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар Гүлназ Жубаева менен Жалалдин Абдувалиев медаль тагынышты. Гүлназ Жубаева азиз спортчулар арасында 1500 метрге чуркоо боюнча мелдешке гид Даниел Жээнбеков менен бирге катышып, 6 мүнөт 31,22 секундда келип, 3-орунду камсыздады. Ал эми Жалалдин Абдувалиев гид Артём Шапилов менен чуркап, марага 4 мүнөт 30 секундда жетип, 2-орунду ээледи. Ал Индиядан келген жеңил отлетчиге 3 секунд гана алдырып койду.

23-октябрда Абдувалиев менен Шапилов 5000 метрге чуркашып, мында да экинчи орунду ээлешип, күмүш байгеге ээ болушкан эле.

Муну менен Пара Азия оюндарынан Кыргызстандын куржуну 4 медалга толукталды – 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Буга чейин Хайитхон Хусан кызы дзюдо боюнча турнирде алтын тагынган.

Эң кымбат футболчулар кимдер?

Transfermarkt интернет-порталы эң кымбат футболчулардан “команда түздү”. Тактап айтканда, эң кымбат дарбазачы, коргоочу, жарым коргоочу, чабуулчулардын тизмегин жарыялады.

Эң кымбат дарбазачы болуп португалиялык “Порту” футбол клубунун оюнчусу Диогу Кошта табылды, ага 45 миллион евро төлөнөт. Ал эми коргоочу болуп ПСЖдан Ашраф Хакими (65 миллион евро), «Бавария» клубунан Альфонсо Дэвис (70 миллион евро), «Манчестер Сити» командасынан Йошко Гвардиол (80 миллион евро) жана Рубен Диаш (85 миллион евро) "курамга" кирди . Жарым коргоочулукка «Бавариядан» Жамал Мусиала (110 миллион евро), «Арсенал» клубунан Букайо Сака (120 миллион евро) «Реалдан» Винисиус Жуниор менен Жуд Беллингем (150 миллион евро) турду. Ал эми ПСЖдан Килиан Мбаппе менен «Манчестер Ситиден» Эрлинг Холанд (180 миллион евро) эң кымбат чабуулчу болуп катталып “командага” кирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан