Арсен Эралиев, машыктыруучу: «СПОРТТУК ИНТЕРНАТКА ТАПШЫРГАНЫМДА ЧОҢ ЭНЕМ КАТУУ ТААРЫНГАН»

Белгилүү балбан, грек-рим күрөшү боюнча көптөгөн жеңиштердин ээси, Олимпиада оюндарынын 2 жолку катышуучусу Арсен Эралиевдин балалыгы кандай өткөн? Учурда 23 жашка чейинкилер арасындагы Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу болуп иштеп жаткан Арсен мырза менен спорттогу алгачкы кадамдары, атасынын таасири жана башкалар тууралуу сүйлөштүк.

«Айылдагы тойлордо сөзсүз улуттук кыргыз күрөш болчу»

– Балалыктын кызыктуу күндөрү Таластын Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында өттү. 7-класска чейин ушул айылдагы мектепте окудум. Бала күнүмдөн эле жашоом спорт, күрөш менен байланышта келе жатат. Атам мурун улуттук кыргыз күрөшү менен машыккан экен, биз кичине кезде тойлордо күрөшкө чыгып калчу. Ал кезде тойлордо сөзсүз түрдө кыргыз күрөшү болуп, анын жеңүүчүлөрүнө торпок, тай сыяктуу байгелер берилчү. Андай жерлерге атам мени дайыма ээрчитип алчу. Атам “сени спорттук интернатка окутам, мен ал жакка окуй албай калгам” дечү.

Атамдын Мурат деген досу бар эле, 1998-жылдары ошол киши биздин айылга эркин күрөш боюнча спорт зал ачкан. Атам мени ошого тапшырып, биринчи устатым Мурат агай болду. Бирок ал бир жылдан кийин Орусияга көчүп кетип, андан кийин, 1999-жылы биздин айылга Камбар Ысмайылов деген агайыбыз күрөш залын ачып, анын колунда машыгып калдым. Бир жылдан кийин Камбар агай өзү окуган Бишкек шаарындагы спорттук интернатка алып келип тапшыртты. Кийинки машыгууларым интернаттан уланды. Интернатты ийгиликтүү бүтүргөндөрдү 3 жылдык колледжине окууга алып калышчу, ал жерди да бүтүрдүм. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун аяктадым.

«Тентектигим интернатка барганда токтоду»

– Бала кезде шок болчумун, мушташка жакыныраак элек. Ал кезде чүкө ойночу эмес белек, утулуп калсак чычалап, урушуп кетчүбүз. Менден бир жаш кичүү иним экөөбүз да мушташа кетчүбүз. “Сен улуусуң, иниңди эмнеге урасың?” деп атам мени урушат эле. Көчөдө кошуна балдарды уруп коюп, алардын ата-энеси үйгө келишчү. Чоң энемдин колунда өстүм, ошон үчүн да эрке болуп чоңойдум. Тентектигим спорттук интернатка барганда токтоду. Ал жакта тартип күчтүү да, тентектик кылсаң окуудан чыгарып коюшат.

Интернатта 400дөй бала окуйт, дээрлик баарыбыз чемпион болуу үчүн аракет кылчубуз. Ошол кезде Талас облусунан Канат Бегалиев сыяктуу бир топ балбан агалар чыгып, белгилүү болуп жаткан. Биз аларды кумир тутчубуз, ушул агаларыбыздай мелдештерге барып чемпион болсок, олимпиадаларга барсак деп максат кылчубуз. Алар ушул интернатта окугандыктан, алардын да тарбиясын алып калдык.

«Чоң энем спортчу болушума каршы болду»

– Үйдө беш бир тууганбыз, 2 иним, 2 карындашым бар. Апам көп жыл мектепте мугалим болуп иштеп, азыр пенсияда. Атамдын көзү өтүп кеткенине 11 жыл болду. Жогоруда чоң энемдин колунда өскөм дебедимби, ошого чоң энем менин спортчу болуп кетишиме каршы болду. Атамдын инисин бала кезинде чоң энем спорттук интернатка жибербей койгон экен. Мени да жибербей, “неберем менин колумда калсын. Бул жок мен кантип жашайм?” деп каршы чыкты. Атам “келечекте бул чоң спортчу болот, өлкөгө таанымал жигит болот” деп ары жак, бери жагына өтүп жатып көндүргөн. Ошондо чоң энем “сени ушунча жыл багып чоңойтсом, мени таштап кетип каласыңбы?” деп аябай таарынган. Кийин деле таарынып жүрдү, айылга барган сайын шаардан белек-бечкек ала барып жүрүп таарынычын жаздым.

«Маанилүү мелдешке барганы жатканымда атам каза болуп калды»

– Менин спортчу болушума түрткү болгон да, дайым колдогон да адам атам эле. "Олимпиадалык спорт түрүнө кирген спорт менен машыктырам" дечү. Интернатта мелдеш болгон сайын келип, мага колдоо көрсөтүп турчу. Кийин мен республикалык мелдештерге даярдана баштаганда, өзү чоң машине айдачу, ошонусун айдап алып чучук, бал көтөрүп келчү. “Күчтүү тамак ич” дечү, ошого баарын даярдап берип турду. Мага бардык тараптан колдоо көрсөттү. 2011-жылы ооруп калып, бир жылдан кийин, мен Лондон олимпиадасынын астындагы лицензиялык мелдешке барарда каза болуп калды. “Олимпиадага жолдомо утсаң, мен да сени менен барам” деген чоң тилеги бар эле, буйрук эмес экен, ошол тилегине жетпей калды. Атамдын көзү өткөндөн 2 күндөн кийин эле ошол мелдешке катышуу үчүн Украинага кеттим. Барып машыгуулардан өтө албай абдан кыйналдым. Ар жерим ооруп, өзүмө келе албай жаттым. Ошондогу 15 күн кантип өткөнүн деле билбейм. Барбай койгонго болбойт эле, билет алынып, сүйлөшүлүп калган, 3-4 бала менен чогуу бармакпыз. Анын үстүнө Олимпиадаларга барып, жеңишке жетишим атамдын да тилеги болчу. Андан келип Казакстанга барып жолдомо ала албай, Финляндияга барып жолдомо утканбыз.

«Дүйнө чемпиону болсом деген максатыма жетпей калдым»

– Чоң спортту түшүнүп баштагандан кийин Азия чемпиондугуна, Дүйнө чемпиондугуна катышсам, Олимпиада оюндарында жеңишке жетсем деген кыялдар пайда болду. Азия чемпиондуктарында, жаштар арасында, чоңдор арасында жеңиштерге жеттим, 20 жашка чейинки жаштар арасында Дүйнө чемпиондугунда 2-3-орунду уттум. Бирок Дүйнөлүк чемпиондуктан медаль утпай калдым. 2012-жылы биринчи жолу Дүйнөлүк олимпиадага барып, тилекке каршы, ал мелдеште медалга жетпедим. Биринчи жолу баргандыктан, көп нерсени түшүнгөн эмесмин. 2016-жылы команданын капитаны болуп бардым, жоопкерчиликтин баары менде болчу, желекти мага өткөрүп беришти. Ошондо бирибиз да медаль албай калып, аябай капа болгом. “Элдин ишеничин актай албай калдык” деп көзүмө жаш алгам. Арабызда Айсулуу Тыныбекова да бар эле. Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болсом деген максатыма жетпей калдым. Ошентсе да биз жетпеген жеңиштерге азыр биздин Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу окуучуларыбыз жетип жатышат. Мен күрөшүп жүргөн салмакта азыр Жоламан күрөшүп жатат. Өзүмдүн жетпей калган кыялыма ошолор аркылуу жетип жатам десем да болот.

30 жашымдан бери машыктыруучу болуп келатам. “Рио-2016” олимпиадасынан кийин спорттук карьерамды жыйынтыктадым. Жыйынтыктагандан кийин азыркы башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев агайыбызга жардам берип жүрдүм. 2018-жылы жылдын аягында күрөшкө 23 жаш деген кошулду, ошондо Азат агайга улук машыктыруучу болуп курама командага келдим. Мына, бүгүн 23 жаштагылар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна сапар алганы турабыз. 8 баланы алып кетип жатам. Буюрса, ал жактан да жакшы ийгиликтер менен кайтабыз деген тилектер бар. Мен жетпеген максаттарга окуучуларым жетсе, ошол мага чоң сыймык.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан