Суран Садыбакасов, ырчы: “ҮНҮМӨ ТУУРА КЕЛЧҮ ГАНА ЫРЛАРДЫ ЫРДАЙМ”

“Ажарыңа арбалып,

Дидарыңа зарланып.

Муңканып ыр ырдадым,

Булбул кушка айланып...” деген саптары бар “Зарыкканда” ырын уксаңыз керек. Ошол ырды жүрөккө жеткире аткарган Суран Садыбакасовду тааныштырабыз.

– Саламатсызбы, Суран мырза? Келиңиз, окурмандарга сизди тааныштыралы?

– Мен Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук деген айылынан болом. 1989-жылы төрөлгөм. Мал киндиктүү Нарын жергесинде мал багуу менен алектенип балалыгыбыз өттү. Үй-бүлөдө жети бир туугандын үчүнчүсү болом, 2 кыз, 5 эркекпиз. Оттук орто мектебинен 8-классты аяктадым. Анан борбор калаабыздагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Андан кийин үй-жай күтүп, үй-бүлөлүү болуп аны жолго салдык. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктадым.

– Негизи үй-бүлөңүздөр менен чыгармачылыкка жакын окшойсуздар, ээ?

– Ооба, чоң эне-чоң аталарыбызды тартып сөзгө чечен, макалдаштырып сүйлөгөн адамдарбыз. Чоң энелерибиз элдик ырларды ырдаган, куюлуштуруп сүйлөгөн, айтылуу кошокчулар болушкан. Чоң атам дагы ыр жандуу, казалчы, оозунан сөзү төгүлгөн адам эле. Өзүмдүн атам дагы жаш кезинен ырга жакын. Чыгарган обондуу ырлары бар, бүгүнкү күнгө чейин ошол ырларын айылда, отуруш, той-топурда ырдап жүрөт. Атамдын “Жан перим” деген ырын аккордеончулардын көбү аткарып жүрүшөт. Мен дагы ырдап чыктым. Үй-бүлөдө эки иним дагы чыгармачылык жолдо. Менден кийинки иним Шатман Садыбакасов ырдап жүрөт, андан кийинки иним Кутман Садыбакасов төкмө акын, обончу, аткаруучу.

Чыгармачылыкка келип калышыма биринчиден, түпкүрдөгү көрөңгө, ырга болгон ышкыбоздук себеп болду. Экинчиден, мен улуу, илгерки обончулардын ырларын угуп чоңойдум. Малдын артында жүрсөм дагы тоо жаңыртып ат үстүндө ырдап жүрчүмүн. Ошол залкарлардын таасиринде чоңойгонго башка жолду тандай алган жокмун. Жашоодогу максатым – чыгармачылык экенин аңдадым.

– Жубайыңыз дагы сахна адамы эмеспи, жолуңуздар кандай бирикти? Чыгармачылык жолдо жубайлар эриш-аркак жүргөн жеңил бекен?

– Жубайым Токтогулдун кызы, бизди чыгармачылык табыштырды. Экөөбүз тең Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда окудук. Жылдызыбыз келишип калып, сүйүшүп-күйүшүп жүрүп турмуш курдук. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда 3 уул,
2 кыздын ата-энесибиз. Ал музыкалык мектептен кийин окуусун Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан улантып, элдик ырдоо бөлүмүн бүтүрдү. Эл артисти Улукмырза Полотовдун шакирти. Анын дагы ырдайм деген кыялы, көксөөсү, максаты бар. Андыктан өзүм эле ырдап жүрө бербей, анын максатынын орундалышына, үй-бүлө менен чыгармачылыкты чогуу алып кетишине шарт түзүп керек болду. Кудайга шүгүр, өз угармандарыбызды таап, чыгармачылыктын чыйыр жолунда келе жатабыз. Ырдаган сайын ырдагыбыз келип, улам жакшы ыр жаратсак деген аракеттебиз.

– Бишкектин борбордук аянтында “Зарыкканда” ырын ырдап жатканыңызда аппаратуранын өчүп калганы тууралуу кеп кылбасак болбос. Бул учур чыгармачылыгыңызга кайсы бир деңгээлде бурулуш жасаганы сезилдиби?

– Ооба, албетте. Ырчынын баары эле көп ырды ырдайт. Ар бир ырчынын репертуарында багын ача турган, атактуулукту алып келе турган бир ыры болот экен. Сиз айткандай, “Зарыкканда” менин чыгармачылыгымдагы секирик болду десем жарашат. Кочкор жергесинин кулуну Аскат Жетиген уулу деген иним бар. Анын калемине таандык “Зарыкканда” чыгармасын аткарып чыктым эле. Жаңы жылдык майрамдык кечеде ушул ырды аткарып жатсам техникалык мүчүлүштүктөн улам музыкалык аппаратура өчүп калып, андан ары жагын жандуу үн менен улантып кеткем. Аянтта 10-15 миңге чукул эл бар эле. Эл аябай колдоп, ошол видео социалдык тармакка жарыяланып, бир күндүн ичинде ыр оозго алынып кетти. Өзүм мынчалык элден колдоо табат деп күткөн эмесмин. Тескерисинче, ушунча элдин алдында музыкам өчүп уят болдум деп маанайым түшүп калган. Элдин реакциясы баарын жууп кетти. Менде да чоң концертте жандуу үн менен ырдаса болот турбайбы деген ишеним пайда болду. Элдин каалоосу дагы ошол экенин аңдадым. Ошол көрүнүш да себеп болдубу, ошондон кийин мамлекеттик иш-чара, концерттерде фонограмма менен ырдоого тыюу салынбадыбы.

– Ошондо “Зарыкканда” ырынан кийин сизге атактуулуктун кайсы бир белгилери билиндиби?

– Мурункуга салыштырмалуу кыйла эле өзгөрүү болду. Тойлорго, иш-чараларга чакыруулардын саны көбөйдү. Көчөдө, ар кандай жайларда тааныгандар да арбыды. Ютубда “Зарыкканда” ыры баш аягы 7-8 миллиондой көрүү топтоду. “Зарыкканда” мен үчүн ийгиликтүү ыр болду десем жаңылышпайм.

– Угармандардын ушул толкунун кармап калайын, дагы жакшы ыр тартуулайын деп изденип жатсаңыз керек?

– Албетте, чыгармачылык үчүн изденүү сөзсүз керек. Учурда изденүүнүн үстүндөбүз. Туш келген эле ырды ырдап коё берсең болот, бирок ал ыр сенин үнүңө, диапазонуңа туура келиши керек. Ырды элдин жүрөгүнө жеткире аткара ала турган болсоң гана ырдашың керек деп ойлойм. Азыр элдин жүрөгүнөн түнөк таба турган жакшы бир чыгарма жаратсам деп изденүүдөмүн.

– Дайыма салмактуу ырларды ырдайсыз, бул сиздин жүрөгүңүздүн каалоосубу?

– Жогоруда айтып өткөндөй, мен оор лирикалык, салмактуу ырларды ырдап, ошол ырлардын таасиринде чоңойгом. Салмактуу ырлар жүрөгүмө жакын. Ошол себептен жеңил ырларды аткара албайм, аткарсам деле өзүмө жакпайт. Өзүмө жакпаган ыр угуучуларга деле жакпайт болуш керек. Үнүм дагы бийигирээк, андыктан салмактуу, диапазону кенен ырларды аткарганга аракет кылам.

– Чыгармачылыктын чыйыр жолунда сизди колдоп жол көрсөткөн инсандар болдубу?

– Ырларын, айтылган кептерин угуп келе жаткан залкарлардын баарын устатыбыз деп билсек болот. Ал эми жеке чыгармачылыкка жол көрсөткөн деле устат күтпөдүм. Өз киндигибизди өзүбүз кесип келе жатабыз. Ал эми ата-энелерибиз моралдык да, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп колдорунан келген жардамын берип келишет.

– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан