“КОШУНАЛАРЫМ КУУП ЧЫГЫП, ЭСКИ МОНЧОДО ЖАШАП ЖАТАМ”. Адилеттик издеген 3 балалуу аялдын маеги

Каарманыбыз Нуркыз Караева 16 жылдан бери Ысык-Ата районунун Киршёлк айылында жашап келерин айтат. Айтымында, аны квартал башчысы менен кошуналары жашап жаткан жатаканасынан кууп чыгышкан. “Турмушум оор, 3 балам менен эски мончодо күн кечирип келем. Адамдардын адилетсиз мамилесинин курмандыгы болдум” деген каарманыбыз тагдырын төмөндөгүчө баяндады.

“Аракеч күйөөм мага күн көрсөткөн жок”

– Кичи мекеним Токтогул району, учурда 40 жаштамын. Бир тууган агам Киршёлк айылындагы жатаканадан 1 бөлмө сатып алып, “сен үй-бүлөң менен жашай бер” деп берген. Ал кезде 2 балам бар эле, күйөөм аракеч болчу. Ал жатаканага 2007-жылы көчүп келип, жашап калдык. Бирок күйөөм бул жактан деле күн алыс ичип, мага күн көргөзгөн жок. Эки жолу башымды жарып өлтүрүп сала жаздады, ал ичип келген күнү коркуп, үйгө жата албай талаалап калчумун. Терезе, идиш аяктар сынып, үйүбүз такай ызы-чуу болгондуктан кошуналарга жаман көрүнүп да калдык. Бирок күйөөм табышкер эле, балдарын аябай жакшы көрчү. Биз жаңы келгенде бул жатакана каралбай калган сарайдай эле болчу. Мисалы, бизге тийиштүү бөлмөгө эл малын камап коюшчу, ичи толо малдын кыгы, ылай, айтор, жашаганга мүмкүн эмес эле. Бардык акыр-чикирди өзүбүз тазалап, актап-сырдап кирип жашаганбыз. Бул жатакана илгери техникумдун балансында болгон, кийин менчиктештирип баштаганда эл жеке менчикке өткөрүп алды. Агам техникумдун чарба иштерин караган кызматкеринен 1 уйдун акчасына оозеки келишим түзүп эле сатып алган экен. Биз 1 жыл жашагандан кийин эле техникумдун ошол кызматкери келип “документтештирип келишим түзүш керек, үйдү Талгат деген бала алган болчу, силер башкасыңар” деп бизден да акча сурады.

“Болушунча жаманатты кылышты, тынчтык беришкен жок”

– Техникумдун кызматкери ошентип бизди үйдөн чыккыла деп баштаганда эле баягы араң турган кошуналарым, тагыраагы 4-5 аял, күндө техникумдун директоруна, участкалык милицияга менин үстүмдөн даттанып башташты. Ал аялдардын үстүндө квартал башчысы да турат. Квартал башчысы эптеп үйдү бошотуп алуу үчүн кошуналардын баарын мага каршы тукурду. Бизге жашаганга тынчтык берген жок, бир күнү “балдары коридордон чуркайт, бул аял көчөлөп кетип балдарын карабайт” деп социалдык коргоо кызматкерлерине арыз жазышыптыр. Участкалык милициянын кызматкери “эже, сиз азыр эле кошунаңыздын эшигин тепкилеп качып кетиптирсиз” деп чалат. Айыл элине мени жамандап, ушак таратышат. Айтор, мени жек көрүндү кылыш үчүн болгон аракеттерин көрүштү. 3 балам менен күчтүүлөргө кошоматтанып, алсыздарды басынткан чөйрөнүн таландысында калдым. Анткени күйөөмдүн мени коргой албасын, балдарым кичинекей, жашоо-турмушум начар экенин баары билишчү. Кошуналарым деле эмнеге мага андай мамиле кылышканын түшүнөм. “Квартал башчысынын сөзүн сүйлөп, ага кошоматтанып, үйлөрүнүн документтерин эртерээк бүтүргүсү келишти” деп ойлойм. Арызчыл аялдар жадакалса балдарымды мектепте тынч окутпай “баласы акча уурдады” деп жалаа жапканга аракет кылышты. Бирок акчаны башка бала уурдаганы видеобайкоодон көрүнүп, балам аман калды.

“Мен бул айылдан кетпейм, чыдап жашайм дедим”

– Кошуналарымдын, квартал башчысынын каалаганы – мени Киршёлктон биротоло кетирип кутулуу. Бирок мен өчөшүп, кеткен жокмун. Башымдан көп кордук өттү. 2010-жылы сот мага карата үйдү бошотуп койсун деген чечим чыгарган. 2015-жылы сот аткаруучулар келип мени жатаканадан чыгарышты. Ал кезде күйөөм менен ажырашып кеткен элем, ызы-чуусу жок тынч эле жашап жүргөнбүз. Бирок баары бир ашыкча көрүнүп жаттым. Күйөөң болсо “күйөөсү начар, ичкич, аны менен кантип жашап жүрөт?” дешсе, күйөөң жокто ар кимге жабыштырып, ойнош, сойку кылып коюшат экен. Элге эч нерсе жакпайт тура. Ошол үйдө акыркы жылдары баш көтөрбөй жашап калгам, кошуналарым “бул үй сеники эмес” деп басмырлап турушту. Ал жерден көчүп жатканымда үйгө кирип кийимдеримди тепселеп жыргашты. Балдарымдын “тийбегиле апамдын кийимдерине” деп ыйлап жатышканын билем. Өзүм нес болуп эле отуруп калдым. Ал күнү буюмдарыбыз көчөдө калып, балдарым менен каралбай калган бир бош үйдө түнөдүм. Эртеси намысымды жыйыштырып техникумдун жетекчисине кирдим да, “мен кетпейм бул айылдан, менден кутулбайсыңар” деп ыйладым. Ошондо ал киши мени аяды окшойт, “мен элге ишенип сенин 3 балаң менен көчөдө калганыңа өзүмдү күнөөлүү сезип турам, убактылуу баш калкалаганга жай берип турайын” деп техникумдун базасындагы эски, иштетилбей калган мончону берди. Азыр ошол мончодо жашайбыз. Терезелери жок, дайыма сыз тартып турат. Жолдон унаа өтсө баткагы бизге чачырайт. Бирок бул жердеги кошуналарым жакшы, колдон келген жардамын берип турушат. Жөн эле көрө албастык кылып же бир адамга кошоматтангысы келип алсыз адамды чөөлөрдөй талагандарга жеңилбейм деп чечтим. Соттошуп өз үйүмө кайтып барар күнүм алыс эместир.

Материал бир тараптуу болбосун деп аталган айылдагы каарманыбыздын мурунку кошуналары жашаган үйгө барып, квартал башчысы Калбү Акбаевага жолуктук. Ал айым “баары мыйзам чегинде болгон, сот аны бул үйдөн көчүрүү чечимин чыгарган. Ошого ылайык көчүрүлдү” деп билдирди. Каарманыбыздын эски кошуналары да чогула калышып, квартал башчысынын сөзүн колдошту. “Нуркыздын күйөөсү ичип, ызы-чуу салып бул жерде жашагандарга тынчтык берген эмес. Ишенбесеңер бул үйдө жашаган жашоочулардын баарынан сурагыла” дешти бир ооздон. Нуркыз айым учурда жашап жаткан бөлмөдө бир сааттай маектешип отуруп буттарым какшап чыкты. Терезеси жарым-жартылай эптеп тосулуп, ал жерден ышкырып шамал кирип турарын байкадым. Каарман өзү айткандай, адилеттик эртеби-кечки орнойт чыгар. Калганы убакыт жана сотторго таандык. Ага чейинкиси жеңил эмес, аялдын шарты жок эски мончону үй тутуп баш калкалап жатканына, 3 баласынын абалына кейип кайттым.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан