ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Таасирдүү адамдар менен болгон тааныштык мамилеңизден улам кызматтан көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Учурда сиз үчүн таасирдүү тааныштыкты арттыруу убактысы, азыр мамилеңизди бекемдеп алсаңыз кийин көп пайдалуу жумуштарыңызды бүтүрүп аларыңыз анык. Кызыктуу эмес адамдардан өзүңүздү оолак кармаңыз. Чөйрөңүздө көрө албастарды байкасаңыз, дароо аларды ордуна койгонуңуз туура, көбү сабырдуулугуңузду жеңилди деп түшүнүп алат.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Өз алдынча көз карашка ээ болсоңуз, башкалар таңуулаган пикирге оңой эле ооп кетпейсиз. Андыктан дайыма кандай окуя болбосун ачык позицияңызды айтуудан тайбаңыз. Көбүрөөк убактыңызды үй-бүлөңүзгө арнап, курулуш иштери же уста иштетүү менен алектенесиз. Маанайыңыз аба ырайынан көз каранды болот, андыктан олуттуу иш баштаарда алдын ала аба ырайын суук болобу, жылуу болобу карап койсоңуз ашыктык кылбайт.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Апта эгиздер үчүн көптөгөн сюрприздерди тартуулайт, бирок алардын айрымдары көңүлүңүздү чөктүрүшү мүмкүн. Досторуңуз үй-бүлөңүздө гармония жаратуу жөндөмүңүзгө суктанышат. Көрө албастардын суук көзү өтүп кетпеши үчүн азыраак мактанганыңыз туура. Жеке жашооңузда бурулуштар болот, багытты жакшы же жаман жагынабы буруу өз колуңузда. Чечимдерди жүрөгүңүзгө ишенип чыгарыңыз, ал сизди туура жолдон адаштырбайт.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жакындарыңыз биригип сиз кыялданган белекти тартуу кылышат. Буга чейин көп эмгек кетирип баштаган ишиңизди ийгилик коштойт, ал ишиңиз туруктуу киреше алып келе баштайт. Сүйүү мамилесинде сүйүктүүңүз сиз менен чоң сырын бөлүшкөнгө аракет кылат, эгер аны угуп, түшүнө алсаңыз жан дүйнөсүндөгү бардык сырларын сизге төгүп берет. Ортомчулар аркылуу таанышып сүйүү мамилесин курган түгөйлөрдүн союзу бекем болот.


АРСТАН (23.07–23.08)

Кесибиңизде акырындык менен оюңуздагыдай натыйжага жетип баштайсыз, бардык аракеттериңиз толугу менен акталат. Айлык маянаңыз көтөрүлүп, башка кесиптештериңиз да сизге атаандашып жетекчиңизге даттанып барышы мүмкүн. Айрымдар сиздин сабырыңызды сынап, чыр-чатак кылууга түртүшү мүмкүн, андыктан өз деңгээлиңизди сактап эмоцияга алдырбаңыз. Дем алыш күндөрү сүйүктүүңүз менен романтикалык кеч уюштурсаңыз болот.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн саякаттоого, эс алууга арнаңыз. Жаңы эргүү, жаңы ишти баштоо адында турсаңыз эс алуу аябай керек болот. Маанайыңыз аптада бат-бат өзгөрүп турат. Сүйүктүүңүз менен пикир келишпестиктер жаралса бири-бириңиздерден убактылуу алыстаңыздар, өзүңүзгө тереңден ойлонууга убакыт бериңиз. Бардык ийгиликсиздик үчүн аны күнөөлөгөндү токтотуңуз. Аныкы чын эле туура эмес болсо, сиз акылдуураак болуңуз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Эл алдына чыгып сүйлөп, өз пикириңизди коргоо үчүн жакшы убакыт. Ири каржылык чыгымдарды талап кылчу сатып алууларды кийинки аптага жылдырып турганыңыз туура. Үй-бүлөлүк жашоодо дээрлик бардыгы жакшырып, кээ бир курч көйгөйлөр, келишпестиктер чечилет. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүзгө арнап, жакындарыңызды даамдуу тамак жасап кубандырыңыз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Сиз кабыл ала турган чечимден сизди жакшы көргөн адамдардын тагдыры көз каранды болушу мүмкүн. Бизнес маселелерин чечүүдө интуицияңызга көбүрөөк таяныңыз. Жоопкерчиликсиз иштерди жасап, жакындарыңыз жана кесиптештериңиз менен болгон мамилеңизди бузууга алып келе турган сөздөрдү айтпаңыз. Сүйүктүү адамыңыз менен мамиледе пикир келишпестиктер жаралып, бирок абал эс алуу күндөрүнө чейин жөнгө салынат.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Акыркы убактарда көп тынчсызданып жүрсөңүз туура тамактанууга аракет кылыңыз, болбосо тез арада салмак кошуп кайра мурунку калыбыңызга келе албай кыйналасыз. Бүтпөгөн иштерди бүтүрүү убактысы келди, жалкоолукту жеңсеңиз бардык иштериңиз бүтөт. Сүйүктүүңүздүн туруктуулугунан шекшип, телефонун текшергенге аракет кыласыз. Ичиңизде күмөн ойлор болсо, дароо ага айтып, ачык эле сурап алганыңыз туура.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Сиздеги күчтүү туюу сезими кайсы учурда тайманбастык кылып, кайсы учурда эрдик кадам жасаш керектигин билүүгө жардам берет. Андыктан бардык чечимдерди, кеңештерди ички туюмуңуз менен кеңешип кабыл алыңыз. Бирок кандай гана окуя болбосун ал жерде сиз үстөмдүк кыласыз. Карызга, насыяга акча берүүгө шашпаңыз, алгач сиз бере турган каражат кайсы максатка жумшала турганын билишиңиз шарт.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Башкаларга чоң үмүт артпай, бардык маанилүү иштерди өзүңүз жасаңыз. Сиз айткан нерсени эч ким жасабай койсо таарынбаңыз. Көп акча табуу каалооңуз ишке ашат, бирок тапкан акчаны максаттуу пайдаланбасаңыз кийин каякка кеткенин билбей каласыз. Сүйүктүүңүздүн жакын туугандарын сындабаганга аракет кылыңыз, тескерисинче, алар менен тил табышышыңыз керек болот.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Аптада сизди азгырган сунуштар түшөт, бирок ал канчалык жагымдуу болбосун азырынча кабыл албай турганыңыз жакшы. Бардык пландарды башка ылайыктуу учурга жылдырып туруңуз. Бизнестеги өнөктөштөрүңүз менен келишпестик жаралат, ортодогу талаш-тартышты ырбатпайын десеңиз биринчи компромисске барыңыз. Сүйүү мамилесинде азыр сизге ишеним жетишпейт, позитивдүү ой жүгүртсөңүз баары жакшы нукка түшөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан