“Тоок уурдаган тутулат, тоону саткан кутулат”, “Митингчинин сабыры таш алгыча, милийсанын сабыры таш тийгиче”, “Чоңдор эл көзүнчө бычакташат, эл жокто кучакташат, эртеси ушакташат”... Бул заманбап учкул сөздөр белгилүү акын, журналист, конфликтолог Жыргалбек Касаболоттун калемине таандык. Анын талдоолору, сындары жана сунуштары дайыма актуалдуу жана жүйөөлүү. Кызыктуу инсан менен кызыктуу маек курдук.
– Жыргалбек мырза, көптөн бери Фейсбук майданынан көрүнбөй кеттиңиз?
– Ооба, Фейсбук пайда болгондон тарта ал аянтчада ойлорумду кенен жазып келе жаткам. Макала, ыр, сын-пикирлер жазылып, талаш-тартыштар орун алды. Бул жаатта Фейсбук өз миссиясын аткарып бүттү. Негизгиси – айтчу оюмду айттым. Аны коомчулук канчалык деңгээлде угуп же укпай тургандыгын бир көрсөткүчтөн билдим. Чоюн Өмүралиев деген чоң аалымыбыз бар, ошол кишинин китебине баш сөз жазгам. Башка эмгектерим бир тең, ошол жазган баш сөзүм бир тең болчу, мен үчүн. Ошону Фейсбукта 300дөй гана киши окуду. Бир артист көлдүн жээгинде жылаңач сүрөткө түшүп койгон экен, элдин баары ошону талкуулап отурду. Айтчу нерсеңди айткандан кийин андан ары көп аракет кылыштын деле кереги жок окшойт деп калдым. Анын үстүнө Фейсбук өтө майдаланып кетти. Экинчиден, жөндүү сөзүңдү түшүнө тургандар азайып кетти. Өз милдетимди аткарып бүттүм окшойт деп ал жактан чыгып кеттим.
– Жөндүү сөздү түшүнө турган коомду тарбиялоо сиздин, биздин колубузда эмеспи?
– Элди эл кылуунун негизги функциясы мамлекетте. Бизде стратегиялык тармак деп көбүнчө экономиканы эсептешет. Бирок биздин шартта чындап келгенде стратегиялык тармак – бул билим берүү менен маданият. Мен бир социологиялык уюмда иштеп калдым, ошол жакта түзүлгөн анкетада “Мамлекетиңдин башка мамлекетке кошулуп кетишине даярсыңбы?” деген суроо бар экен. Жооптору биз үчүн абдан коркунучтуу. Кошулуп кетүүгө даяр инсандар көп экен бизде. Дагы бир мисал – Кыргызстандагы диний жамааттардын бир тобу сырттан башкарылат, анткени борбору тышта. Демек, биздин жарандардын бир тобу сырттан башкарылып, ошолордун айтканы менен күн кечирип жатышат деген сөз. Ал эми өзүбүз үчүн актуалдуу, ынанымдуу, жагымдуу ээрчий турган адамдарды мамлекет бизге сунуштай элек.
– Учурда дүйнө чоң апааттын оозунда турат. Украина-Орусия, Израиль-Палестина согушунун аягы эмне болуп бүтүшү мүмкүн, сиздин божомолуңузда? Бул окуялардан Кыргызстан кандай сабак алышы керек?
– Израиль-Палестина согушу буга чейин мезгил-мезгили менен болуп келген, болгону азыр курч фазасына өттү. Согуш кантип бүтөрүн азыр эч ким билбейт. Бирок анын үстүндө тургандардын дымагы бир топ экенин Израиль башчысы Нетаньяхунун “биз Жакынкы Чыгыштын картасын өзгөртөбүз” деген сөздөрү айкын көрсөтүп турат. Украинадагы согуш Батыш курал-жарак жагынан канчалык жардам берет деген эле маселеге көз каранды. Анткени Орусиянын аскердик потенциалы өзгөрбөйт, бул белгилүү. Батыш кааласа Украинага чоң көлөмдө курал-жарак берип, бат эле согушту бүтүрүп салса болот. Азыр кашыктап, ченеп берип жатканына караганда бул согуш боюнча анын артында тургандардын планы толук ишке аша турган убакыт келе элек. Батыш курал бербесе согуш көпкө созулат, эки өлкө тең алсырайт. Биз булардан кандай сабак алсак болот? Украиндерден аймактык бүтүндүк үчүн эмнелерге барууга даяр болуу керектигин үйрөнсөк болот, Израилден улуттук кызыкчылыкты кантип коргошту үйрөнсөк болот. Палестиналыктардан алар кантип ушул абалга туш болушканын билсек жакшы болмок. Анткени ошол арабдар жердеген жерде еврейлердин бир кичинекей уурусу эле отурукташып жашашкан, кийин арабдардын жерлерин кертип сатып алып жатышып жерин кеңейтип алышкан. Бизде ошондой коркунуч барбы? Бар. Анын алдын алыш үчүн мамлекет эмитен чара көрүшү зарыл.
– Еврейлер тууралуу сиз кандай пикирдесиз? Коомчулукта аларды жактырбаган катмар калыңдай сезилет...
– Еврейлер өтө байыркы эл. Булар соода капиталын, кантип соодадан пайда табууну биринчи болуп үйрөнүп алгандардын бири. Убагында мамлекеттүүлүгүн жоготуп, бирок улутунун ынтымагын сактап калганы, уникалдуу тажрыйбага ээ болгону менен өзгөчө. Баарын акылдуу, ишкер, табышкер деп айтуу кыйын, бирок 2000 жылдык саясий тажрыйба буларда белгилүү бир улуттук өзгөчөлүктү пайда кылган. Айрым диний аалымдары “биз тандалма элбиз” деп ачык эле айтып жүрүшөт. Бул глобалисттик дымак.
– Кыргызстандын ички-тышкы коопсуздугуна кандай баа бересиз? Акыркы учурларда жаңы аскердик техникалар, тик учактар алынып жатат...
– Алынганын толугу менен колдойм, бирок ачык жарыяланышын такыр колдобойм. Баары жашыруун, сыр түрүндө кармалышы керек. Ал техникалар музейде тургандай турбашы зарыл, зарыл учурда аны колдонуу кажет. Сырткы дүйнөдө аскердик каражаттар жаатында кандай тенденциялар жүрүп жатканын байкап, ошого жараша даярдык көрүш керек деп ойлойм. Мисалы, “Шахед” дрондоруна байланыштуу жагдайда Украинанын тажрыйбасын карап көрөлү. Коргонууда ал дрондорду атып түшүрүүдө өтө кымбат ракеталардын кереги жок, кадимки зениттик пулёмоттор менен атып түшүрсө болот экен. Анткени ал дрондор жай учат жана негизги маршрутун өзгөртпөйт. Бир-эки жолу атып көргөндө эле аскерлер билип калышат, ошондой бөлүктөрдү эмитен даярдап койгонубуз жакшы. Балким, даярдап коюшкандыр.
– Саясат менен мамилеңиз жакшы. Азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясаттагы артыкчылыктар жана кемчиликтер деп эмнелерди айтат элеңиз?
– Саясат – журналистиканын жана мен бир кезде иштеген конфликтологиянын негизги предметтеринин бири. Ошондуктан аргасыз саясатка кызыгасың. Жакшы да, жаман да жагын айтсам болот. “Кумтөрдү” мамлекетке алганыбыз, курал-жарак, техника сатып алып жатканыбыз жакшы. Кемчилиги – криминал менен күрөштү УКМК жүргүзүп калды. Чынында бул ИИМдин функциясына кирет. Коопсуздук органы 3 эле нерсе менен алек болушу зарыл: Чалгын, каршы чалгын жана конституциялык коопсуздук. Калган коррупциялык, экономикалык кылмыш иштери боюнча өзүнчө орган түзсө болот. Бул айткандарым бийликтеги айрым топтордун кызыкчылыгында болбошу мүмкүн, бирок актуалдуу маселе ушундай.
– Жан дүйнөңүз эмнеден ырахат алат, эргүү кандай учурда келет сизге?
– Эргүүнүн табиятын эч ким толук билбейт. Түгөлбай Казаковдун “Эсимде” деген китебинде бул тууралуу абдан сонун жазылган. “Эргүү ичкенде келет деп айтышты, өлө ичтим, келген жок. Шар аккан суунун жээгинде жатсаң келет дешти, 3 күн жатып, суук тийгенден башка эргүү келген жок. Анан жөн эле үйдө жатсам эргүү оргуштап келди” деп айтылат ошол китепте. Анын сыңарындай, эргүүнүн механизмдерин психологдор өздөрү табыша элек. Мен эмнеден ырахат алам? Кызыгып жаткан ишти, кызыгып жаткан маалда кызыгып жасагандан ырахат алам. Мейли, ал интеллектуалдык же башка жумуш болсун.
Лунара Бекиева