ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

Башы өткөн санда)

– Мен,- Шам-эл мукактана түштү.

– Ким сен, тынччылыкпы? Атыңды айтпайсыңбы?- киши чочулагандай сурады.

– Ага, мен Шам-элмин.

– Ок, атаңы... Келдиңби акыры?

– Мен куруюн, ага, мен куруюн,- Шам-элдин үнү калтырап муң аралаш чыкты.

– Ой, кир кел, тышка турбай. Сырттан кетмек белең?- киши карбаластап калды. Шам-элди дарбазадан ичкери киргизип алып алдыга шашкалактап басып жөнөдү.

– Ой, Гүлбарчын, Гүкү?- бар үнү менен кыйкырды.

– Ыя, ботом, эмне болуп кетти? Эмне мынча бакырасың?- аял эшикти ачты.

– Чыныга суу алып чык, бол, ылдамда, сурооңду анан бере бересиң,- деп күпүлдөй сүйлөдү киши. Аял бир заматта чоң чыныга суу көтөрүп чыкты. Күтүүсүз келген коноктун ким экенине кызыгып жатты. Бирок эринин кыялын жакшы билгендиктен, үн дебей барып эшик алдында турган кишинин башынан суу айландырып:

– Кудайым жолуңду ачык кылсын, бөөдө кырсыктан оолак бол. Өмүрүңө береке берсин. Жараткан жалгасын,- деп күбүрөнүп бүтүп, сууну ары алып барып чачты да, чыныны тепкичтин түбүнө көмкөрүп койду. Антип-минткиче Алтынбек Шам-элди үйгө алып кирип кетти.

“Мунусу ким болуп кетти эми? Көзгө жылуу учурайт” аял өз ою менен убара боло үйгө кирди.

– Ай, Гүкү, тамагыңды эртелет,- деген күйөөсү ашканага баш бакты.

– Өзүңчө эле күпүлдөйсүң, мунуң ким эле? Мага деле чоо-жайын айтып койчу, байболгур.

– Ой, бул биздин Шам-эл да.

– Ий, өлүңдү көрөйүн. Ошол шумпайды ушинтип тостуруп жатасыңбы? Мен муну эшиктин алдынан кетирет элем. Дарбазаны аттатпайт элем го,- аял албууттанып кетти.

– Акырын, үнүңдү бас. Андан көрө бизге чай алып бар.

Кенен конок бөлмө, 30дай киши сыя турган бийик стол үстөлдөрү менен. Көздүн жоосун алып жаркыраган туш кагаз, шыпта кымбат асма шам, узун-туурасына кучак жетпеген заманбап сыналгы иштеп жатат. Шам-эл таң кала, бир чети суктанып бөлмөнү айланта карады. “Агамдын жашоо-шарты кыйла жакшырган экен. Үйгө бүт шартты түзүп, хан сарайдай эле жасалгалаган турбайбы” деп ойлонуп койду.

– Күттүрүп койдумбу, бир аз ишим бар эле да,- деп сүйлөнө келип Шам-элдин маңдайына отурду Алтынбек. Артынан чай-нанын көтөрүп аялы кирди. Бир заматта таттуу-тарапасын алып келип, дасторконду жайнатып жиберди. Аялы ашканада сүйлөнгөнү менен, ал маанайын конок бөлмөдө көрсөткөн жок.

– Уул, мен сени тааныган эмес турбаймбы, ден соолугуң жакшыбы? Кандай жүрөсүң?- деп жылмая учурашты.

– Ээ, жеңе, жакшы дейбиз да, сиздерге келгенден уялдым, бирок...- деген Шам-эл башын жерге салды.

– Жаңылбаган адам барбы турмушта, болору болду, сен дагы балалык кылдың,- деп Алтынбек Шам-элди жооткотту. Гүлбарчынды сыртка чыга бер дегенсип күйөөсү көзү менен ымдап койду. Бөлмөдө тынчтык орной түштү. Экөө тең кепти эмнеден баштарын билбей турду.

– Качан чыктың?- деди Алтынбек чайын шорулдата ууртай.

– Кечээ.

– Ээ, Шам-эл, карачы 15 жыл деле заматта өтөт экен. Сени 15 жылга соттошкондо, бейиши болгур, агам менен жеңем 30 жылга картайгандай болушпадыбы. Экөө тең ошол чечимди уккандан кийин оңгон жок. Оору, санаа менен алышып жүрүп дүйнөдөн өтүштү. Агамдын ашын берип, коргонун тургузуп койгонбуз.

– Апам качан?..- көзүнөн жаш тегеренип кетти.

– Жеңемдин көзү өткөнүнө 6-7 ай болуп калды. Сени аябай күттү. Бар күчүн жыйнап, өлүмгө такыр моюн сунгусу келген жок. Бирок тагдыр экен, сенин чыкканыңды көрө албай калды. Бүгүн биздикине түнө, эртең сени ата-энеңдин күмбөзүнө алып барайын.

Шам-эл үн дебей башын ийкегиледи.

– Андан көрө эми эмне кылайын деп жатасың?

– Билбейм, ага, бирок эми курулай корото турган жаштыгым калган жок. Убагында жаман чөйрөгө кирип, жеңил акчанын артынан түшүп жыргаган деле жашоо көргөн жокмун. Өзүмдү бандит сезип, укмуш жашоону элестетип алыптырмын. Ал дүйнөдө деле бизге окшогондорго укмуш жашоо жок экен. Эшиктеги иттерге эле окшоштурам азыр андагы абалымды. Айдактайт, сен болсо үрөсүң, талайсың, тонойсуң, тиштейсиң. Андан кожоюнуң гана пайда табат, сага болсо жөн гана жугунду бергендей, сөөк ыргыткандай эле бир нерсе берип коёт. Эртелеп ошол кир дүйнөдөн өзүмдү сууруп чыга албай койдум. Эркимди өзүм эмес, башкалар башкарып калды. Мен ал дүйнөгө кантип сүңгүп кирип кеткенимди өзүм да түшүнбөй калдым.

– Ошол прокурордун кызын чын эле сен өлтүрүп алдыңбы?

– Баары андай эмес. Мен ак жеримден 15 жылга кесилип кете бердим. “Баарын моюнуңа ал, сени оңой эле чыгарып алабыз, эч нерседен сарсанаа болбо” деп убадалашкан, соттук отурумдар бүткөндөн кийин эле алар мени менен байланышты үзүп коюшту. Ал каргаша болгон жерде мен жок элем. Бизге шеф болуп жүргөн Бүркүт дегендин оң колу Лёха деген орус жигит эле. Бүркүт адатта эч кимге телефон чалчу эмес. Анын өзүнөн телефон чалуу келди дегиче жигиттердин арасында зоболобуз көтөрүлө түшчү. Мага дал өзүнөн чалуу келди. Бир дарекке тезинен барып калышымды айтты. “Шамал, эч токтолбо. Куюндай жетип барып, Лёханы сууруп чыгып кет” деп гана буйрук берди. Мен ал айткан дарекке жетип бардым. Жаман оюмда менин даражам көтөрүлөт экен деп ойлоп өзүмчө дардалаңдап алгам. Кайдагы даража, кирип барсам Лёха канжалаган кызды кучактап отуруптур. Канчалык эрктүүмүн десең дагы канды көргөндө өзүңдү жоготуп коёт экенсиң. Жетип барып Лёханын колунан кызды алып жерге жаткырып, андан соң колунан тапанчасын алып ыргытып жибердим. Лёха ал учурда эч нерсени элес албагандай абалда болчу. Мен аны сүйрөп чыгып унаага салдым. Ал жерден узап кеттик. Манжа изим калып калары тууралуу эч нерсе ойлонбоптурмун, баары ошол катачылыгымдын айынан болду. Окуянын чоо-жайын Лёха Бүркүткө айтып берип жаткан жерде уктум. Көрсө, ал кызды Лёха көптөн бери жактырып жүрүптүр. Артынан чуркап, ар кандай белектерди берип, бир топ аракет кылса да кыз карабай коюптур. Ал кыздын башка жигит менен жүргөнүн көрүп калган Лёха жигитти коркутуп, кызга жолобогудай кылып коёт. Жигити кабарсыз кеткенде ага таарынган кыз Лёханын жөнөткөн белектерин кабыл алып, аны менен жолуга баштайт. Анан...

– Ай, экөөңдүн дымыңар чыкпайт го. Тамак даяр болду, алып кире берейинби?,- деген Гүлбарчын экөөнүн сөзүн бөлдү.

– Ой, сурабай эле алып кире бербейсиңби, ылдамда,- сөздүн кызуусуна келгенде сен дагы кычайсың дегендей жекире карап койду аялын. Аялы алдыларына тамак койду да, кайра чыгып кетти. Күйөөсү сөздүн кызуусуна киргенде ушинтип эч кимди жактырбай каларын билет.

“Хм, бул шумпай буга эмне кызыкты айтып берип жатты болду экен. Биздикинин шилекейи агып муюп калганына караганда” деп өзүнчө сүйлөнө ашканага кирип кетти.

– Анан, улант кебиңди, аның эмне болуп тиги кызды атып салды?,- Алтынбек ушунчалык угууга ынтызар экенин билдиргендей сурады.

– Анан кыз менен романтикалык жолугушуу уюштурам деп ошол батирди ижарага алыптыр. Башында баары жакшы эле болуп келе жаткан экен. Экөө уктоочу бөлмөдө кино көрүп жатышат. Лёха ичимдикке кызып калгандыктан кыздын ой-боюна койбой, өз ишин бүтүрүп коёт.

“Эч коркпо, мен сени таштап кетпейм, жубай кылып алам” дейт Лёха. Кыз ызы-чуу салып, “атам прокурор, сага көргүлүктү көрсөтөм” деп бакырып баштаганда Лёха тапанчасын алып чыгып коркутуп, кыздын үнүн басмай болот. Ошол жерде кокустук болуп, кызды атып алыптыр...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан